Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жөнүндө жобо

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) аткаруу бийлигинин төмөнкүдөй мамлекеттик органы болуп саналган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ишин регламенттейт:

1) санариптештирүү, электрондук башкаруу жаатында, электрондук кол тамганы пайдалануу, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системасы, санариптик технологиялардын, электр жана почта байланышынын, анын ичинде радио жана телеберүүлөрдүн (мындан ары - байланыш) бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, архив иши, киберкоопсуздук (Министрликтин компетенциясынын чегинде), спутник технологиялары, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана жүзөгө ашыруучу;

2) (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3) Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоо процессинде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жактардын ишин тармактар аралык жана ведомстволор аралык координациялоону ишке ашыруучу.

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748, 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Министрлик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

3. Министрлик өзүнүн ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар, ишканалар, мекемелер менен өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт.

4. Министрлик эл аралык келишимдерден келип чыгуучу милдеттенмелерди ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын почта администрациясы, Кыргыз Республикасынын байланыш администрациясы катары чыгат.

5. Министрлик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык болгон акциялар (үлүш) бар чарбалык коомдордо акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырат.

6. Министрлик өзүнүн функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча "Өкмөттүк булут - G-Cloud" мамлекеттик платформасынын, ошондой эле башка санариптик технологиялык системалардын жана реестрлердин ээси болуп саналат.

7. Министрлик юридикалык жактын статусуна ээ, мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү бланктары, ошондой эле Казыналык системасында эсептери бар.

8. Министрликтин толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги";

- расмий тилде: "Министерство цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики".

Кыскартылган аталышы:

- мамлекеттик тилде: "СӨИТМ";

- расмий тилде: "МЦРИТ".

9. Министрликтин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көч., 119.

2-глава. Министрликтин максаты

10. Министрликтин ишинин максаты болуп жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө натыйжалуу мамлекеттик саясатты, санариптик инновацияларды колдонуу менен туруктуу өнүктүрүүнү, туруктуулукту, жеткиликтүүлүктү жана киберкоопсуздукту (Министрликтин компетенциясынын чегинде), ошондой эле санариптик чөйрөдө мамлекеттик башкаруунун максаттарына жетүү үчүн укуктук мамилелердин бардык субъекттеринин ишинде интеграциялоону жана шайкештикти калыптандыруу жана жүргүзүү саналат.

3-глава. Министрликтин милдеттери

11. Министрликтин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдү өнүктүрүү жана натыйжалуу иштеши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аларга санариптик инновацияларды киргизүү;

2) мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоону, чечимдерди кабыл алууда санариптик маалыматтарды, санариптик мамлекеттик сервистерди, технологиялык системаларды колдонуу үчүн жеткиликтүүлүктү, алардын колдонуучулардын (жарандардын жана бизнестин) кызыкчылыгында ишенимдүүлүгүн, санариптик туруктуулугун камсыздоо;

3) телекоммуникациялардын атаандаштыгын, туруктуу өнүгүүсүн, телекоммуникациялык түйүндөрдүн өз ара аракеттенүүсүн, туруктуу өнүгүүсүн, байланыштуулугун, шайкештигин камсыздоо;

4) санариптик туруктуулукту, киберкоопсуздукту жана Министрликтин компетенциясына кирген мамлекеттик санариптик ресурстарды, технологиялык системаларды жана түйүндөрдү коргоону камсыздоо;

5) жөнгө салынуучу чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана контролдоо;

6) мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу маселелери боюнча санариптик чөйрөнүн субъекттеринин, анын ичинде санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин ишин ведомстволор аралык жана тармактар аралык координациялоо;

7) электрондук башкаруу, электрондук кол тамга, байланыш, киберкоопсуздук, архив иши чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Министрликке жүктөлгөн башка милдеттерди ишке ашыруу.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 801 токтомунун редакциясына ылайык)