КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 16-июлу № 419
Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын
жана шаардык кеӊештеринин типтүү түзүмүн,
штаттык санынын чегин, штаттык расписаниесинин
формасын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 812, 2026-жылдын 30-январындагы № 41, 2026-жылдын 10-февралындагы № 81, 2026-жылдын 29-майындагы № 377 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин натыйжалуу уюштуруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 23-июнундагы № 197 тескемесин аткаруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын типтүү түзүмү 1-тиркемеге ылайык;
2).республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
21) республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеӊештеринин штаттык санынын чеги 2¹-тиркемеге ылайык;
3).республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын жана шаардык кеӊештеринин штаттык расписаниесинин формасы 3-тиркемеге ылайык.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-январындагы № 41 токтомунун редакциясына ылайык)
2..Бул токтомду ишке ашыруу республикалык маанидеги шаарлардын тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга жергиликтүү бюджеттеринде каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3..Республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларына өзүнүн чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүү, бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү сунушталсын.
4..Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1).(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2).Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-июнундагы № 303 “Электр станциялары” ачык акционердик коомунун Бишкек шаарынын ЖЭБи жана “Бишкекжылуулуктармагы” филиалдарынын мүлктүк комплекстерин Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 81 токтомунун редакциясына ылайык)
5..Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.