Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 20-майындагы N 264 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО 1-глава. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - мамлекеттик мекеме) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын (мындан ары - Кызмат) карамагында турат жана борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин долбоорлоону, курууну, реконструкциялоону жана капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат. 2. Мамлекеттик мекеме Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесинин мурда аткарган борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу, реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо функциялары боюнча укук улантуучусу болуп саналат. Мамлекеттик мекеме өз ишин Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемесинин координациялоосу астында жана аны менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат. Суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларынын капиталдык курулуш объекттеринин тизмеги Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу" мамлекеттик мекемеси тарабынан түзүлөт жана белгиленген тартипте бекитилет. 3. Мамлекеттик мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Кызматтын буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Мамлекеттик мекеменин уюштуруучу документи болуп ушул Жобо саналат. 5. Мамлекеттик мекеме мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган гербдүү мөөрү, штамптары жана бланктары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Казыналык системасында алыш-бериш жана башка эсептери бар. Мамлекеттик мекемени күтүүгө чыгымдарды каржылоо ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин куруу үчүн негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын көлөмүнүн 2,9 пайызына чейинки өлчөмдөгү сарптоолордун жана мамлекеттик мекеменин реалдуу эсептик керектөөлөрүнө жараша негизги фонддорду оңдоого сарптоолордун ченеминин эсебинен жүргүзүлөт. 6. Мамлекеттик мекеменин расмий аталышы: - мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы" мамлекеттик мекемеси"; - расмий тилде: "Государственное учреждение "Управление капитального строительства объектов питьевого водоснабжения и водоотведения" при Службе водных ресурсов при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики". Кыскартылган аталышы: - мамлекеттик тилде: "ККБММ"; - расмий тилде: "ГУУКС". 7. Кызмат тарабынан мамлекеттик мекеменин өндүрүштүк ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон мамлекеттик мекеменин филиалдары түзүлүшү мүмкүн. 8. Мамлекеттик мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Токтоналиев көчөсү, 4а. |