Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы
ТОКТОМ
23 апрель 2025 жыл №29-5/1
СХ-1 зонасынын уруксаат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Т.К.Жумакадыровдун, СХ-1 зонасындагы жер тилкесин бир бѳлʏгʏн башкага которуу жѳнʏндѳгʏ, 2025-жылдын 27-январындагы, чыг:№01-12/37 катын карап, талкуулап, жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен Каракол шаардык Кенешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы,
токтом кылат:
1. СХ-1 (айыл чарба багытындагы зонасы) зонасынын уруксат берилген жер тилкесинин пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине, Каракол шаарындагы, Звероферма н/ж дарегинде жайгашкан, жалпы 28,2 га аянтынан, аянты 23,2 га болгон жер тилкесин, Ж-3 (коттедждик турак-жай аймагы зонасы) зонасына которулсун.
2. А.Б. Супатаевадан, айыл чарба багытындагы 5 га жер тилкесин, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, Каракол шаарынын муниципалдык мүлк менчигине кабыл алууга макулдук берсин.
3. Каракол шаарынын мэриясы, Каракол шаарынын генералдык планынын корректурасынын концепциясына Каракол шаарынын генералдык планынын авторлору менен бирге өзгөртүүнү киргизсин.
4. Ысык-Көл регионалдык, шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
-Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин.
-бул токтомдо, кѳрсѳтʏлгѳн обьектти, максаттуу пайдалануу жагынын, аткаруусун камсыз кылсын.