Редакцияот 01.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Нарын шаардык кеңешинин VI чакырылыштагы кезексиз XI сессиясы

 

2025-жылдын 1-августу  №1

 

 Vчакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин 15-август 2024-жылдагы ХХХVII сессиясынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын , сот,    прокуратура органдарынын кызматкерлеринин убактылуу жашоосу үчүн курулган турак үйлөрдү жана  жер аянттарын муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берүү боюнча” 6-токтомуна өзгөртүү жана

 толуктоо киргизүү жөнүндө

 

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамын, Нарын шаардык Кеңешинин Регламентинин жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы   “ Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы , транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун чечимине ылайык  Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

1.              V чакырылыштагы Нарын шаардык Кеңешинин 15-август 2024-жылдагы ХХХVII сессиясынын №6 токтомунун 1-пунктундагы “И.Раззаков көчөсү №39 дарегинде   жайгашкан 363,0 чарчы метр жер тилкеси имараттары менен  (идентификациялык коду 4-05-01-0002-0399)  белгиленген тартипте муниципалдык менчиктин балансына кабыл алууга макулдук берилсин”-деген сүйлөмдөгү №39 деген санга “в” тамгасы кошулуп,  №39в- деп толукталсын жана   идентификациялык кодунда көрсөтүлгөн (4-05-01-0002-0399) 03 санынын ордуна 04 саны жазылып, (4-05-01-0002 -0499) - деп өзгөртүү киргизилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин алдындагы “Муниципалдык, менчик жер, курулуш, архитектура, отун энергетикасы, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Төрага

Ж. Эсеналиев