Сравнение редакций…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 токтомуна) |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана токой жана суу фонддорунун жерлерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, запастагы жерлерди, чек арага жанаша жаткан зоналарды, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана жайыттарды кошпогондо, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун акы төлөө менен ээликтен ажыратуу тартибин аныктайт.
2. Жер участокторуна менчик укугун берүү аукцион формасында өткөрүлгөн тооруктун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат. Аукцион кагаз форматында же электрондук соода аянтчаларында өткөрүлөт.
3. Сатып алуу-сатуу келишимин же сатып алуучунун/пайдалануучунун жер участогун өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерин камтыган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө келишимди түзүү укугу аукциондун предмети болуп саналат.
4. Бул Тартипте терминдер жана аныктамалар төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
1) аукцион - тооруктун формасы, мында сатып алуу-сатуу келишими же сатып алуучунун/пайдалануучунун милдеттенмелерин камтыган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө келишим лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жана аукциондун шарттарында аныкталган милдеттенмелерди кабыл алган аукциондун жеңүүчүсү менен түзүлөт;
2) баланс кармоочу – мамлекеттик жер участогу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануусунда турган жер пайдалануучу же үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участокторун тескеген жергиликтүү мамлекеттик администрация;
3) кепилдик төгүмү - жер участогуна менчик укугун алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
4) комиссия - аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссия;
5) лот - аукционго коюлуучу түзүлгөн жер участогу;
6) улуттук инвестициялык долбоор - өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон инвестициялык долбоор, ал төмөнкү багыттарды камтыйт:
- экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, айыл чарба, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
- улуттук инвестициялык долбоорго инвестордун өзүнүн салымы долбоордун жалпы наркынын 10 пайызынан кем болбоого тийиш;
7) мамлекеттик маанидеги долбоор - бул толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен каржылануучу, мамлекеттик башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга багытталган долбоор;
8) тоорукту уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, мамлекеттик менчикте турган жер участокторуна менчик укугун берүү боюнча тоорукту уюштуруу жана өткөрүү үчүн жооптуу мамлекеттик орган;
9) баштапкы нарк - аукциондо баштапкы катары белгиленген лоттун баасы;
10) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - улуттук инвестициялык долбоорду же мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик орган;
11) аукциондун кадамы - тооруктун жүрүшүндө баштапкы наркы жогорулатылуучу үстөк жана аукционист жарыялаган (аукционду кагаз форматында өткөрүүдө) же электрондук соода аянтчасы (аукционду электрондук форматта өткөрүүдө) тарабынан түзүлүүчү ар бир кийинки нарк.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Лотторду түзүү жана аукционго даярдоо
5. Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу боюнча аукционду өткөрүүнүн демилгечиси болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Жер участокторунун баланс кармоочусу жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукционго коюу үчүн лотторду түзүүнү жүзөгө ашырат жана жер участокторунун рыноктук наркын көз карандысыз баалоону жүргүзүүнү камсыз кылат.
7. Лот төмөнкү документтер болгондо түзүлдү деп эсептелет:
1) жер участогуна укук белгилөөчү документ;
2) жер участогунун планы;
3) эгерде улуттук инвестициялык долбоорду же мамлекеттик маанидеги долбоорду ишке ашыруу тооруктун предметине карата инвестор тарабынан милдеттенмелердин аткарылышын болжолдосо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан макулдашылган жер участогун өздөштүрүү боюнча шарттардын тизмеги, анын ичинде курулуштук ниеттерди ишке ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү, жер участогунун максаттуу багыты, жер участогун сатып алуучуга талаптар, зарыл учурда жер участогун кайра сатуу жана аны үчүнчү жактардын укуктары менен оорчулуктары боюнча чектөөлөр;
4) жер участогуна үчүнчү жактардын оорчулуктарынын жана чектөөлөрүнүн жоктугу жөнүндө маалымкат (сервитуттар аркылуу бекитилген укуктардан тышкары);
5) "Баалоо иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык көз карандысыз баалоочу же баалоочу уюм тарабынан даярдалган жер участогунун рыноктук наркын баалоо жөнүндө отчет. Жер участогунун рыноктук наркын баалоо жөнүндө отчет баланс кармоочу тарабынан берилет;
6) жер участогунун рыноктук наркын баалоонун аныктыгы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын корутундусу менен ырасталууга тийиш.
