Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКТЕГИ XII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 15-июлу № 67
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү катынын негизинде жана Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 15-июлундагы №20 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 30-майындагы “Ош шаарынын мэриясынын борбордук базар дирекциясы” жана “Ош унаа базары” муниципалдык ишканаларынын жыйымдарынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө” №134 токтомунун 2-пунктундагы 2-тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
-“Ош унаа базары” муниципалдык ишканасынын жыйымдарынын өлчөмүнүн 1-пунктунун:
-1-пунктчасындагы “50,0” деген цифра “200,0” деген цифрага, “400,0” деген цифра “500,0” деген цифрага, “500,0” деген цифра “700,0” деген цифрага алмаштырылсын;
- 2-пунктчасындагы “50,0” деген цифра “100,0” деген цифрага, “350,0” деген цифра “450,0” деген цифрага, “500,0” деген цифра “600,0” деген цифрага алмаштырылсын;
- 3-пунктчасындагы “50,0” деген цифра “100,0” деген цифрага, “350,0” деген цифра “450,0” деген цифрага, “500,0” деген цифра “600,0” деген цифрага алмаштырылсын;
- 4-пунктчасындагы “50,0” деген цифра “200,0” деген цифрага, “350,0” деген цифра “450,0” деген цифрага, “500,0” деген цифра “600,0” деген цифрага алмаштырылсын.
2-тиркеменин 3-графасындагы “дүйшөмбү-жума күндөрү” деген сүйлөм “(ар бир күнгө)” деген сүйлөм менен толукталсын.
2-пунктундагы “Чатырдын астында турган автоунаалардан (бир күндөн бир жумага чейин) деген сүйлөм “Чатырдын астында турган автоунаалардан алынуучу жыйым” деген сүйлөмгө алмаштырылсын жана “1000 сом, “Ош унаа базары муниципалдык ишканасына төлөнөт” деген сөздөр алынып салынып, дүйшөмбү-жума күндөрү (ар бир күнгө) “100,0”, ишемби күнү “1000,0” жекшемби күнү “1000,0” деген цифралар менен толукталсын.
2.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
3.Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Шайиев) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |