Документке
Мурунку25.08.2025

 

 

1-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2025-жылдын 16-июлундагы № 208

Жарлыгы менен бекитилген

 

 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 25-августундагы ПЖ № 245 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

Жаңы16.07.2025

 

 

1-тиркеме

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2025-жылдын 16-июлундагы № 208

Жарлыгы менен бекитилген

 

 

 

 

 

 

“Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси жөнүндө

 

1 - глава. Жалпы жоболор

 

1. Ушул Жобо “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемесинин (мындан ары – Кеңештин катчылыгы) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, максаттарын, милдеттерин, функцияларын, түзүмүн жана иштөө тартибин аныктайт.

2. Катчылык Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин (мындан ары – Кеңеш) аткаруу органы болуп саналат.

3. Кеңештин катчылыгы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

4. Кеңештин катчылыгы юридикалык жактын статусуна ээ, өз алдынча балансы жана сметасы, фирмалык аталышы, банктык жана башка финансылык мекемелерде алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, бланктары жана башка штамптары бар.

5. Кеңештин катчылыгынын толук фирмалык аталышы:

- мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы” мамлекеттик мекемеси”;

- расмий тилде: “Государственное учреждение “Секретариат Национального совета по развитию сферы виртуальных активов и блокчейн-технологий при Президенте Кыргызской Республики”;

- англис тилинде: “State institution “The Secretariat of the National Council for the Development of Virtual Assets and Blockchain Technologies under the President of the Kyrgyz Republic”.