8. Лотторду түзүү боюнча чыгымдарды жер участокторунун баланс кармоочусу жана/же ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тартат.
9. Айрым улуттук инвестициялык долбоорго же ишке ашырылуусу мамлекеттин менчигинде турган жер участокторуна менчик укугун инвесторлорго акы төлөө менен берүүнү караган мамлекеттик маанидеги долбоорго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) ээликтен ажыратылууга тийиш болгон жер участокторунун тизмегин;
2) тооруктарды уюштуруучуну;
3) аукционду өткөрүүнүн форматын жана аукциондун шарттары бар электрондук форматы тандалган учурда электрондук соода аянтчасын;
4) комиссиянын курамын.
10. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин долбоору ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же баланс кармоочу тарабынан демилгеленет.
11. Тооруктарды уюштуруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте келишимдик негизде төмөнкүлөрдү сатып алууга укуктуу:
1) электрондук соода аянттарынын ээлери жана операторлору болуп саналган жеке уюмдардын кызмат көрсөтүүлөрүн;
2) жеке менчик уюмдардын же аукциондорду өткөрүүгө адистешкен жеке аукциончу-жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн.
Комиссиянын курамына баланс кармоочунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, тоорукту уюштуруучунун, шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдын, ички иштер органдарынын, жергиликтүү бийлик органдарынын, электрондук соода аянтчасынын операторунун, ошондой эле башка кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.
Комиссиянын курамы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилет. Комиссиянын жеке курамы тоорукту уюштуруучу тарабынан бекитилет. Комиссиянын төрагасы болуп ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлү, төраганын орун басары - баланс кармоочунун жана тоорукту уюштуруучунун өкүлдөрү эсептелет. Комиссия тоорукту уюштуруучунун өкүлдөрүнүн ичинен комиссиянын катчысын дайындайт.
Комиссиянын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну тоорукту уюштуруучу жүзөгө ашырат.
12. Комиссия төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) аукционго киргизүү үчүн лоттордун түзүлгөндүгүн текшерүү;
2) лоттун баштапкы наркын жарыялоо;
3) аукционго катышууга арыздарды кабыл алуу датасын, ордун, башталуу жана аяктоо убактысын аныктоо;
4) аукционду өткөрүү датасын, убактысын жана ордун аныктоо;
5) аукционго катышуу үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмегин аныктоо;
6) форма боюнча аукционго катышууга өтүнмөнүн формасын бекитүү (ушул Тартиптин 3-тиркемеси);
7) аукционго катышууга талапкерлердин кепилдик төгүмүн төлөө шарттарын жана мөөнөттөрүн аныктоо;
8) ар бир лот боюнча маалыматтык билдирүүнүн текстин бекитүү;
9) аукцион кагаз форматында өткөрүлгөн учурда:
- аукционго катышууга талапкерлерден өтүнмөлөрдү жана аларга тиркелген документтерди кабыл алуу жана каттоо;
- талапкерди аукционго киргизүү же аукционго киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
- аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколду бекитүү;
10) аукционду өткөрүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу;
11) аукционду өткөрүү датасын жана убактысын жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алуу;
12) лотту кайталап тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
121) аукциондун жыйынтыгы боюнча түзүлгөн келишимди бузуу, ошондой эле ушул Тартиптин 54-пунктунда каралган учурда келишимде жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган тартипте анын шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алуу;
13) талапкерлерден жана аукциондун катышуучуларынан түшкөн даттанууларды административдик тартипте сотко чейин кароону жүзөгө ашыруу;
14) аукционду коомчулукка жарыялоону уюштуруу, аукциондордун ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу;
15) аукционду өткөрүүнүн жана жер участокторуна укуктарды берүүнүн ушул Тартипте, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жөнгө салынбаган уюштуруучулук жана техникалык маселелерин чечүү.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын жыйналыштарын лоттор боюнча зарыл болгон документтерди жана материалдарды даярдоону жана камсыз кылууну баланс кармоочу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
14. Комиссиянын чечимдери комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын кеминде үчтөн экисинен кем эмес кворум болгондо жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат. Комиссиянын протоколуна комиссиянын төрагасы жана комиссиянын жыйналышына катышкан комиссиянын мүчөлөрү кол коёт.
3. Аукционду өткөрүү жөнүндө жалпы жоболор
15. Аукциондун катышуучулары болуп жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жактар саналат.
16. Лоттун баштапкы наркы көз карандысыз баалоочу (баалоо уюму) тарабынан аныкталган жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген жер участогунун рыноктук наркынан төмөн болбошу керек.
17. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) лоттун жалпы маалыматтары жана мүнөздөмөсү;
2) жер участогу жөнүндө маалымат менен таанышуу жана аны кароо тартиби;
3) жер участогун өздөштүрүү боюнча шарттардын тизмеги, анын ичинде курулуш ниеттерин жүзөгө ашыруунун шарттары жана мөөнөттөрү, жер участогунун максаттуу багыты жана башка милдеттенмелер;
4) чет өлкөлүк жактардын аукционго катышуу өзгөчөлүктөрү;
5) аукционго катышууга өтүнмөлөрдү кабыл алуунун орду, башталуу жана аяктоо датасы;
6) аукционду өткөрүү орду, датасы жана убактысы;
7) баштапкы баанын, кепилдик төгүмдүн жана аукциондун кадамынын өлчөмдөрү;
8) аукционго катышууга киргизүү үчүн талапкерлер тарабынан берилүүчү документтердин тизмеги;
9) кепилдик төгүмдү кайтаруу тартиби жана шарттары.
Берилген документтер Комиссия тарабынан келип түшкөн күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде каралат.
18. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү тоорукту уюштуруучунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана баланс кармоочунун (бар болгондо) расмий интернет-сайтында, жалпыга маалымдоо каражаттарында аны өткөрүү датасына чейин беш күндөн кечиктирбестен жайгаштырылат.
19. Аукцион электрондук соода аянтчасынын регламенти менен белгиленген тартипте, аукционду өткөрүүнүн электрондук форматында же болбосо аукционду өткөрүүнүн кагаз форматында - ушул Тартиптин 4-бөлүмүндө каралган тартипке ылайык өткөрүлөт.
20. Аукционго катышуу үчүн талапкерлер төмөнкүдөй документтердин минималдуу тизмегин бериши керек:
1) уставдык капиталга чет өлкөлүк жарандыгынын же чет өлкөлүк катышуусунун бар экендиги жөнүндө маалыматты камтыган аукционго катышууга өтүнмө;
2) кепилдик төгүмдүн киргизилгендигин ырастаган төлөм документинин көчүрмөсү;
3) инсандыгын ырастоочу документ (өтүнмө берүүдө талапкер тарабынан жеке өзү көрсөтөт).
Юридикалык жактар кошумча төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
- белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укуктуу өкүлдүн атына берилген ишеним кат.
Эгерде өтүнмө талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан аракеттенүүгө укугу бар жакка берилген нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним катты берүү зарыл.
Документтер санариптик форматта же болбосо башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, "Түндүк" электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн.
Жер участогун өздөштүрүүнүн шарттарына жана улуттук инвестициялык долбоордун же мамлекеттик маанидеги долбоордун өзгөчөлүктөрүнө жараша комиссия инвестордун финансылык абалын жана долбоордун финансылык туруктуулугун, инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасын тастыктоого, салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугуна байланыштуу кошумча документтерди, долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин же бизнес-планды талапкерлердин берүүсү жөнүндө талапты белгилөөгө укуктуу.
21. Аукционго катышууга талапкерлер аукционго коюлуп жаткан жер участогун баланс кармоочу менен биргеликте карап чыгууга укуктуу.
22. Аукционго катышуу үчүн талапкер кепилдик төгүмдү киргизет. Кепилдик төгүмдүн өлчөмү лоттун баштапкы наркынын 10 пайызы өлчөмүндө аныкталат.
