3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматтын (мындан ары - Кызмат) ишин регламенттейт, ал Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) байланыш боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларын жана ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруучу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
Кызмат Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматынын укук улантуучусу болуп саналат.
2. Кызмат өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кызмат өзүнүн мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталышы бар юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, эмблемасы, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын казыналык системасында алыш-бериш эсептери бар.
4. Кызматтын кызматкерлери мамлекеттик жарандык кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерден тышкары, мамлекеттик жарандык кызматчылар болуп саналат.
5. Кызматтын ишин Министрлик контролдойт.
6. Кызматтын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызмат";
- расмий тилде: "Служба по регулированию и надзору в отрасли связи при Министерстве цифрового развития и инновационных технологий Кыргызской Республики".
Кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "БТЖКК";
- расмий тилде: "СРНОС".
7. Кызматтын юридикалык дареги: 720005, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү, 119.
2-глава. Кызматтын максаты
8. Кызматтын максаты маалыматтарды берүүнүн заманбап жогорку технологиялык жана атаандаштыкка жөндөмдүү улуттук тармагын түзүү жана улуттук тармакты жалпы дүйнөлүк маалыматтык мейкиндикке интеграциялоо болуп саналат.
3-глава. Кызматтын милдеттери
9. Кызматтын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) атаандаштыкты өнүктүрүүнүн негизинде электр жана почта байланышы кызматтарын көрсөтүүнү камсыз кылуу;
2) радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдаланууну натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу;
3) байланыш тармактарын жана системаларын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
4) жарандардын жана башка керектөөчүлөрдүн байланыш жаатындагы мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо.
5) Кыргыз Республикасынын аймагында спутник технологияларын өнүктүрүү жана пайдалануу үчүн шарттарды түзүү.
4-глава. Кызматтын функциялары
10. Кызмат төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) тармактык саясатты ишке ашыруу функциясы:
- электр байланыш операторлорунун жалпы пайдалануудагы тармактарын жана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануунун шарттарына жана көлөмүнө байкоо жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагындагы радио контролдоонун техникалык каражаттарынын өз ара байланышкан системасы болуп саналган жана жыштыктардын каналдарын жана тилкелерин пайдаланууга жалпы ченөөлөрдү, берилүүчү радио сигналдардын техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүн текшерүүлөрдү жүргүзүүгө, санкцияланбаган радио берүүчүлөрдү жана жогорку жыштыктагы электр магниттик нурлануу булактарын, радио тоскоолдуктарды аныктоого жана таанууга, радио жыштык спектрин натыйжалуу пайдалануунун башка маселелерин чечүүгө мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик радиоконтролдоо системасын түзөт, өнүктүрөт жана эксплуатациялайт;
- Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктарды бөлүштүрүүнүн улуттук таблицасына ылайык номиналдарды, радио жыштык тилкелерин бөлүп берет/ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын Радио жыштыктар боюнча мамлекеттик комиссиясынын Кызматтын компетенциясына кирген чечимдерин ишке ашырат жана аткарылышын контролдойт;
- Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарына ылайык пайдалануучуларга мурда бөлүп берилген каналдарды, номиналдарды, радио жыштык тилкелерин өзгөртөт, модификациялайт, кайра бөлүштүрөт;
- радио тоскоолдуктарды же санкцияланбаган сигналдарды аныктайт жана четтетет, пайдалануучуларга кандай болбосун радио тоскоолдуктарды азайтуу жана блоктоо боюнча талаптарды коёт;
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасы жаатындагы мыйзамдарына ылайык лицензиялоону жүзөгө ашырат жана берилген лицензиялардын жана уруксаттардын тиешелүү реестрлерин жүргүзөт;
- радио электрондук каражаттарга жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөргө жыштык ыйгарууларды эл аралык укуктук коргоону жүзөгө ашырат;
- радио электрондук каражаттарды жана/же жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү импорттоого жана экспорттоого эксперттик корутундуларды берет;
- Кыргыз Республикасынын жыштык ыйгарууларынын маалымат базасын түзөт жана жүргүзөт;
