Загрузка документа…
|
| 3-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 11-февралындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун (мындан ары - Мамлекеттик фонд) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Мамлекеттик фонд Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук уюму болуп саналат.
3. Мамлекеттик фонд өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Мамлекеттик фонд мамлекеттик менчикте турган обочолонгон мүлктү ыкчам башкаруу укугуна берилген мекеменин уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык өз алдынча балансы, казыналык өздүк эсеби бар, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы менен мөөрү, белгиленген үлгүдөгү башка мөөрлөрү жана штамптары, фирмалык бланктары бар.
5. Мамлекеттик фонддун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Государственный фонд интеллектуальной собственности при Министерстве науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики".
6. Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Мамлекеттик фонд" мекемеси;
- расмий тилде: учреждение "Государственный фонд".
7. Мамлекеттик фонддун юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62.
2-глава. Мамлекеттик фонддун максаты
8. Мамлекеттик фонддун ишинин максаты илимий-техникалык өнүгүүгө өбөлгө түзүү, Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык потенциалын бекемдөө, техникалык жана көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү, ошондой эле интеллектуалдык менчик объекттерин түзүү жана колдонуу болуп саналат.
3-глава. Мамлекеттик фонддун милдеттери