Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН IX СЕССИЯСЫ (VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 18-июну № 50
Республикалык бюджеттен бюджеттик кредит алууга макулдук берүү
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаарына республикалык бюджеттен 6 жылдык мөөнөткө бюджеттик кредит алууга макулдук берүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 17-июнундагы №14 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаарынын социалдык, коммуналдык жана жол инфраструктурасын жакшыртууга республикалык бюджеттен 6 жылдык мөөнөткө 1 000 000 000 (бир миллиард) сом өлчөмүндө бюджеттик кредит алууга макулдук берилсин.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Т. Баетов |