- байланыш жабдууларына жана техникалык каражаттарына шайкештик сертификаттарынын реестрин түзөт жана жүргүзөт;
- номерлөө ресурсун эсепке алуу боюнча иштерди уюштурат, аны пайдалануу боюнча базаны түзөт жана жүргүзөт;
- керектөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын жана топторунун ортосунда кайчылаш субсидиялоого жол бербөө маселеси боюнча талдоо жүргүзөт жана байланыш тармагында аны токтотуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- электр жана почта байланышынын бардык операторлорунун, электр байланыш кызматтарынын жана почта байланышы ишканаларынын ортосундагы эркин атаандаштыкты колдойт;
- Кыргыз Республикасынын байланыш рыногуна экономикалык талдоо жана болжолдоо жүргүзөт;
- Министрликке спутник технологияларын жана байланыш кызмат көрсөтүүлөр рыногун өнүктүрүү боюнча сунуштарды киргизет
- Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык почта байланышы ишканаларынын ишине текшерүү жүргүзөт;
2) координациялоо жана контролдоо функциясы:
- байланыш жабдууларын жана техникалык каражаттарын өндүрүүдө, эксплуатациялоодо шайкештикти ырастоо боюнча мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылат;
- радио жыштык нурланууну берген же электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган радио электрондук каражаттарды жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдү, техникалык каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүнү регламенттөөчү мыйзамдардын талаптарын аткарууну камсыз кылат;
- радио каражаттары орнотулган жерлерде радио электрондук каражаттардын жана жогорку жыштыктагы түзүлүштөрдүн техникалык параметрлерин контролдойт;
- салыктык эмес кирешелердин төлөнүшүн, аныкталган бузуулардын жоюлушун контролдойт жана эсепке алууну жүргүзөт, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча төлөөчүлөрдү текшерүү жүргүзөт;
- байланыш жаатындагы мыйзамдардын сакталышына лицензиялык контроль жүргүзөт;
- улуттук коопсуздуктун, коргоонун, укуктук тартиптин кызыкчылыгында жана өзгөчө кырдаалдарда электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланыш кызматтарына жүктөлгөн милдеттердин аткарылышын камсыз кылат;
3) колдоо функциясы:
- байланыш жана маалыматташтыруу, электрондук башкаруу жана спутник технологияларын өнүктүрүү чөйрөсүндө кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну уюштурат;
- кирешелер, чыгашалар сметаларын иштеп чыгат жана бекитет, республикалык бюджетти каржылоо бөлүгүндө аткарууну уюштурат;
- Кызматтын карамагына таандык болгон мамлекеттик мүлктү оперативдүү башкарат, анын сакталышын жана натыйжалуу пайдаланылышын контролдойт;
- байланыш объекттеринин иштөөсү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенет;
- ички контролдоо системасынын натыйжалуулугун жана финансылык-чарбалык иштин натыйжалуулугун баалайт, баалоонун жыйынтыгы боюнча Кызматтын компетенциясынын чегинде сунуштамаларды иштеп чыгат;
- электр жана почта байланышы жаатындагы стандартташтыруу боюнча, ошондой эле радио жыштык нурланууну берген же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундарынын булагы болуп саналган техникалык каражаттар үчүн техникалык регламенттерди жана документтерди иштеп чыгууга жана экспертиза жүргүзүүгө катышат;
- спутник технологияларын өнүктүрүү, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жыштык спектрин жана номерлөө ресурсун пайдалануу жаатында жөнгө салуу маселелери боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышат жана Министрликтин кароосуна киргизет;
- спутник технологияларын өнүктүрүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу боюнча эл аралык программаларга, форумдарга катышат;
- спутник технологияларынын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын, ведомстволордун, илимий мекемелердин жана башка укуктук мамилелердин субъекттеринин ортосунда өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат;
- спутник технологияларын өнүктүрүү жана пайдалануу жаатында адистерди даярдоо боюнча программаларга колдоо көрсөтөт;
4) мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү функциясы:
- улуттук номерлөө ресурсун бөлүп берүүнү жүзөгө ашырат;
- байланыш жабдууларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө, ошондой эле радио жыштык нурланууну берген же жогорку жыштыктагы электр магниттик толкундардын булагы болуп саналган башка техникалык каражаттарга шайкештик сертификаттарын берет;
- бөлүп берүү үчүн жеткиликтүү болгон радио жыштыктарды тандоо боюнча маалыматтарды берет.
11. Кызмат Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кызматтын компетенциясына кирген башка функцияларды жүзөгө ашырат.