Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-октябрындагы № 689 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 4-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(В редакции постановления Кабинета Министров КР от 11 февраля 2026 года № 85)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин (мындан ары - Инновациялык борбор) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.
3. Инновациялык борбор Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
4. Инновациялык борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобону, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Инновациялык борбор мамлекеттик менчикте турган обочолонгон мүлктү ыкчам башкаруу укугу берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, казыналык өздүк эсеби, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мөөрү, башка мөөрлөрү жана штамптары, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланктары бар. Инновациялык борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
6. Инновациялык борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу "Инновациялык борбор" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: "Государственное учреждение "Инновационный центр" при Министерстве науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики".
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Инновациялык борбор" ММ;
- расмий тилде: ГУ "Инновационный центр".