Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 390 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 748 , 2026-жылдын 11-февралындагы № 85, 2026-жылдын 29-сентябрындагы № 650 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги (мындан ары - министрлик) жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүү, илим, инновацияларды өнүктүрүү, илимий-техникалык жана инновациялык иш, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо жана сактоо, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоо чөйрөсүндөгү бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин борбордук мамлекеттик органы болуп эсептелет.
2. Министрлик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин жетекчиликке алат.
3. Министрлик өз ишин түздөн-түз жана аймактык бөлүмдөр, ведомстволук бөлүмдөр, мекемелер жана уюмдар аркылуу башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, илимий жана башка уюмдар менен өз ара аракеттенип жүргүзөт.
4. Жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча кесиптик билим берүүнү, илимди, илимий-техникалык жана инновациялык ишти, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоону жана сактоону, инновацияларды өнүктүрүүнү, жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жана аттестациялоону башкаруу органдарынын бирдиктүү системасын министрликтин борбордук аппараты, аймактык бөлүмдөрү, ведомстволук бөлүмдөрү жана мекемелери түзөт.
5. Министрлик юридикалык жак статусуна ээ, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар мөөрү, белгиленген үлгүдөгү бланктары, эмблемасы жана туусу, өз алдынча балансы, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин казыналык системасындагы алыш-бериш жана башка эсептери жана ага бекитилип берилген мүлкү бар.
Министрлик укуктар жана милдеттенмелер боюнча (илим, жогорку, орто, жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү маселелери боюнча) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин укук мураскери болуп эсептелет.
6. Министрликтин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги";
- расмий тилде: "Министерство науки, высшего образования и инноваций Кыргызской Республики".
Министрликтин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИЖБИМ";
- расмий тилде: "МНВОИ".
7. Министрликтин юридикалык дареги: 720021, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62.