Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 329 токтомуна)

 

Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө ЖОБО

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-декабрындагы № 790, 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомдорунунун редакцияларына ылайык)

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана кесиптик жогорку жана (же) жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюмдарынын иштөө тартибин аныктайт. Жобо кесиптик жогорку билим берүүнүн мамлекеттик эмес (жеке) билим берүү уюмдары үчүн сунуштама болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү уюму (мындан ары - КЖБ уюму) "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде кесиптик жогорку, жогорку окуу жайынан (мындан ары - ЖОЖ) кийинки жана кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу максатында түзүлөт жана иштейт.

3. КЖБ уюмдары статусу боюнча төмөнкүлөргө бөлүнөт:

- өзгөчө статусу бар КЖБ уюмдары;

- илимий-изилдөө институту (университети) статусу бар КЖБ уюмдары;

- "Улуттук" статусу бар КЖБ уюмдары.

4. КЖБ уюмдары түрлөрү боюнча төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт: университет, академия, институт жана аларга теңдештирилген (консерватория, жогорку мектеп, жогорку окуу жай) болуп бөлүнөт.

5. КЖБ уюму иштин негизги түрү катары билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү, өз алдынча балансы жана өзүнүн аталышы жазылган мөөрү бар юридикалык жак болуп саналат. КЖБ уюмдары менчиктин мамлекеттик, муниципалдык жана жеке формаларында түзүлүшү мүмкүн.

6. КЖБ уюмунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) адамдын интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүсүндөгү муктаждыктарды жогорку кесиптик же ЖОЖдон кийинки билим алуу аркылуу канааттандыруу;

2) илимий-педагогикалык кызматкерлер менен билим алуучулардын биргелешкен чыгармачылык иш-аракеттери аркылуу фундаменталдык жана колдонмо илимди жана искусствону өнүктүрүү, алынган натыйжаларды билим алуу процессинде колдонуу;

3) жогорку кесиптик билими бар адистерди, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;

4) билим алуучуларда жарандык позицияны жана чыгармачылык активдүүлүктү калыптандыруу;

5) коомдун адеп-ахлактык, маданий жана илимий баалуулуктарын сактоо жана көбөйтүү;

6) калктын арасында билимди жайылтуу, мамлекеттин интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу;

7) мамлекеттик КЖБ уюмдарында кадрларды даярдоого мамлекеттик заказды аткаруу.

Өзгөчө статусу бар КЖБ уюмунун кошумча милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- биргелешкен изилдөөлөр, технологияларды иштеп чыгуу жана инновацияларды киргизүү үчүн жеке сектор, анын ичинде бизнес компаниялар жана стартаптар менен өз ара аракеттенүү;

- ресурстарды, менторлукту жана каржылоону колдонуу мүмкүндүгүн берүү менен стартаптарды өнүктүрүү үчүн инкубаторлорду жана акселераторлорду түзүү жана колдоо;

- өзүнүн ойлоп табууларын патенттөө жана технологияларды жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн коммерциялык пайдалануу үчүн лицензиялоо;

- жаңы адистиктерди жана кадрларды даярдоонун жаңы багыттарын киргизүү;

- туруктуу өнүгүүнү жана өсүүнү камсыз кылуу үчүн өздүк финансылык ресурстарды жана активдерди башкаруу;

- изилдөөлөрдү коммерциялаштыруу, инвестицияларды тартуу жана акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүн кеңейтүү аркылуу киреше булактарын диверсификациялоо.

7. КЖБ уюмунун уставы "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларынын жана ушул Жобонун негизинде иштелип чыгат. КЖБ уюмунун уставы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилген типтүү уставга ылайык иштелип чыгат.

КЖБ уюмунун уставы уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өтөт. Ушундай эле тартипте КЖБ уюмунун уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет.

Ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын КЖБ уюмдары өз ишин Министрлер Кабинети бекиткен жоболорго ылайык жүзөгө ашырат.

