КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 419
Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмүн, штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин формасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 197 тескемесин аткаруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмү 1-тиркемеге ылайык;
2).республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
3).республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык расписаниесинин формасы 3-тиркемеге ылайык.
2..Бул токтомду ишке ашыруу республикалык маанидеги шаарлардын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга жергиликтүү бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3..Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларына өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүү, бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү сунушталсын.
4..Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1).Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун 1-пунктунун 4, 9-пунктчалары;
2).Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 303 “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун Бишкек шаарынын ЖЭБи жана “Бишкекжылуулуктармагы” филиалдарынын мүлктүк комплекстерин Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту.
5..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6..Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |