Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2025-жылдын 1-июлу № 385   

Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 575 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 , 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Айрым товардык топтордун өндүрүшүн жана импортун контролдоону камсыз кылуу жана мамлекеттик бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 4-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасында эсептик-контролдук маркаларды берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) 2026-жылдын 1-январынан тартып муздан тышкары, ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу бөтөлкөгө куюлган же таңгакталган, анын ичинде минералдуу жана газдалган суу эсептик-контролдук маркалар менен милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш;

Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтому менен 2-пункттун 1-пунктчасына киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирди.

2) 2026-жылдын 1-июлунан тартып муздан тышкары, ТЭИ ТН 2201 коду менен классификациялануучу бөтөлкөгө куюлган же таңгакталган, анын ичинде минералдуу жана газдалган суунун эсептик-контролдук маркалар менен маркаланбаган калдыктарын жүгүртүүгө тыюу салынат.

Көңүл буруңуздар! Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639 токтому менен 2-пункттун 2-пунктчасына киргизилген өзгөртүүлөр, 2026-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирди.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-сентябрындагы № 639  токтомунун редакциясына ылайык)

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 393 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы   

 

 

 

А.А. Касымалиев