КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 367
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 “Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын резидент-картасын тариздөө тартиби жөнүндө убактылуу жобо (мындан ары – Убактылуу жобо) 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Убактылуу жобонун колдонуу мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 6-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү (узартуу) үчүн төмөнкү документтер негиз болуп саналат: эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, виза, жашап турууга уруксат, Кыргыз Республикасынын резидент-картасы, “Кайрылман” статусу, “Мекен-карт”.”;
– 7-пункттагы “каттоо,” деген сөздөр алып салынсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 721 “Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек миграциясын жөнгө салуу маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
– 2 жана 3-пункттардагы “январына” деген сөз “июлуна” деген сөзгө алмаштырылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
– 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: