Загрузка документа…
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 6-августундагы № 473 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618, 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик финансылык активдерди башкаруунун алкагында келип түшкөн каражаттарды топтоо максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсебин ачуунун максаты эл аралык жана ички капитал рыногунда мамлекеттик зайымдарды тартуунун эсебинен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын (мындан ары – мамлекеттик карыз) өз убагында жана толук тейлөө үчүн республикалык бюджетке жүктөмдү азайтуу болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Бул Жободо пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
– эсептешүү банкы – жеңилдетүү эсебиндеги каражаттарды башкаруунун алкагында бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) чечимдерин техникалык жактан аткарууну камсыз кылуучу мамлекеттик үлүш катышкан коммерциялык банк;
– мамлекеттик карызды жеңилдетүү эсеби (жеңилдетүү эсеби) – ушул Жобого ылайык иш-чараларга пайдалануу максатында финансылык активдерди башкаруунун алкагында каражаттарды топтоо үчүн эсептешүү банкында атайын ачылган эсеп.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)
3-глава. Жеңилдетүү эсебине келип түшкөн каражаттарды түзүү булактары
4. Жеңилдетүү эсебинде топтолгон каражаттарды түзүү булактары болуп капитал рыногунда мамлекеттик карыз алуудан тартылган каражаттарды башкаруунун алкагында келип түшкөн төмөнкү ресурстар жана республикалык бюджеттин башка каражаттары саналат:
1) мамлекеттик карыз алуунун алкагында тартылган каражаттарды жана республикалык бюджеттин башка каражаттарын алардын уставдык капиталын көбөйтүүгө багыттоонун натыйжасында алынуучу, мамлекеттик компаниялардын таза пайдасынан республикалык бюджетке түшкөн дивиденддер;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) сатып алуунун артыкчылыктуу укугунун алкагында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу баалуу металлдарды жана асыл таштарды сатуудан түшкөн кирешелер;
3) эл аралык капитал рыногунда зайымдарды тартуунун алкагында каражаттарды Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүзөгө ашырган коммерциялык банктардын депозиттерине жайгаштыруудан алынуучу кирешелер;
4) башка эмитенттердин финансылык активдерине инвестициялоодон алынуучу кирешелер (башка мамлекеттердин баалуу кагаздары, корпоративдик баалуу кагаздар жана башка финансылык активдер);
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте жеңилдетүү эсебинин каражаттарынын эсебинен берилген кредиттерден түшкөн пайыздык кирешелер;
6) өлчөмү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана эсептешүү банкы менен макулдашуу боюнча аныкталуучу жеңилдетүү эсебиндеги каражаттардын калдыктарына эсептелген пайыздык кирешелер;
7) жеңилдетүү эсебинин каражаттарын башкаруунун алкагында түшкөн кирешелер;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-февралындагы № 136 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Ушул Жобонун 4-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында көрсөтүлгөн булактардан кирешелер жеңилдетүү эсебине республикалык бюджет аркылуу, ал эми ушул Жобонун 4-пунктунун 3–7-пунктчаларында көрсөтүлгөндөр – түздөн-түз түшөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 618 токтомунун редакциясына ылайык)