8. КЖБ уюмдарын бирге башкаруунун формасы болуп жалпы чогулуш, көзөмөлчүлүк, окумуштуулар, педагогикалык жана башка кеңештер же комитеттер саналат.

Билим алуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү болгон КЖБ уюмун башкаруу маселелери боюнча пикирлерин эске алуу максатында КЖБ уюмунда билим алуучулардын жана педагогикалык кызматкерлердин демилгеси боюнча билим алуучулар же студенттер кеңештери, кесиптик бирликтер түзүлүшү мүмкүн.

Бирге башкаруу органдарын тандоо тартиби жана алардын компетенциясы Кыргыз Республикасынын кесиптик жогорку жана орто билим берүү жаатындагы мыйзамдары жана КЖБ уюмунун уставы менен аныкталат.

 

2-глава. КЖБ уюмдарын классификациялоо критерийлери

 

9. "Улуттук" статусу бар КЖБ уюмунун критерийлери:

- жакынкы беш жылга өнүктүрүү программасынын долбоорунун болушу;

- өлкөнүн алдынкы илимий жана методикалык борбору болуу;

- беш жылда бир жолудан кем эмес окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;

- негизги жумуш орду КЖБ уюму болуп саналган окутуучулардын санынан илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулардын үлүшү 70%дан кем эмес;

- ЖОЖдон кийинки билим берүү программалары боюнча окуган магистранттардын жана докторанттардын үлүшү билим алуучулардын жалпы контингентинин 15%дан кем эмеси;

- Times Higher Education World University Rankings рейтингине ылайык дүйнөдөгү эң мыкты 200 университеттин катарына кирген чет өлкөлүк өнөктөш ЖОЖдордун катышуусу менен иштелип чыккан ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларынын үлүшү 20%дан кем эмес;

- чакырылган чет өлкөлүк окутуучулардын жана изилдөөчүлөрдүн илимий-педагогикалык кызматкерлердин жалпы санындагы үлүшү 5%дан кем эмес;

- чет өлкөлүк окутуучулар/изилдөөчүлөр менен авторлош болгон илимий макалалардын үлүшү акыркы үч жылдын ичинде Web of Science же Scopus индекстелген эл аралык рейтингдик журналдарда жарыяланган илимий макалалардын жалпы санынын 10%нан кем эмес;

- бир илимдин доктору же эки илимдин кандидаты же эки философия (PhD) доктору/тиешелүү адистиктин/багыттын профили боюнча же адистиктин/багыттын тиешелүү профили боюнча доктор;

- Web of Science же Scopus менен индекстелген эл аралык рейтингдик журналдарда акыркы үч жылдын ичинде жарыяланган илимий макалалардын санынын илимий-педагогикалык кызматкерлердин жалпы санына карата катышы 1:3 кем эмес;

- Web of Science же Scopus менен индекстелген эл аралык рейтингдик журналдарда акыркы беш жылдын ичинде жарыяланган илимий макалаларды басып чыгаруунун орточо деңгээли 2.0 кем эмес;

- илимий-педагогикалык кызматкерлердин бирдигине акыркы үч жылдын ичинде жеке компаниялар, уюмдар жана фонддор (анын ичинде эл аралык) үчүн иштерди аткаруунун/кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжасында алынган жалпы кирешенин суммасы кирешенин 5-10% кем эмес.

10. Университетти баалоо критерийлери:

1) багыттардын/адистиктердин үч жана андан көп топтору боюнча жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашыруу;

2) илимдин кеңири спектри боюнча фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;

3) адистерди даярдоону, кайра даярдоону, жогорку кесиптик билими бар кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кызматкерлерди (кандидаттарды, илимдин докторлорун, философия докторлорун (PhD)/профиль боюнча докторлорду) даярдоону жүзөгө ашыруу;

4) өзүнүн ишинин профили боюнча илимий жана илимий-методикалык борбор болуп саналуу;

5) экономиканын реалдуу секторунда илимий билимдерди жана технологияларды трансформациялоо жана колдонуу;

6) беш жылда бир жолудан кем эмес окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;

7) илимий жана методикалык борбор болуу;

8) негизги жумуш орду КЖБ уюму болуп саналган окутуучулардын санынан илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулардын үлүшү 50%дан кем эмес;

9) бир илимдин докторунун же эки илимдин кандидатынын же эки философия докторунун (РЮ)/тиешелүү адистиктин профили боюнча же адистиктин тиешелүү профили боюнча доктордун болушу.

