Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы N 199-т тескемесине)
Жайкы туристтик сезондун мезгилинде Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу тартиби, анын ичинде суу объекттеринде коопсуздук чаралары
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жайкы туристтик сезондун мезгилинде Ысык-Көл облусунда Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин уюштуруу тартиби, анын ичинде суу объекттеринде коопсуздук чаралары (мындан ары - Тартип) жайкы туристтик сезондун мезгилинде жарандардын, туристтердин өмүрүн жана ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн жана иштеген Ысык-Көл облусунун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча Бирдиктүү коопсуздук кызматынын (мындан ары - Бирдиктүү коопсуздук кызматы) ишин уюштурууну аныктайт, мамлекеттик органдардын ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү тартибин белгилейт.
2. Бирдиктүү коопсуздук кызматы жайкы туристтик сезондун мезгилинде иштеген, туруктуу жана алмашып туруучу курамдан турган жумушчу орган болуп саналат.
Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишине тартылган субъекттер болуп төмөнкү мамлекеттик органдар (мындан ары - мамлекеттик органдар) саналат:
1) ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ИИМ);
2) өзгөчө кырдаалдар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ӨКМ);
3) транспорт жана коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ТКМ);
4) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ССМ);
5) жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган (мындан ары - ЖРЭТКМ).
3. Бирдиктүү коопсуздук кызматы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актыларын, башка ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ИИМдин ведомстволук актыларын жана ушул Тартипти жетекчиликке алат.
4. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишин ИИМ жетектейт, ал Бирдиктүү коопсуздук кызматынын курамында жайкы туристтик сезондун мезгилинде белгиленген тартипте ишке тартылган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары үчүн аткарууга милдеттүү болгон Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишинин маселелери боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат.
5. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын ишине тартылган мамлекеттик органдардын жетекчилери мамлекеттик органга анын компетенциясынын алкагында жүктөлгөн функциялардын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
6. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын туруктуу жетектөөчү курамы жыл сайын биринчи кварталдын аягына чейинки мөөнөттө ИИМдин координациясы менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилеринин орун басарларынын арасынан түзүлөт жана ички иштер органынын жетекчисинин чечими менен бекитилет.
7. Бирдиктүү коопсуздук кызматы өзүнүн ишин ИИМдин, ӨКМдин, ЖРЭТКМнын, ТКМнын, ССМдин аймактык бөлүмдөрү, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Ысык-Көл облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү менен жүргүзөт.
8. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин өзүнчө тапшырмасы боюнча Бирдиктүү коопсуздук кызматынын иши жайкы туристтик сезондун мезгилинен тышкары башка учурда дагы жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
2-глава. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын негизги милдеттери
9. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын жалпы милдеттери:
- коомдук тартипти, жарандардын жана туристтердин коопсуздугун сактоо;
- өзгөчө кырдаалдарда жана кырсыктарда ыкчам чара көрүү;
- биринчи медициналык жардам көрсөтүү;
- туристтик-экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
- ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү жана координациялоо.
3-глава. Бирдиктүү коопсуздук кызматынын функциялары
10. Бирдиктүү коопсуздук кызматы тейлөөгө алынган аймактагы көчөлөрдө, пляждарда жана башка коомдук жайларда, транспорт объекттеринде (жердеги жана суудагы), анын ичинде суу аттракциондору (бассейн, параплан, парашют, банан, диван, батут ж.б.) түрүндөгү экстремалдык кызмат көрсөтүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча контролдоо-аткаруу-тескөө функцияларын ишке тартылган мамлекеттик органдардын мыйзамдарда бекитилген ыйгарым укуктарынын жана компетенцияларынын алкагында түздөн-түз ИИМдин жетекчилиги жана контролу астында аткарат.
11. Бирдиктүү коопсуздук кызматы төмөнкү функцияларды аткарат:
- коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылат;
- кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алат, аныктайт жана бөгөт коет;
- жеке жана юридикалык жактардын жаратылыш пайдалануу эрежелерин сактоосу боюнча профилактикалык иштерди жүргүзөт;
- суу транспортунда коопсуздук эрежелеринин сакталышын камсыз кылат;
- суу объекттеринде жаратылыш ресурстарын коргоону камсыз кылат;
- мыйзамсыз балык уулоого жана браконьерликке каршы күрөшөт;
- коомдук тартипти, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, суу транспортун эксплуатациялоо чөйрөсүндөгү укук бузууларды жана кырсыктарды алдын алуу, айлана-чөйрөнү коргоо жана жарандардын саламаттыгын сактоо боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзөт;
- ыйгарым укуктардын чегинде укук бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартат;
- башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен зарыл болгон учурда өз ара аракеттенет;
- ишке тартылган мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарынын жана компетенцияларынын алкагында башка функцияларды аткарат.