Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-апрели № 3078-VII

 

Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-1-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын төмөнкүдөй курамы бекитилсин:

1) Акаев Жанарбек Кубанычович – “Ала-Тоо” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

2) Сейтказиева Эркеайым Алымовна – “Мекенчил” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

3) Сагынаев Болот Турусбекович – “Элдик” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

4) Талиева Камила Абдыразаковна – “Ата-Журт” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

5) Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;

6) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)

7) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)

8) (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомуна ылайык күчүн жоготту)

9) А.А.Асанканов - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги;

10) З.К.Курманов - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын проректору, тарых илимдеринин доктору, профессор;

11) Т.Т.Сырдыбаев - Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент;

12) Ч.И.Арабаев - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти;

13) Р.Д.Кыштобаев - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын начальниги;

14) М.М.Кадырова - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүм башчысы;

15) М.А.Алыбаева - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив агенттигинин директору;

16) Ш.З.Мамытканов - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекеттик башкаруу жана укук коргоо системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдар башкармалыгынын башкы адиси;

17) Э.А.Ногойбаева - "Центр Полис Азия" коомдук бирикмесинин директору;

18) К.К.Иманалиев - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы;

19) М.Кубанычбек уулу - "Кыргызстанды өнүктүрүү фонду" коомдук фондунун төрагасы;

20) А.О.Кулматов - "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редактору;

21) Б.Ш.Шамшиев - "Азаттык" радиосунун журналисти.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 12-февралындагы № 165-VIII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төраганын орун басары

 

Н.А. Азыгалиев