Сравнение редакций…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы
23 апрель 2025 №29-5/7
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын атайын эсебине материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэри Т.Мадяровдун, 2025-жылдын 15-апрелиндеги чыг:№01-17-1483 жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы У.Сарматовдун, 2025-жылдын 11-апрелиндеги чыг:№06-15/2807 кайрылуу каттарын карап талкуулап жана экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, туризм жана ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен Каракол шаардык Кеӊешинин XXIX чакырылышынын V сессиясы,
токтом кылат: