Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-майындагы № 269 токтомуна )
Индустриялык парктар жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-июнундагы № 429 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Индустриялык парктар жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Технологиялык парктар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 28-беренелерин ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана индустриялык парктарга, индустриялык парктардын башкаруу компанияларына жана индустриялык парктын резиденттерине талаптарды белгилейт.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен индустриялык паркты түзүү жана колдоо максатында:
1) индустриялык парктын башкаруу компаниясы аныкталат;
2) индустриялык парктын башкаруу компаниясына индустриялык паркты түзүү үчүн Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте жер участоктору бөлүнөт;
3) "Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык индустриялык парктын башкаруу компаниясы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ортосунда инвестициялык макулдашуу түзүлөт.
3. Индустриялык парктын резиденттеринин ишин жүзөгө ашыруу тартиби жана шарттары башкаруу компаниясы менен индустриялык парктын резидентинин ортосунда түзүлгөн келишим менен аныкталат.
2-глава. Терминдер жана аныктамалар
4. Бул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) индустриялык парктын башкаруу компаниясы - индустриялык парктын башкаруу органы болуп саналган, индустриялык парктын резиденттерин тартууну жана анын аймагына жайгаштырууну ишке ашыруучу, индустриялык парктын резиденттерине кызматтарды көрсөтүүнү камсыз кылуучу жана индустриялык парктын инфраструктурасын башкаруучу, мыйзамдарда каралган кандай болбосун уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак;
2) индустриялык парктын резиденти - өнөр жай өндүрүшүн жүргүзүү максатында индустриялык парктын аймагында өндүрүштүк иш жүргүзгөн жана Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык индустриялык парктын башкаруу компаниясы менен индустриялык парктын аймагында жайгашкан өнөр жайлык инфраструктура объекттерине жана (же) алардын бөлүктөрүнө, ошондой эле индустриялык парктын аймагынын курамына кирген жер участокторуна жана (же) алардын бөлүктөрүнө ижара, , мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу келишимин түзгөн юридикалык жак, филиал түрүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк юридикалык жак же жеке ишкер;
3) индустриялык парктын аймагы - Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген тартипте индустриялык паркты түзүү үчүн жер участокторунун жыйындысы, ошондой эле индустриялык (өнөр жай) парктын коммуналдык жана транспорттук инфраструктура объекттери - индустриялык (өнөр жай) парктын аймагында жайгашкан, өнөр жай чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттар, курулуштар жана курулмалар;
4) өнөр жай инфраструктурасы - индустриялык парктын коммуналдык жана транспорттук инфраструктура объекттеринин жыйындысы, ошондой эле индустриялык парктын аймагында жайгашкан, өнөр жай чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон имараттар, курулуштар жана курулмалар;
5) коммуналдык инфраструктура - индустриялык парктын резиденттеринин жана индустриялык парктын инфраструктурасын пайдалануучулардын ишин камсыз кылуучу капиталдык курулуш объекттеринин электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо жана (же) жылуулук менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана байланыш инженердик системаларына кошулуу түйүнүнө чейин электр менен камсыздоо, газ менен камсыздоо жана (же) жылуулук менен камсыздоо, суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу, байланыш чөйрөлөрүндө товарды жеткирүү жана кызматтарды көрсөтүү үчүн багытталган объекттердин жана инженердик курулмалардын жыйындысы, ошондой эле индустриялык парктын резиденттери тарабынан эксплуатациялануучу кооптуу өндүрүштүк объекттердин өнөр жай коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон объекттер;
6) транспорттук инфраструктура - индустриялык парктын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттеринин, анын ичинде индустриялык парктын резиденттеринин транспорт каражаттарынын кыймылын камсыз кылуу үчүн багытталган автомобиль жолдорунун, жасалма жол курулмаларынын, темир жолдордун, деңиз портторунун инфраструктура объекттеринин жана ички суу транспортунун инфраструктура объекттеринин, ошондой эле өнөр жай чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруу үчүн индустриялык парктын объекттерин электр менен камсыздоочу, газ менен камсыздоочу жана (же) жылуулук менен камсыздоочу, суу менен камсыздоочу, саркынды сууларды чыгаруучу жана байланыш менен камсыз кылуучу уюмдардын жыйындысы.