11. Академияны баалоо критерийлери:

1) багыттардын/адистиктердин бир-эки тобу боюнча жогорку кесиптик жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашыруу;

2) артыкчылыктуу түрдө илимдин же маданияттын бир тармагында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүү;

3) адистерди даярдоону, кайра даярдоону, жогорку кесиптик билими бар кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруу;

4) өзүнүн ишинин тармактары боюнча илимий жана илимий-методикалык борбор болуу;

5) негизги жумуш орду КЖБ уюму болуп саналган окутуучулардын санынан илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулардын саны 50%дан кем эмес;

6) беш жылда бир жолудан кем эмес окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;

7) бир илимдин докторунун же эки илимдин кандидатынын же эки философия докторунун (PhD)/тиешелүү адистиктин профили боюнча же адистиктин тиешелүү профили боюнча доктордун болушу.

12. Институтту баалоо критерийлери (КЖБ уюму же университеттин, академиянын түзүмдүк бөлүмү):

1) жогорку кесиптик билим берүү программаларын жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашыруу;

2) адистерди даярдоону, кайра даярдоону, жогорку кесиптик билими бар кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, кесиптик иштин белгилүү бир тармагы үчүн илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону жүзөгө ашыруу;

3) адистерди даярдоо профили боюнча фундаменталдык, ошондой эле колдонмо мүнөздөгү илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

4) беш жылда бир жолудан кем эмес окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;

5) негизги жумуш орду КЖБ уюму болуп саналган окутуучулардын санынан илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулардын саны 45%дан кем эмес;

6) тиешелүү адистик боюнча же адистиктин тиешелүү профили боюнча бир илимдин доктору же эки илимдин кандидаты же эки философия докторунун (PhD) болушу.

13. КЖБ уюмдарына теңдештирилген уюмдарды (консерватория, жогорку мектеп, жогорку окуу жай) баалоо критерийлери:

1) жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу;

2) беш жылда бир жолудан кем эмес окутуучулардын квалификациясын жогорулатууну камсыз кылуу;

3) негизги жумуш орду КЖБ уюму болуп саналган окутуучулардын санынан илимий даражасы жана илимий наамы бар окутуучулардын саны 45%дан кем эмес;

4) бир илимдин докторунун же эки илимдин кандидатынын же эки философия докторунун (PhD)/тиешелүү адистиктин профили боюнча же адистиктин тиешелүү профили боюнча доктордун болушу.

14. Ушул жобонун 11-13-пункттарында көрсөтүлгөн баалоо критерийлери Кыргыз Республикасынын ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, прокуратура органдарынын адистештирилген мамлекеттик КЖБ уюмдарына жайылтылбайт.

 

3-глава. КЖБ уюмдарын башкаруу

 

15. КЖБ уюмуна түздөн-түз жетекчиликти ректор, начальник же башка жетекчи жүзөгө ашырат.

16. "Улуттук" статусу бар мамлекеттик КЖБ уюмдарынын жетекчилери кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

Өзгөчө статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат (кайра дайындалат) жана кызмат ордунан бошотулат. КЖБ уюмуна өзгөчө статус ыйгарылган учурда бул уюмдун жетекчиси кайра дайындалат. Өзгөчө статусу бар КЖБ уюмунун жетекчисин кайра дайындоодо анын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү сакталат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, прокуратура органдарынын адистештирилген мамлекеттик КЖБ уюмдарынын жетекчилерин кошпогондо, мамлекеттик КЖБ уюмдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан дайындалат жана бошотулат.

Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, прокуратура органдарынын адистештирилген мамлекеттик КЖБ уюмдарынын жетекчилери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана бошотулат.

Жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын, анын ичинде "улуттук" жана өзгөчө статусу бар билим берүү уюмдарынын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда бошотуу тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

17. Мамлекеттик КЖБ уюмунун, анын ичинде "улуттук" жана өзгөчө статусу бар КЖБ уюмунун жетекчисинин кызмат ордуна квалификациялык талаптар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

18. Мамлекеттер аралык макулдашууга кол коюу жолу менен уюштурулган КЖБ уюмдарынын жетекчилери ошол макулдашууга ылайык дайындалат. Жетекчини кызмат ордуна дайындоонун кезектүүлүгү тийиштүү мамлекеттер аралык макулдашуу менен аныкталат.

19. Мамлекеттик КЖБ уюмдарынын жетекчилери кызматка беш жылдык мөөнөткө дайындалат. Бир эле адам мамлекеттик КЖБ уюмунун жетекчисинин ишин жалпысынан алганда бир эле мамлекеттик КЖБ уюмунда он жылдан ашык жүргүзө албайт.

20. Мамлекеттик КЖБ уюмунун, анын ичинде "улуттук" жана өзгөчө статусу бар билим берүү уюмунун жетекчиси кызмат ордунан бошотулган учурда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган анын милдеттерин аткарууну жаңы жетекчи дайындалганга чейин жетекчинин орун басарларынын бирине убактылуу жүктөйт. Мамлекеттик КЖБ уюмунун жетекчисинин милдетин аткаруучу билим берүү уюмунун кызматкерлерин кызмат ордунан бошотууга же дайындоого укугу жок.

21. Өзгөчө статусу бар мамлекеттик КЖБ уюмдарын кошпогондо, мамлекеттик КЖБ уюмдарынын окуу иштери боюнча проректорлору КЖБ уюмдарынын жетекчилеринин сунушу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дайындалат жана бошотулат. Өзгөчө статусу бар мамлекеттик КЖБ уюмдарынын окуу иштери боюнча проректорлору ошол билим берүү уюмдарынын жетекчилери тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат. Мамлекеттик КЖБ уюмдарынын окуу иштери боюнча проректорлорун кошпогондо, проректорлор КЖБ уюмдарынын жетекчилери тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.

Мамлекеттик КЖБ уюмдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, өзгөчө статусу бар КЖБ уюмдарын кошпогондо, тийиштүү профилдеги илимий даражасы бар адистердин ичинен контракттык-конкурстук негизде КЖБ уюмунун уставында белгиленген тартипте дайындалат.

22. Ушул Жобонун 20, 21-пункттарындагы талаптар ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, прокуратура органдарынын адистештирилген мамлекеттик КЖБ уюмдарына жайылтылбайт.

23. Мамлекеттик КЖБ уюмунун жетекчиси төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда ээлеген кызматынан бошотулат:

- КЖБ уюму аккредитациядан өтпөсө же анын статусу төмөндөсө;

- мамлекеттик КЖБ уюмунун жетекчилиги белгиленген тартипте аныкталган окуу, илимий, финансы-чарбалык иш жана кадрлар менен иштөө чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузса.

Мамлекеттик КЖБ уюмунун жетекчиси мөөнөтүнөн мурда бошотулганда тиешелүү иш участогу үчүн түздөн-түз жооп берген анын орун басарлары да кызматтан бошотулат.

24. Мамлекеттик эмес КЖБ уюмун түздөн-түз башкарууну илимий даражасы бар адистердин ичинен уюмдаштыруучу(лар) же көзөмөлчүлүк кеңеши тарабынан дайындалган жетекчи жүргүзөт. Мамлекеттик эмес (жеке) КЖБ уюмунун жетекчисин кызматка дайындоо жана бошотуу жол-жобосу, ошондой эле ыйгарым укуктары уюмдаштыруучу(лар) тарабынан Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык аныкталат жана КЖБ уюмунун уставында белгиленет.

25. КЖБ уюмунун жетекчиси:

- КЖБ уюмунун ишинин натыйжалары, билим берүүнүн жана адистерди даярдоонун сапатынын мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына шайкештиги, КЖБ уюмунун илимий, финансылык жана чарба иштеринин натыйжалары үчүн жооптуу;

- билим берүү уюмунун атынан башка бардык уюмдарда аракеттенет, анын мүлкүн жана акча каражаттарын тескейт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептерди ачат жана кредиттерди тескөөчү болуп саналат;

- КЖБ уюмунун уставына ылайык кадрдык курамын жана түзүмүн калыптандырат;

- компетенциясынын чегинде бардык кызматкерлер жана билим алуучулар үчүн аткаруу милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;

- КЖБ уюмунун уставында каралган башка функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткарат.

26. КЖБ уюмдары билим берүү, административдик, финансы-экономикалык ишти өз алдынча жүзөгө ашырууга, башкаруу чечимдерин, анын ичинде адам ресурстарын жана активдерди башкаруу маселелеринде чечимдерди кабыл алууга, "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана КЖБ уюмунун уставына ылайык билим берүү жана башка ишти колдоо жана өнүктүрүү үчүн бюджеттик жана атайын каражаттарды тескөөгө укуктуу. КЖБ уюмунун окуу процессин, илимий жана чарбалык иштин уюштурууга мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын кийлигишүүсүнө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган учурларда гана жол берилет.

27. КЖБ уюму өзүнүн ишинин натыйжалары боюнча бухгалтердик жана статистикалык эсепке алууну жүзөгө ашырат жана белгиленген тартипте ал карамагында болгон мамлекеттик башкаруу органдарына жана статистика мекемелерине отчет берет.

 

4-глава. КЖБ уюмдарын түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу тартиби

 

28. Менчиктин ар кандай формасындагы КЖБ уюмдарын түзүү, башкаруу, кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары жана КЖБ уюмунун уставы менен жөнгө салынат.

Мамлекеттик билим берүү стандарттарын сактоо шартында мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар, эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар КЖБ уюмунун уюмдаштыруучулары боло алат.

29. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аскердик кызмат каралган министрликтер жана аткаруу бийлигинин башка органдары үчүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу КЖБ уюмдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлөт.

30. Мамлекеттик КЖБ уюмдарынын уюмдаштыруучулары болуп Министрлер Кабинети, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана башка мамлекеттик органдар саналат.

31. КЖБ уюму тийиштүү окуу жана материалдык-техникалык база, илимий-педагогикалык кадрлар, окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо болгондо уюмдаштырылышы мүмкүн.

32. Жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу укугуна жаңыдан түзүлгөн КЖБ уюму билим берүү ишине лицензия алган учурдан тартып ээ болот, квалификацияларды ыйгаруу жана билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүү укугуна - аккредитациялангандан кийин, финансылык-чарбалык ишти жүргүзүү бөлүгүндө юридикалык жактын укугуна - ал юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып ээ болот.

33. КЖБ уюму ЖОЖдон кийинки кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу (изденүүчүлөрдү, аспиранттарды, докторанттарды ж.б. даярдоо) укугуна аккредитациядан өткөндөн кийин ээ болот.

34. КЖБ уюмдарын жана программаларды лицензиялоо, аккредитациялоо тартиби Министрлер Кабинети бекиткен лицензиялоо жана аккредитациялоо жөнүндө жоболор менен аныкталат.

35. КЖБ уюмун кайра уюштуруу же жоюу, эреже катары, окуу жылынын аягында ишке ашырылат. Бул учурда уюмдаштыруучу билим алуучуларды башка билим берүү уюмдарына которуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат.

КЖБ уюму кайра уюштурулганда, түзүмү жана статусу өзгөргөндө КЖБ уюмунун уставына тиешелүү өзгөртүүлөр (толуктоолор) киргизилет.

 

5-глава. КЖБ уюмдарынын түзүмү

 

36. Ички иштер, коргоо, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, прокуратура органдарынын адистештирилген мамлекеттик КЖБ уюмдарын кошпогондо, КЖБ уюмдары өздөрүнүн түзүмүн ушул Жободо жана уставда белгиленген тартипте, аларда болгон каражаттардын чегинде түзөт. КЖБ уюмдарында юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөр же аларга мүлк бөлүп берүү менен филиалдар түзүлүшү мүмкүн. Юридикалык жактын статусу бар түзүмдүк бөлүмдөр жана филиалдар КЖБ уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте түзүлөт, кайра уюштурулат жана жоюлат.

37. КЖБ уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрү филиалдарды жана башка бөлүмдөрдү түзүүгө укугу жок.

Бир КЖБ уюмунун алкагында бир багыт же бир адистик боюнча студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо үчүн кайталоочу түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.

38. КЖБ уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрү белгиленген тартипте жалпы орто, башталгыч кесиптик, орто кесиптик, жогорку кесиптик билим берүү программаларын, ошондой эле кошумча жана ЖОЖдон кийинки билим берүү программаларын ишке ашыра алат.

39. Жалпы орто, башталгыч кесиптик жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу түзүмдүк бөлүмдөр билим берүү ишинин маселелеринде тиешелүү билим берүү уюмунун ыйгарым укуктарына ээ болууга тийиш.

40. КЖБ уюму, анын ичинде бардык түзүмдүк бөлүмдөрү бирдиктүү окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары иштейт. Окуу-илимий-өндүрүштүк комплекс катары КЖБ уюмунун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ортосундагы мамилелердин формалары уставда белгиленет.

41. КЖБ уюму өзү түзгөн түзүмдүк бөлүмдөрдөгү окуу жана илимий процесстердин натыйжалуулугуна жана сапатына, ошондой эле түзүмдүк бөлүмдөр жөнүндө жоболордо белгиленген башка милдеттенмелер боюнча жоопкерчилик тартат.

42. Билим берүү уюмдары коомдук уюмдарды жана бирикмелерди (бирликтерди, академияларды, кесиптик ассоциацияларды, окуу-методикалык бирикмелерди, илимий-методикалык, илимий-техникалык жана башка кеңештерди жана уюмдарды), окуу-өндүрүштүк жана инновациялык бөлүмдөрдү түзө алат.

 

6-глава. КЖБ уюмдарынын филиалдары

 

43. Билим берүү уюму жайгашкан жерден тышкары жайгашкан жана анын функцияларынын бардыгын же бир бөлүгүн жүзөгө ашырган КЖБ уюмунун жана чет өлкөлүк билим берүү уюмунун обочолонгон бөлүмү филиал болуп саналат.

44. Билим берүү ишин жүргүзүү үчүн КЖБ уюмунун филиалы зарыл болгон окуу-материалдык база болгондо, окуу процесси илимий-педагогикалык кадрлар, методикалык, маалыматтык жана финансылык ресурстар жана тиешелүү социалдык-тиричилик шарттар менен камсыз болгондо түзүлөт.

45. Филиалдын аталышы өзүнө "филиал" деген сөздү, КЖБ уюмунун толук аталышын камтууга жана филиал жайгашкан аймак же жер көрсөтүлүүгө тийиш. КЖБ уюмунун филиалынын аталышы, анын жайгашкан жери, тескөөчү документтердин реквизиттери уставга белгиленген тартипте киргизилет.

46. Филиалдар аккредитациясы бар КЖБ уюмдарында гана түзүлүшү мүмкүн.

47. КЖБ уюмунун филиалы юридикалык жак болуп саналбайт.

48. КЖБ уюмунун филиалы Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтөт.

49. Филиал өз ишин ушул Жобого жана КЖБ уюмунун уставына ылайык иштелип чыккан, КЖБ уюмунун окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилген жобонун негизинде жүргүзөт. Филиал жөнүндө жободо функциялар жана КЖБ уюму тарабынан ага өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар көрсөтүлүүгө тийиш. Филиалда шайланган өкүлчүлүктүү орган - филиалдын окумуштуулар кеңеши түзүлөт.

50. Филиалдын ишин түздөн-түз башкарууну илимий даражасы жана КЖБ уюмунда окуу-методикалык, илимий жана уюштуруу иштери боюнча тажрыйбасы бар кызматкерлердин ичинен КЖБ уюмунун жетекчисинин буйругу менен дайындалган жетекчи (директор) ишке ашырат.

51. Филиалдын жетекчиси (директору) КЖБ уюмунун жетекчиси тарабынан берилген ишеним кат боюнча мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, жеке жана юридикалык жактар менен мамилелерде филиалдын атынан чыгууга, алар менен филиалдын ишине тиешелүү келишимдерди, контракттарды жана башка макулдашууларды түзүүгө укуктуу.

52. Филиал кесиптик билим берүү программаларын билим берүү ишмердигине лицензиясы болгон шартта жарым-жартылай же толук көлөмдө ишке ашыра алат.

53. Филиалдын түзүмүндө факультеттер, кафедралар, илимий-изилдөө лабораториялары жана башка бөлүмдөр болушу мүмкүн.

54. Билим берүү программасы толук көлөмдө ишке ашырылуучу, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоо жүргүзүлгөн филиал аккредитациядан өз алдынча же ал бөлүмү болуп саналган КЖБ уюмунун курамында өтөт.

Билим берүү программалары жарым-жартылай ишке ашырылуучу филиал аккредитациядан КЖБ уюмунун курамында өтөт.

55. Филиалда билим алуучуларды окууга кабыл алуунун көлөмүн ал курамына кирген башкы КЖБ уюму аныктайт.

56. Аккредитациядан өткөн филиал бүтүрүүчүлөргө филиалдын жана өзү курамына кирген башкы КЖБ уюмунун аталышын, жайгашкан жерин көрсөтүү менен мамлекеттик же өздүк үлгүдөгү документтерди берет.

57. Кыргыз Республикасынын аймагындагы башка мамлекеттин КЖБ уюмунун филиалы, ошондой эле чет мамлекеттин аймагындагы Кыргыз Республикасынын КЖБ уюмунун филиалы Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине (макулдашууларына) ылайык түзүлөт, лицензиялоодон жана аккредитациялоодон өтөт жана өз ишин жүзөгө ашырат.

 

7-глава. КЖБ уюмунун билим берүү иши

 

58. КЖБ уюмдарында адистерди даярдоо Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн багыттарынын жана адистиктеринин тизмесине ылайык жүзөгө ашырылат.

59. Жогорку кесиптик билим берүүнүн багыттары жана (же) адистиктери боюнча билим берүү программаларын ишке ашыруу укугуна КЖБ уюму (өзгөчө статуска ээ мамлекеттик КЖБ уюмдарын кошпогондо) лицензиялоонун жыйынтыгы боюнча ээ болот. Өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик КЖБ уюмдарынын иши лицензияланууга тийиш эмес.

60. КЖБ уюму кадрларды даярдоону республикалык бюджеттен каржылануучу мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар менен келишим боюнча окутуунун акысын төлөө менен ишке ашырат.

61. Мамлекеттик билим берүү грантынын эсебинен КЖБ уюмдарында окуу үчүн багыттар жана адистиктер боюнча билим алуучуларды кабыл алуу планы Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. Окутуунун акысын төлөө менен келишимдер боюнча орундарга билим алуучуларды кабыл алуу планы билим берүү ишине лицензияга ылайык КЖБ уюму тарабынан түзүлөт.

62. Багыттар жана (же) адистиктер боюнча билим берүүнүн мазмуну сактоо милдеттүү болуп саналган тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын негизинде КЖБ уюму тарабынан аныкталат. КЖБ уюмдары мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарын аткарбагандыгы үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан чаралар көрүлөт.

63. Өзгөчө статуска ээ болгон мамлекеттик КЖБ уюмдары мамлекеттик билим берүү стандарттарына теңдештирилген билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө укуктуу.

64. Жогорку кесиптик билим берүү программалары төмөнкүдөй формаларда өздөштүрүлөт: күндүзгү, күндүзгү-сырттан (кечки), сырттан окуу жана экстернат формасында.

Сырттан, күндүзгү-сырттан (кечки) формада жана экстернат формасында жогорку кесиптик билим берүү программасын ишке ашырууга КЖБ уюму күндүзгү форма боюнча окуткан жана Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге ылайык сырттан, күндүзгү-сырттан (кечки) формада жана экстернат формасында даярдоого тыюу салынбаган багыттар же адистиктер боюнча уруксат берилет.

КЖБ уюму аралыктан билим берүү технологияларын, ошондой эле окутуунун гибриддик методун колдонууга укуктуу, мында педагог менен билим алуучунун онлайн окутуу методу менен түздөн-түз байланышы аркылуу окутуунун салттуу методу айкалыштырылат.

КЖБ уюму онлайн окутуу методу менен билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү онлайн билим берүү уюму катары билим берүү ишин жүзөгө ашырууга укуктуу.

2026/2027-окуу жылынан тартып КЖБ билим берүү уюмдары жалпы орто жана кесиптик башталгыч (жалпы орто билими жөнүндө документи болгон учурда) билим берүүнүн базасында сырттан окутуу формасы жүргүзүлбөйт.

КЖБ билим берүү уюмдарына кесиптик орто жана кесиптик жогорку билим берүүнүн базасында тездетилген программалар боюнча, ошондой эле магистрлерди даярдоо программалары боюнча аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу менен сырттан окутуу формасында адистерди даярдоого жол берилет.

Сырттан окуу формасы боюнча окутууда КЖБ билим берүү уюмдарында билим берүү процесси заманбап аралыктан окутуу технологияларын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана аралыктан идентификациялоо элементтерин милдеттүү түрдө колдонуу менен жүргүзүлөт.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-мартындагы № 189 токтомунун редакциясына ылайык)

65. Окуу процессин уюштуруу КЖБ уюму тарабынан окутуунун жогорку сапатын камсыз кылууга, студенттердин окуусунун жана турмуш-тиричилигинин коопсуз шарттарын түзүүгө негизделип ишке ашырылат.

66. КЖБ уюмундагы окуу процесси окутуунун каражаттарын, формаларын жана методдорун педагогикалык жактан негиздүү тандоого негизделет.

Окутуунун бардык формалары боюнча сабактардын негизги түрлөрү мамлекеттик (өзгөчө статусу бар болсо өз алдынча иштелип чыккан) билим берүү стандарттарынын талаптарын аткарууну камсыз кылуучу билим берүү программалары жана окуу пландары менен аныкталат. Сабактардын негизги түрлөрүнөн тышкары КЖБ уюмдары кошумча кызмат көрсөтүү түрүндө билим алуучулардын кызыкчылыктарын жана чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган факультативдик жана башка сабактардын түрлөрүн киргизе алат.

67. Окутуу тилдери окутуунун жогорку сапатын камсыз кылуу, билим алуучулардын суроо-талаптарын канааттандыруу милдеттеринен улам, окуу процессин кадрлар жана методикалык камсыздоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен КЖБ уюмдары тарабынан белгиленет.

Билим берүү процессин уюштурууда КЖБ уюму окутуу каражаты катары эки же андан көп тилди колдоно алат.

68. Окуу жылынын башталышы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. Окутуунун узактыгы, анын аякташы, жумалык окуу жүктөмү, экзамендик сессиялардын жана каникулдардын узактыгы, практикалык окутуунун түрлөрү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарына ылайык окуу пландарында белгиленет. Аудиториялык сабактардын (академиялык сааттын) узактыгы 40-50 мүнөттүн чегинде КЖБ уставында белгиленет.