Кепилдик төгүм аукциондун жеңүүчүсүн кошпогондо, аукциондун бардык талапкерлерине жана катышуучуларына аукционду кагаз форматында өткөрүүдө же аукционду электрондук форматта өткөрүүдө протокол автоматтык түрдө генерацияланган учурдан тартып аукциондун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлган учурдан тартып он банктык күндүн ичинде кайтарылып берилет. Аукциондун жеңүүчүсү жер участогунун сатып алуу наркын төлөөдөн баш тарткан учурда кепилдик төгүм кайра берилбейт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөнгө чейин же андан кийин мамлекеттик менчикте турган жер участогун ээликтен ажыратуудан үч жумуш күндүн ичинде баш тарткан учурда катышуучуларга же жеңүүчүгө кепилдик төгүм банктык он күндүн ичинде кайтарып берилет.
Аукциондун жеңүүчүсүнө кепилдик төгүм аукциондо сатылып алынуучу мүлктүн акысын төлөө эсебине чегерилет.
23. Аукциондун кадамы лоттун баштапкы наркынан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө аныкталат:
1) баштапкы наркы он миллион сомго чейин - бир пайыз;
2) баштапкы наркы он миллион сомдон 100 миллион сомго чейин - 0,5% (нөл бүтүн ондон беш пайыз);
3) баштапкы наркы 100 миллиондон бир миллиард сомго чейин - 0,2% (нөл бүтүн ондон эки пайыз);
4) баштапкы наркы 1 миллиард сомдон жогору - 0,1% (нөл бүтүн ондон бир пайыз).
Аукциондун кадамы аукциондун жүрүшүндө өзгөрбөйт.
24. Талапкер төмөнкүдөй учурда комиссия тарабынан аукционго катышууга киргизилбейт:
1) маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн тизмек боюнча бардык документтер көрсөтүлбөсө, же болбосо көрсөтүлгөн документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе;
2) кепилдик төгүмдүн киргизилгендигин ырастаган төлөм документи жок болсо.
25. Комиссия Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же баланс кармоочунун сунушунун негизинде аукционду өткөрүүдөн каалаган убакта, бирок аны өткөрүү күнү жарыяланганга чейин үч күндөн кечиктирбестен баш тартууга укуктуу. Аукционду жокко чыгаруу жөнүндө талапкерлерге тапшырык кат аркылуу, ошондой эле тиешелүү маалыматты расмий сайтка жайгаштыруу жолу менен билдирилет. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөн күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ээликтен ажыратуудан да баш тарта алат.
26. Аукциондун жыйынтыктары аукционду кагаз форматында өткөрүүдө комиссия тарабынан түзүлүүчү жана бекитилүүчү аукциондун жыйынтыктары жөнүндө кагаз жүзүндөгү протоколдо же аукционду электрондук форматта өткөрүү учурунда автоматтык түрдө түзүлүүчү протоколдо чагылдырылат.
Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол аукциондун жыйынтыктары боюнча сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө аукциондун жеңүүчүсүнүн укугун ырастаган документ болуп саналат.
27. Тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү аукциондун жеңүүчүсүнө жана анын катышуучуларына берилет.
Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун сканерленген версиясы тоорукту уюштуруучунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жана баланс кармоочунун (бар болгондо) расмий сайтында жайгаштырылат.
28. Аукцион төмөнкүдөй учурларда комиссия тарабынан ишке ашпай калган деп таанылат:
1) аукционго катышууга өтүнмө берилбесе;
2) бир дагы талапкер аукционго катышууга киргизилбесе;
3) аукционго катышууга бир гана талапкер киргизилсе;
4) аукционго киргизилген талапкерлердин бири да ага катышпаса;
5) аукционго катышуу үчүн бир катышуучу катталса.
29. Аукциондун жеңүүчүсү жер участогунун сатып алуу наркын төлөөдөн баш тарткан учурда же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аукцион өткөрүлгөнгө чейин же андан кийин үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттин менчигинде турган жер участогун ээликтен ажыратуудан баш тарткан учурда кепилдик төлөмдү кайтарып берүү ушул Тартиптин 22-пункту менен жөнгө салынат.
Жер участокторун аукциондордо сатуудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшөт.
4. Аукционду кагаз форматында өткөрүү
30. Комиссиянын катчысы аукцион башталар алдында аукциондун келген катышуучуларын каттоодон өткөрөт жана аларга ыйгарылган номерлери бар табличкаларды берет.
31. Аукционду комиссия тарабынан дайындалган аукционист алып барат. Аукциондо тооруктун башталышы болуп аукционист лоттун номерин, лоттун баштапкы наркын жана аукциондук кадамдын өлчөмүн жарыялаган учур эсептелет.
32. Баштапкы нарк боюнча лотту сатып алууну каалаган аукциондун катышуучусу өзүнүн табличкасынын номерин аукционистке каратып көтөрөт, лотту аталган баа боюнча сатып алууга макул экендигин ырастайт.
33. Аукциондун катышуучусунун ар бир сунушу аукционист тарабынан катышуучунун номерин жана ал сунуштаган бааны жарыялоо менен ырасталат.
34. Ар бир жаңы сунуш мурунку сунуштан бир кадамдан ашпашы керек.
35. Эгерде аукционист акыркы бааны үч жолу жарыялагандан кийин катышуучулардын кимиси тарабынан болбосун жогору баа сунушталбаса, аукционист балка менен чабуу менен бир эле убакта тооруктун предметин акыркы бааны сунуштаган сатып алуучу сатып алгандыгы жөнүндө жарыялайт. Тооруктун жүрүшүндө акыркы бааны сунуштаган аукциондун катышуучусу тооруктун жеңүүчүсү деп жарыяланат.
36. Комиссия аукционду жана өзүнүн жыйналыштарын видеого тартууну камсыз кылат. Комиссиянын чечими боюнча телевидениеде жана баланс кармоочунун, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же тоорукту уюштуруучунун социалдык тармактарында түз эфирде аукционду онлайн-трансляциялоо камсыз кылынышы мүмкүн.
37.Тооруктун катышуучусу болуп саналбаган кайсы болбосун жак, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аукционго катышууга укуктуу.
38. Аукциондун жыйынтыгы боюнча протокол түзүлөт, анда төмөнкүдөй маалыматтар каралат:
1) лоттун номери жана жер участогунун маалыматтары;
2) жеңүүчүнүн фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы;
3) аукциондун башка катышуучуларынын фамилиясы, аты жана атасынын аты же аталышы;
4) лоттун баштапкы жана акыркы наркы;
5) сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери;
6) сатып алуу наркын төлөө үчүн эсептешүү эсебинин номери жана башка реквизиттери.
5. Өткөрүлгөн аукциондун жыйынтыгы боюнча документтерди тариздөө тартиби
39. Кагаз форматында өткөрүлгөн аукционду жеңген жак аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуга тийиш. Жеңүүчү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда ал өзү киргизген кепилдик төгүмдөн ажырайт, тооруктун жеңүүчүсүнүн укугунан жана бул лот боюнча кайрадан тоорукка катышуу укугунан ажырайт.
40. Тооруктун жеңүүчүсү протоколго кол коюудан баш тарткан учурда комиссия лотту кайрадан тоорукка коюу жөнүндө чечим кабыл алат.
41. Аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун негизинде баланс кармоочу аукциондун жеңүүчүсү менен формага ылайык жер участогун сатып алуу-сатуу келишимин түзөт (ушул Тартиптин 1-тиркемеси).
42. Жер участогун сатып алуу наркын төлөө тооруктун жыйынтыгы жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде сатып алуучу тарабынан жүргүзүлөт.
Сатып алуу-сатуу келишими тиешелүү лоттун сатып алуу наркы төлөнгөндөн кийин түзүлөт.
43. Жер участогун сатып алуу-сатуу келишими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) баланс кармоочу жана сатып алуучу жөнүндө маалыматтарды;
2) жер участогу жөнүндө маалыматтарды;
3) жер участогунун сатып алуу наркын, сатып алуу наркын төлөөнүн формасын жана суммасын;
4) жер участогун өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерди, анын ичинде курулуш ниеттерин жүзөгө ашыруунун шарттарын жана мөөнөттөрүн, жер участогунун максаттуу багытын;
5) сатып алуучунун келишимдик милдеттенмелерин аткаруусуна мониторинг жүргүзүү тартибин;
6) тараптардын келишимдик милдеттенмелерин аткарбоосунун же талаптагыдай аткарбоосунун кесепеттерин;
7) айыптык санкцияларды;
8) келишим боюнча талаш-тартыштарды чечүү тартибин;
9) келишимди бузуу тартибин;
10) мындай келишимдин тараптары өз ара макулдашуу боюнча белгилеген башка шарттарды.
