КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-июлу № 446
Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген айрым кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 28-майындагы № 167 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик чөйрөсүнүн айрым кызматкерлеринин эмгек акысын теңдештирүү жана түзүүнүн бирдиктүү моделине келтирүү жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 6, 61-тиркемелери ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 10, 11-тиркемелери ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 13-17-тиркемелери ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтомдун 20, 201-тиркемелери ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
5) жогоруда аталган токтомдун 21, 22-тиркемелери ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 435 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 6-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июлунан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Финансы академиясынын кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери