Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 10-июну № 328
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 101, 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 324 , 2026-жылдын 11-июнундагы № 413 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 11-февралындагы № 42 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ишинин айрым маселелери жөнүндө", 2025-жылдын 10-апрелиндеги № 126 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик жөнүндө" жарлыктарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасынын уставы 3-тиркемеге ылайык.
3. Ысык-Көл облусу, Бактуу-Долоноту айылы, Кыргыз көчөсү, 2а дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору" мамлекеттик мекемеси тийиштүү штаты, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттары менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына өткөрүп берилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган штаттык санынын жана каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги белгиленген тартипте:
1) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 251 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 100 "Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;