Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-июлундагы № 412 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин2026-жылдын 29-июнундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай- коммуналдык чарба министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана инженердик изилдөөлөр жаатында өзүнүн ишин жүзөгө ашырат.
2. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Министрликтин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Департамент мекеменин уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде аталышы жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары, өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш эсеби бар, өзүнө бекитилип берилген мүлктү ыкчам башкарууну жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык киреше алып келүүчү ишти жүзөгө ашырууга жана аларды тескөөгө укуктуу.
4. Департаменттин юридикалык дареги: 720010, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 28.
5. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти";
- расмий тилде: "Департамент инженерных изысканий при Министерстве строительства, архитектуры и жилищно-коммунального хозяйства Кыргызской Республики".
6. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ИИД";
- расмий тилде: "ДИИ".
2-глава. Департаменттин ишинин максаты
7. Департаменттин ишинин максаты капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоо, куруу, реконструкциялоо жана эксплуатациялоо үчүн зарыл болгон инженердик изилдөөлөрдү илимий-техникалык жактан негизделген, ишенимдүү жана комплекстүү аткарууну камсыз кылуу болуп саналат.
3-глава. Департаменттин милдеттери
8. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) капиталдык курулуш объекттерин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо үчүн ишенимдүү, толук жана ар тараптуу инженердик негиздемени камсыз кылуу;
2) инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты түзүү жана ишке ашыруу;
3) инженердик изилдөөлөр боюнча ченемдик-техникалык документтерди өркүндөтүү;
4) инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарынын мамлекеттик фонддорун түзүү жана жүргүзүү;
5) инвестициялык, инфраструктуралык жана стратегиялык долбоорлордун алкагында инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу.
4-глава. Департаменттин функциялары
9. Департамент төмөнкү функцияларды аткарат:
1) инженердик изилдөөлөр жаатындагы ишти уюштуруу, координациялоо жана методологиялык жактан камсыз кылуу:
- Кыргыз Республикасынын аймагында инженердик изилдөөлөр боюнча иштерди уюштуруу, координациялоо жана методикалык жетекчилик кылуу;
- инженердик изилдөөлөрдү аткаруу боюнча типтүү техникалык тапшырмаларды, методикалык сунуштарды жана регламенттерди иштеп чыгуу жана бекитүү;
- инженердик изилдөөлөрдүн процесстерин маалыматтык жана методикалык жактан коштоо;
- тиешелүү чөйрөдө илимий-изилдөө жана тажрыйбалык-методикалык иштерди жүргүзүү;
- окутуу программаларын иштеп чыгууга катышуу, тренингдерди өткөрүү, курулуш тармагынын адистерин кесиптик жактан даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
- Департаменттин аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн ишин координациялоо, алардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу, отчеттуулукту кабыл алуу жана талдоо, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды даярдоо;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, анын ичинде аймактык башкармалыктарынын, филиалдарынын жана өкүлчүлүктөрүнүн жылдык иш-чаралар пландарын бекитүү жана аткарылышын контролдоо;
- жетекчиликтин тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдарда, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Министрликтин атынан чыгуу;
- кичи райондорду, турак жай комплекстерин, шаар куруу зоналарын, айрым имараттарды, курулмаларды жана ландшафттык объекттерди тажрыйбалык-үлгүлүү жана эксперименттик курууну уюштурууга катышуу;
2) инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну жана контролду ишке ашыруу:
- инженердик изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын абалына жана пайдаланылышына мамлекеттик мониторинг жүргүзүү;
- инженердик изилдөөлөрдүн материалдарын мыйзам талаптарына шайкештиги боюнча экспертизадан өткөрүү;
- инженердик изилдөөлөрдүн маалыматтарынын мамлекеттик фондунан маалыматтарды системалаштырууну, топтоону, сактоону жана берүүнү камсыз кылуу;
- инженердик изилдөөлөрдү аткаруучу уюмдардын бирдиктүү реестрин түзүү жана жүргүзүү;
- инженердик изилдөөлөр жаатындагы мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу;
- белгиленген тартипте административдик даттанууларды (сунуштамаларды) кароо жана чечим чыгаруу;
3) практикалык инженердик-изилдөө иштерин жана адистештирилген изилдөөлөрдү аткаруу:
- инженердик-геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
- сейсмикалык райондоштуруу жана микрорайондоштуруу боюнча иштерди аткаруу;
- физикалык-геологиялык процесстерди жана кубулуштарды, анын ичинде жер көчкүлөрдү, кулоолорду, үймөктөрдү, карсттык түзүлүштөрдү, жер бетинин чөгүшүн, селдерди, кар көчкүлөрдү, суу ташкындарын, эрозиялык процесстерди, ошондой эле жер астындагы жана жер үстүндөгү суу каптоолорду изилдөө жана баалоо;
- долбоордук жана курулуш ишинин контекстинде климаттык мүнөздөмөлөрдү изилдөө;
- өзгөчө жаратылыш факторлорунун шарттарында экологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
4) санариптештирүү жана эл аралык өз ара аракеттенүү:
- инженердик изилдөөлөрдү санариптештирүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга катышуу, натыйжалардын мамлекеттик маалыматтык системага интеграцияланышын камсыздоо;
- техникалык жөнгө салуу, тажрыйба жана маалымат алмашуу, ошондой эле адистердин квалификациясын жогорулатуу маселелери боюнча эл аралык жана улуттук уюмдар менен өз ара аракеттенүү;
- инженердик изилдөөлөр жаатында Кыргыз Республикасынын эл аралык кызматташтыгын өнүктүрүүгө катышуу;
5) ченем жаратуу жана аналитикалык иш:
- шаар куруу, архитектура, курулуш жана инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышуу;
- инженердик изилдөөлөр жаатында ченемдик-техникалык документтерди, стандарттарды жана методикаларды иштеп чыгуу;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча аналитикалык материалдарды, отчетторду, маалымкаттарды, сунуштарды жана башка документтерди даярдоо;
- Департаменттин ишине тиешелүү маселелерди Министрликтин коллегиясынын кароосуна киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында Министрликтин жетекчилигинин тапшырмасы боюнча башка функцияларды аткаруу.