44. Сатып алуу-сатуу келишими жергиликтүү каттоо органында мамлекеттик катталууга тийиш.
45. Жер участогуна менчик укугу жер участогун сатып алуу наркы толук төлөнгөндөн, жергиликтүү каттоо органында катталгандан кийин сатып алуучуга өтөт.
6. Жер участокторуна укуктарды чет өлкөлүк жактарга берүүнүн өзгөчөлүктөрү
46. Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 1-статьясынын 10 жана 11-пункттарында белгиленген чет өлкөлүк жактардын аныктамасына туура келген, аукционду жеңген жактарга жер участоктору Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 5-статьясында каралган чектөөлөрдү эске алуу менен 49 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу шарттарында берилет.
47. Чет өлкөлүк жак калктуу конуштардан тышкары жер участогу коюлган аукциондун жеңүүчүсү деп таанылган учурда, айыл чарба жерлерин жана жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлерди кошпогондо, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер участогун 49 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө чечиминин долбоорун демилгелейт.
48. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер участогун чет өлкөлүк жакка 49 жылга чейинки мөөнөткө убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берүү жөнүндө чечиминин негизинде баланс кармоочу бул чет өлкөлүк жак менен жер участогун акы төлөнүүчү негизинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө формага ылайык (ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык) келишим түзөт.
Аталган келишимде чет өлкөлүк жактын жерди пайдалануу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул Тартиптин 43-пунктунда көрсөтүлгөн шарттар камтылууга тийиш.
7. Корутунду жоболор
49. Комиссиянын чечимдерине административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда аныкталган тартипте даттанылышы мүмкүн.
50. Баланс кармоочу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан сатып алуунун келишимдин шарттарын аткаруусуна жана жер участогун максаттуу пайдалануусуна талаптагыдай контроль жүргүзөт.
51. Жер участогун өздөштүрүүнүн белгиленген мөөнөттөрү бузулган, максатсыз пайдаланылган же болбосо инвестициялык милдеттенмелер аткарылбаган учурда келишимдин шарттарына ылайык айыптык санкциялар колдонулат.
52. Сатып алуучу аныкталган тартип бузууларды 30 календардык күндүн ичинде четтетпеген учурда, баланс кармоочу сатып алуу-сатуу келишимин бузуу жана сатып алуучу тарабынан мамлекет тарткан чыгымдардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу менен жер участогун мамлекеттин менчигине кайтарып берүү талабы менен сотко кайрылат.
53. Сатып алуу-сатуу келишиминин же жер участогун акы төлөнүүчү негизде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү жөнүндө келишимдин шарттары бузулган учурда келишим бир тараптуу тартипте бузулушу мүмкүн, ал эми мамлекеттик менчиктин ээликтен ажыратылган жер участогу мамлекеттик менчикке кайтарылууга тийиш.
54. Аукциондун жыйынтыгы боюнча берилген жер участогунда тараптардын эркинен көз каранды болбогон (табигый, инженердик-геологиялык, гидрогеологиялык, техникалык жана башка шарттар), ыйгарым укуктуу уюмдардын тиешелүү корутундулары менен ырасталган жагдайлардын кесепетинен курулуш жүргүзүү же аны өздөштүрүү мүмкүн болбогон учурда, аукциондун жеңүүчүсүнө комиссиянын чечиминин негизинде баланс кармоочу тарабынан мурда түзүлгөн келишимде каралган шарттарда бирдей маанидеги жер участогу берилиши мүмкүн.
Бирдей маанидеги жер участогу деп аянты, максаттуу багыты, шаар куруу шарттары жана инженердик камсыз болуу деңгээли боюнча салыштырмалуу болгон жер участогу таанылат.
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 токтомуна) |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122, 2026-жылдын 24-августундагы № 572 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана токой жана суу фонддорунун жерлерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, запастагы жерлерди, чек арага жанаша жаткан зоналарды, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана жайыттарды кошпогондо, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун акы төлөө менен ээликтен ажыратуу тартибин аныктайт.