Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 486 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы № 286 токтомуна) Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-июнундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын жөнгө салуу жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары - Убактылуу жобо) Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамдарын бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды мыйзамдаштыруу тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынан ыктыярдуу контролдонуучу чыгуу шарттарын белгилейт. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-июнундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык) 2. Ушул Убактылуу жобо төмөнкү чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга колдонулбайт: 1) жол жүрүү документи жокторго; 2) качкын статусун алгандарга, качкын статусун берүүнү өтүнгөн, ошондой эле башпаанек издеген адамдарга; 3) Кыргыз Республикасында аларга карата кылмыш иши козголгондорго, иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин; 4) аларга карата мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими, анын ичинде чыгаруу жөнүндө чечим болгондорго; 5) Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана Кыргыз Республикасында жашаган башка адамдардын саламаттыгын сактоого, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого коркунуч келтиргендерге; 6) Кыргыз Республикасынын коопсуздугуна коркунуч келтирген ишти жүргүзгөндөргө; 7) укук коргоо органдарынын линиясы боюнча тоскоолдук жараткан материалдар болгон учурда; 8) “Тышкы миграция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда. 3. Миграция, калкты каттоо, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чөйрөсүндөгү, тышкы саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ички иштер органдары жана улуттук коопсуздук органдары ушул Убактылуу жобону ишке ашыруу үчүн жооптуу болуп саналат. 4. Ыктыярдуу мыйзамдаштыруу деп миграциялык мыйзамдарды бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн жана өзүнүн өлкөдө жүрүүсүн жөнгө салууну же өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын кайрылуусу түшүнүлөт. 41. Миграциялык мыйзамдарды бузуу менен Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга ушул Убактылуу жобонун 3-главасында каралган шарттарды сактоодо өз каалоосу менен өлкөдөн чыгып кетүүгө мүмкүндүк берүүчү жол-жобо ыктыярдуу контролдонуучу чыгуу деп түшүнүлөт. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-июнундагы № 340 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктук абалын ыктыярдуу мыйзамдаштыруу тартиби жана шарттары
5. Өзүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштыруу максатында ыйгарым укуктуу органдарга ыктыярдуу түрдө кайрылган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам Кыргыз Республикасында жүрүүнүн белгиленген тартибин, эмгек ишин жүзөгө ашыруунун же транзит менен өтүүнүн эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулат. Аталган адамдар Кыргыз Республикасында жүрүүгө укук берүүчү документтерди мурда пайдаланылган негиздерге карабастан тариздөөгө укуктуу. 6. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүнү мыйзамдаштыруу төмөндө көрсөтүлгөн мыйзамдуу жүрүүгө укук берген уруксат берүүчү документтердин бирин алуу аркылуу жүзөгө ашырылат: 1) барган жери боюнча каттоо; 2) виза; 3) жашап турууга уруксат; 4) бирдиктүү уруксат. 7. Чет өлкөлүк жарандын же жарандыгы жок адамдын Кыргыз Республикасында жүрүүсүнө укук берүүчү документтерди (виза, каттоо, жашап турууга уруксат ж.б.) тариздөө тартиби мындай тартипти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлөт. 8. 2025-жылдын 10-июнуна чейин берилген арыздар ушул Убактылуу жободо белгиленген тартипте каралууга тийиш. Арыз жүрүүнү мыйзамдаштыруу үчүн бардык зарыл болгон документтер берилген учурдан тартып кароо үчүн кабыл алынды деп эсептелет. 9. Чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды ыктыярдуу мыйзамдаштыруу ички иштер органдарынын катынын негизинде жүргүзүлөт. 10. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырууну каалаган чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кайрылат. 11. Тышкы миграция жаатындагы ыйгарым укуктуу орган ага чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам кайрылган учурда кайрылууну каттайт, жүрүүнүн негиздерин аныктайт жана мыйзамда белгиленген тартипке ылайык аны мыйзамдаштыруу жол-жобосун жүргүзөт. Эгерде мыйзамдаштыруу жол-жобосу мамлекеттик органдын компетенциясына кирбесе, бул жөнүндө чет өлкөлүк жаранга же жарандыгы жок адамга маалымдайт жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органга жиберет. 12. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштыруу үчүн чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам төмөнкү документтерди тапшырууга тийиш: 1) жол жүрүү документин; 2) жүрүүгө укук берген уруксат берүүчү документти (болгон учурда); 3) ички иштер органдарынын мыйзамдаштыруу үчүн тоскоолдук жараткан материалдардын жоктугу жөнүндө катын; 4) Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүүгө укук берүүчү документтерди тариздөө тартибин жөнгө салган ченемдик укуктук актыларда каралган документтерди.
|