Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 310 токтомуна)
"Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын уставы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 834 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Устав "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
2. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык жүргүзүү укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн, толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш алып барган өз алдынча юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкананын уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети болуп саналат.
Ишкананын уюмдаштыруу документи болуп Устав саналат.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты саналат.
5. Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган - Ишкананын финансы-чарбалык ишин жана ага бекитилип берилген мүлктү пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоону жүзөгө ашыруучу орган.
6. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие "Единая управляющая компания "Иссык-Куль".
7. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Ысык-Көл" бирдиктүү башкаруу компаниясы" МИ;
- расмий тилде: ГП "Единая управляющая компания "Иссык-Куль".
8. Ишкананын юридикалык дареги: 722200, Кыргыз Республикасы, Каракол шаары, Ж.Абдрахманов көч., 105.
9. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын буйруктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
10. Ишкананын өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде алыш-бериш эсеби жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана визуалдык жекелештирүүнүн башка каражаттары бар.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт, буга мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти Ишкана өзүнө алган учурлар кирбейт.
12. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
13. Ишкананын мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы менен өз ара аракеттенүүсү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик органдардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтому менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо көрсөтүлгөн компетенциялардын алкагында ишке ашырылат.
14. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2-глава. Ишкананын максаттары жана милдеттери
15. Ишкананын ишинин максаттары:
1) инфратүзүмдүк жана санариптик долбоорлорду ишке ашыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу, ошондой эле стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартуунун эсебинен Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү;
2) "Ысык-Көлдүн" экологиялык-экономикалык системасын системалуу башкарууну жана жергиликтүү жаратылыш жана чарбалык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу;
3) жумуш орундарын түзүү;
4) калктын жашоо сапатын жогорулатуу;
5) ишкердик активдүүлүккө дем берүү;
6) чакан жана орто бизнести колдоо;
7) регионду туруктуу өнүктүрүү үчүн инновацияларды киргизүү.
16. Ишкананын милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында инфратүзүмдүк долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу;
2) товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүү боюнча Ишкананын мамлекеттик башкаруу органынын түздөн-түз мамлекеттик заказдарын аткаруу;
3) объекттерди курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу;
4) мамлекеттик мүлктүн рентабелдүүлүгүн жогорулатуу, анын ичинде заманбап, индустриялык, соода-логистикалык зоналарды уюштуруу жолу менен;
5) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун аймагында башкарууга берилген имараттарды жана курулмаларды, жер участокторун, өнөр жай зоналарын эксплуатациялык-техникалык тейлөө;
6) Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун экспорттук потенциалына дем берүү боюнча чараларды ишке ашыруу;
7) туруктуу башкаруунун алдынкы ата мекендик жана эл аралык практикаларын өнүктүрүү жана киргизүү үчүн оптималдуу шарттарды камсыз кылуу максатында рекреация объекттерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, ошондой эле мамлекеттик жана жеке мүлктү убактылуу башкаруу укугун алуу;
8) калкка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу үчүн социалдык маанилүү товарларды сатып алуу жана сатуу, анын ичинде товарларды сатуу пункттарын уюштуруу;
9) инвестицияларды тартууга, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун инвестициялык жагымдуулугун арттырууга жана региондо экономикалык активдүүлүккө дем берүүгө багытталган эл аралык иш-чараларды уюштуруу;
10) Ишканага өткөрүп берилген соода аянттарын, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү;
11) транспорт каражаттарын сатып алуу жана автобустар, каттамдык таксилер жана транспорттун башка түрлөрү менен жүргүнчүлөрдү туруктуу жана туруктуу эмес ташууларды жүзөгө ашыруу;
12) транспорт каражаттарын, адистештирилген техниканы берүү жана сатуу;
13) транспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча тейлөө борборлорун түзүү;
14) инвестициялык долбоорлорду башкаруунун заманбап технологияларын киргизүү, анын ичинде санариптик чечимдерди кабыл алуу жана процесстерди автоматташтыруу;
15) транспорт чөйрөсүндө экологиялык таза чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу, анын ичинде электромобилдерди жана экологиялык жактан коопсуз отундун түрлөрүн өнүктүрүү;
16) Ишканага чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, пайдаланууга жана ишенимдүү башкарууга берилген мүлккө белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө;
17) мейманкана, рекреациялык-туристтик, консалтингдик, маркетингдик, жарнамалык жана маалыматтык кызматтарды көрсөтүү;
18) чарбалык жана өндүрүштүк-техникалык мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү.