Загрузка документа…
Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин түзүү жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) капиталдык салымдарга каралган каражаттардын эсебинен республикалык бюджеттен каржылануучу капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоорлорун түзүү жана ишке ашыруу тартибин белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
1) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын долбоору – милдети негизги фонддорду түзүү же кайра түзүү болуп саналган капиталдык салымдарды ишке ашыруу боюнча иш-чара;
2) капиталдык салымдар – негизги фонддорду түзүүгө жана кайра түзүүгө багытталган бюджеттик каражаттар:
– жаңы объекттерди курууга, капиталдык оңдоого, реконструкциялоого жана долбоорлоо-изилдөө иштерин иштеп чыгууга;
– мамлекеттик (муниципалдык) органдардын жайларын техникалык жабдууга;
– машиналарды, жабдууларды жана башка техникаларды сатып алууга;
3) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекти – капиталдык салымдар түрүндө бюджеттик инвестициялардын долбоорун ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн (реконструкцияланган) имараттар, курулуштар жана курулмалар (административдик имараттар, инженердик-техникалык курулмалар, автомобиль жолдору);
4) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекттеринин мамлекеттик заказчылары – объекттерди курууга, капиталдык оңдоого жана реконструкциялоого, ошондой эле капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекттери үчүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого ыйгарым укук берилген бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү (мындан ары – БКБТ);
5) мамлекеттик казына облигациялары (мындан ары – МКО) – пайыздык кирешеси (купону) бар узак мөөнөттүү мамлекеттик баалуу кагаздар;
6) капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын объекттеринин заказчы-куруучулары:
– бюджеттик мекемелер, анын ичинде курулуп жаткан объекттердин уюмдарынын;
– мамлекеттик заказчынын карамагында турган уюмдар;
– капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялардын өлчөмүнө барабар болгон нарктагы бул уюмдардын акцияларын (үлүштөрүн) мамлекеттин менчигине сатып алуу шарттарында же кайтарымдуу негизде бюджеттик инвестицияларды алуучу мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдар;
– капиталдык салымдар түрүндөгү бюджеттик инвестициялар объектисинин заказчысы-куруучусу функцияларын аткарууга БКБТ тарабынан ыйгарым укук берилген уюмдар.
3. Капиталдык салымдар түрүндө бюджеттик инвестицияларды тартуу менен түзүлгөн өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы объекттер мамлекеттик же муниципалдык башкарууга өткөрүп берилет.
2-глава. Капиталдык салымдар түрүндө
ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун
тизмегин түзүү жана бекитүү
4. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) жыл сайын белгиленген тартипте мамлекеттик заказчылардын (БКБТ) өтүнмөлөрүнүн негизинде жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тапшырмалары боюнча каржылоо булагын аныктоо менен капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин бекитет.
Ошондой эле Тизмекке киргизүү үчүн сунуштар катары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын сунуштары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдери жана курултайдын мүчөлөрүнүн кайрылуулары каралат.
5. Тизмекке артыкчылыктуу тартипте төмөнкүлөр киргизилет:
1) учурдагы жылда бүткөрүлүүгө тийиш болгон объекттер;
2) курулуш даярдыгы жогору болгон объекттер;
3) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бардык зарыл корутундулары бар авариялык объекттер жана өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жабыр тарткан объекттер;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын тапшырмаларында аныкталган объекттер.
Тизмек республикалык бюджеттин чыгымдарынын административдик, функционалдык жана экономикалык классификациясын сактоо менен ар бир мамлекеттик заказчы үчүн өзүнчө түзүлөт.
6. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган капиталдык салымдар түрүндө республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин бекитет жана тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам бекитилгенден кийин бир айдан кечиктирбестен мамлекеттик заказчылардын муктаждыгына жараша бөлүштүрөт жана маалыматты белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитетине жиберет.
7. БКБТ инвестициялык долбоорлордун ар бири үчүн төмөнкүдөй документтердин пакетин түзөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет:
1) объекттин техникалык абалы жөнүндө маалыматтар (реконструкциялоо же капиталдык оңдоо үчүн);
2) архитектура жана курулуш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык долбоордук документтерди бекитүү тууралуу документтер (долбоордук документтер иштелип чыкпаган болжолдонгон долбоорлордон тышкары);
3) объектти куруунун (реконструкциялоонун) сметалык наркы;
4) долбоор аяктагандан кийинки объектти камсыздоо үчүн зарыл болгон бюджеттик ресурстардын эсеби;
5) капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлорду каржылоого (үлүштүк каржылоодо) каралган республикалык бюджеттин, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, тышкы жардамдын каражаттарынын, зайымдык жана башка каражаттардын болушун ырастаган документтер;
6) объекттерди куруунун же реконструкциялоонун техникалык шарттарын макулдашуу үчүн мамлекеттик заказчы болуп саналбаган БКБТ капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегин шаар куруу, архитектура-курулуш иши, турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет;
7) капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизүү боюнча сунуштар жана өтүнмөлөр тиешелүү бюджеттик жылдын аягына чейин каралат;
8) МКОну чыгаруу жолу менен каржылануучу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин реестрине киргизүү үчүн БКБТ ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга ар бир объект боюнча сумманы көрсөтүү менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин тизмесин, ошондой эле товарларды берүүгө (жумуштарды аткарууга, кызматтарды көрсөтүүгө) түзүлгөн контракттын көчүрмөсүн жана түзүлгөн контрактка кошумча макулдашууну берет.
8. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган капиталдык салымдар түрүндө республикалык бюджеттен каржылануучу курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттеринин тизмегин бекитет жана бекитилген тизмекти Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберет.
9. Капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлордун тизмегине кирбеген капиталдык салымдар түрүндө ишке ашырылуучу инвестициялык долбоорлор бекитилген тизмекке өзгөртүүлөрдү киргизүү менен тиешелүү бюджеттик жылга сектордо бюджеттик инвестицияларды жүзөгө ашырууга ассигнованиелер көбөйгөн учурда киргизилиши мүмкүн, ошондой эле БКБТнын сунуштарына ылайык тиешелүү жылга бекитилген көлөмдүн чектеринде каражаттарды кайра бөлүштүрүү менен ишке ашырылышы мүмкүн.