Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 9-июнундагы № 404

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 28-майы № 282

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Экономика тармактарын жана калкты электр, жылуулук энергиясы жана отун ресурстары менен камсыз кылуу, министрликтерди, мамлекеттик комитетти, административдик ведомстволорду жана республиканын региондорун 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүгө өз убагында даярдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы (мындан ары - "Кыргызкөмүр" МИ), Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана макулдашуу боюнча: жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жылуулук менен камсыздоочу ишканалар, "Электр станциялар", "Кыргызстан улуттук электр тармагы", "Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору", "Чакан ГЭС", "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомдору (мындан ары - ААК), "Газпром Кыргызстан" жоопкерчилиги чектелген коому (мындан ары - ЖЧК):

1) 1-20-тиркемелерге ылайык электр энергиясын жана кубаттуулукту керектөө лимиттерин, графиктерди жана тапшырмаларды аткарууну камсыз кылсын;

2) эки жумалык мөөнөттө 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыктарын эске алуу менен күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча уюштуруу-техникалык иш-чараларын иштеп чыксын;

3) бир жумалык мөөнөттө бардык облустарда, Бишкек жана Ош шаарларында 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн жүрүшүнө ай сайын төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүү үчүн күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча туруктуу иштеген штабдарды түзсүн:

- жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын отканаларына, калкты жылуулук менен камсыздоого байланыштуу ведомстволук жана өнөр жай отканаларына;

- социалдык объекттерди жылытуу мезгилине даярдоонун сапатына;

- кошумча отун базаларына;

4) 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө жылытуу отканаларынын жана отун-энергетикалык комплексинин ишканаларынын келерки күз-кыш мезгилинде иштөөгө даярдыгын текшерүү боюнча Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Энергетикалык көзөмөл боюнча кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (жылытуу отканалары жана жылуулук-энергетикалык жабдуулардын башка түрлөрү балансында бар мекемелер үчүн) өкүлдөрүнүн милдеттүү катышуусунда жумушчу комиссияларды түзсүн;

5) 2025-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө бюджеттик уюмдар үчүн отун ресурстарын мамлекеттик сатып алуу боюнча чараларды көрсүн, аны берүүгө келишимдерди түзсүн;

6) отун-энергетикалык ресурстарды керектөөдө чыгымдарды азайтуу үчүн энергияны үнөмдөө жана энергиянын натыйжалуулугун жогорулатуу саясатын ишке ашыруу боюнча туруктуу негизде чараларды көрүп турсун;

7) жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен энергияны үнөмдөө, күз-кыш мезгилине отунду өз убагында даярдоо зарылдыгы жөнүндө калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын;

8) ай сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен айдын 1ине карата абал боюнча ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты, анын ичинде көмүрдү сатып алуу, отун даярдоо боюнча пландык тапшырмаларды аткаруу, көмүрдүн рыноктук баасын көрсөтүү менен отун базаларын жана көмүрдү сатуу пункттарын түзүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине берип турсун.

2. Жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын (макулдашуу боюнча) конкурстук комиссиялары 2025/2026-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана өткөрүү мезгилине убактылуу, "Кыргызнефтегаз" ААКы жана "Кыргызкөмүр" МИси үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында казып алынган жагуучу мазутту жана көмүрдү берүүгө конкурстарга катышууда Кыргыз Республикасындагы салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карыздар жөнүндө маалымат берүү талабын алып салсын.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы: