Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

2-тиркеме

 

(Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2025-жылдын 29-майындагы № 290

токтому менен бекитилди)

 

Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартиби жөнүндө ЖОБО

 

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 45 токтомунун редакциясына ылайык)

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Бул Жобо жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсацияларды дайындоо тартибин карайт.

2. Бул Жобонун колдонулушу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дайындалуучу жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды берүү маселелери боюнча КМШнын мүчө мамлекеттеринин мамлекеттер аралык макулдашууларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары - КМШ) мүчө мамлекеттердин жарандарына карата жайылтылат.

 

2-глава. Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсация алуу укугу

 

3. Жеңилдиктердин ордуна ар айлык акчалай компенсация (мындан ары - ар айлык компенсация) алуу укугуна Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 132 "Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Жарлыгы менен белгиленген өлчөмдөрдө жарандардын айрым категориялары ээ.

4. Ар айлык компенсация алуучулардын ар бир категориясы үчүн компенсация алуучунун жашаган жерине (шаар - айыл) карабастан ар айлык компенсациянын бирдиктүү бекитилген өлчөмү белгиленет.

5. Карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелерде (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу) жашаган ар айлык компенсация алуу укугуна ээ болгон адамдарга ар айлык компенсация толук көлөмдө төлөнөт.

6. Бир нече негиз боюнча ар айлык компенсация алуу укугуна ээ болгон адамдарга ар айлык компенсация алуу үчүн негиздердин бирин гана тандоо укугу берилет.

7. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардан тышкары, көрүүсү боюнча III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, 18 жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (көрүүсү, угуусу боюнча) балдардын ар айлык компенсация алууга укугу жок.

8. Эгерде ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн категориядагы жарандар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде каттоодо турса, анда алардын ар айлык компенсация алуу укугу төмөнкүлөр үчүн сакталат:

1) көрүүсү боюнча III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - майыптыктын мөөнөтү аяктаганга чейин;

2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (көрүүсү, угуусу боюнча) балдар - 18 жашка толгонго чейин.

 

3-глава. Ар айлык компенсацияны дайындоо үчүн зарыл болгон документтер

 

9. Ар айлык компенсацияны дайындоого арыз жашаган/турган жерине карабастан арыз ээсинин кайрылган жери боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча аймактык бөлүмгө берилет. Мында арыз ээсинин идентификациялык жеке номери болушу керек.

Ар айлык компенсация дайындоого арыз Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө берилиши мүмкүн.

10. Ар айлык компенсация дайындоо жөнүндө арыз ушул Жобонун тиркемесинде каралган маалыматтар болгон жана документтер/маалымкаттар берилген шартта каралат.

Мында мамлекеттик органдардан ар айлык компенсация дайындалууга тийиш болгон арыз ээси жөнүндө маалыматтарды суроо "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик органдардын маалымат системаларында арыз ээсинин ар айлык компенсация алуу укугуна статусун ырастоочу электрондук маалыматтар жок болгон учурда, аймактык бөлүм арыз ээсине ушул Жобонун тиркемесинде каралган тизмекке ылайык документтерди/маалымкаттарды кагаз жүзүндө берүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.

11. Документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү тартипте түп нускалар менен салыштырылат жана аларды идентификациялоо (түп нускаларга ылайык келиши) фактысын ырастоо менен аймактык бөлүмдүн адиси тарабынан виза коюлат, аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

12. Ар айлык компенсацияны дайындоого арызды каттоо аймактык бөлүмдөрдө алуучунун статусун ырастаган, колдонуу мөөнөтү жарактуу документтердин толук топтому болгондо гана жүргүзүлөт.

13. Ар айлык компенсация дайындалууга тийиш болгон адам жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз болгон учурда, ар айлык компенсацияны дайындоо жөнүндө арыз анын ата-энесинин (асырап алуучулардын, камкорчулардын/көзөмөлчүлөрдүн) бири тарабынан берилет.

14. Эгерде арыз ээси же анын үй-бүлө мүчөсү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам (мындан ары - ДМЧА) болсо, анда ар айлык компенсацияны дайындоо үчүн арыз ээсинин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн майыптыгы, майыптыгынын мөөнөтү жөнүндө ырастоочу документтер аймактык бөлүм тарабынан Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) маалыматтар базасы аркылуу Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасы жардамы менен суралат. МСЭКтин базасынан алынган майыптыгы жөнүндө маалыматтар басып чыгарылат жана өздүк делого салынат. МСЭКтин базасында ДМЧА жөнүндө маалыматтар жок болгон учурда МСЭКтин кагаз жүзүндө маалымкаты талап кылынат, ал өздүк делого салынат.

15. Ар айлык компенсация алуучулар документтерди жаңылоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында, төмөнкү документтердин колдонуу мөөнөттөрү аяктаганга чейин кайрылууга тийиш:

1) майыптыгын кайра күбөлөндүрүү жөнүндө;

2) паспорт;

3) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюуга катышуучунун 18 жашка чейинки баласына берилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин райондук деңгээлдеги регистринин маалымкаты (жыл сайын жаңылануучу);

4) жашап турууга уруксат.

16. Аймактык бөлүмдөр берилген документтердин колдонуу мөөнөтүн туруктуу негизде текшерип турат. Ушул Жобонун 15-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин биринин колдонуу мөөнөтү аяктаганда дайындалган ар айлык компенсацияны төлөө төмөнкүдөй мөөнөткө токтотулуп турат:

1) үч айга чейин - МСЭКте майыптыгын кайра күбөлөндүрүү үчүн;

2) үч айга чейин - паспортту жаңылоо үчүн;

3) эки айга чейин - 18 жашка чейинки балдарга берилүүчү Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык регистрдин райондук деңгээлдеги регистринин маалымкатын жаңылоо үчүн;

4) бир айга чейин - жашап турууга уруксаттын колдонуу мөөнөтүн узартуу үчүн.

17. Документтерди жаңыртуу жөнүндө маалыматтарды/маалымкаттарды ар айлык компенсация төлөөнү кайра улантуу алуучу жаңыланган документти алган айдан кийинки айдын биринчи күнүнөн тартып жүргүзүлөт.

Алуучунун күнөөсү боюнча өтүп кеткен айлар үчүн ар айлык компенсация төлөнбөйт.

Эгерде алуучу себептердин объективдүүлүгү (ооруп калуу, аракетке жөндөмсүздүк, ишенимдүү адамдардын жоктугу) жөнүндө ырастоочу документтерди берсе, ар айлык компенсация төлөө ал токтото турулган күндөн тартып кайра улантылат.