Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 37 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын
шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы
үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 19-августундагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү түшүнүгү жана мөөнөттөрү
2. Майыптыгы бар шайлоочуларды үгүттөөнүн өзгөчөлүктөрү
3. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу үгүт жүргүзүү формасы
§ 1. Теле көрсөтүү жана радио боюнча шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
§ 2. Дебаттарды уюштуруу жана өткөрүү тартиби
§ 3. Басма сөз жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар аркылуу шайлоо алдында үгүт жүргүзүү
4. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу
5. Массалык иш-чараларды өткөрүү аркылуу шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
6. Шайлоо алдындагы үгүт маселелери боюнча шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары
7. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдалануулардын жол берилбестиги
8. Шайлоо алдындагы үгүттүн эрежелерин бузгандыгы үчүн юридикалык жоопкерчилик
1. Ушул “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн, ошондой эле шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет басылмалардын шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышуусунун тартибин жана шарттарын жөнгө салат.
2. Бул Жобонун максаты жарандар, талапкерлер, саясий партиялар жана башка шайлоо процессинин субъекттери тарабынан шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө шайлоо мыйзамдарын бир түрдүү пайдаланууну камсыз кылуу, шайлоо жөнүндө мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эркин үгүт жүргүзүүнү камсыз кылуу болуп саналат.
3. Бул Жобо Конституцияга, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, (мындан ары - конституциялык Мыйзам), Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө”, “Журналистин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө”, “Маалымат алуу укугу жөнүндө”, “Тынч чогулуштар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссия) башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
1. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
түшүнүгү жана мөөнөттөрү
4. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, талапкерлердин, саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана ишенимдүү адамдарынын шайлоочуларды тигил же бул талапкерлерге же болбосо аларга каршы добуш берүүгө түрткөн же болбосо түртүү максатын көздөгөн шайлоо өнөктүгүнүн мезгилиндеги маалыматтарды даярдоо жана таратуу боюнча иштери шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү болуп саналат.
5. Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөн күндөн тартып башталат жана добуш берүүгө чейин 24 саат калганда токтотулат.
6. Кыргыз Республикасынын жарандарына, талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо өткөрүлгөндө конституциялык Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык мамлекет тарабынан эркин үгүт иштерин жүргүзүү камсыз кылынат.
7. Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн үгүт иштерин жүргүзүүгө, ар кандай талапкерлерди жактап же аларга каршы үгүт жүргүзүүгө, шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоо менен талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого укуктуу.
8. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлер, саясий партиялар талапкердин, макулдугу боюнча гана жана анын шайлоо фондусу аркылуу каржылоо талап кылынган шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүгө укуктуу.
Үгүт иштери жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет басылмалар аркылуу чогулуштарда, митингдерде өткөрүлүшү мүмкүн. Үгүт иштеринин формасы жана ыкмасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш.
9. Төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт деп таанылат:
1) тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө, болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
2) айрым талапкерлерге, саясий партияларга карата колдоону билдирүү;
3) талапкерлерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
4) талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
10. Шайлоо өткөрүүдө үгүт иштери төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн:
1) жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
2) концерттерди, театралдаштырылган көрсөтүүлөрдү, ошондой эле спорттук иш-чараларды кошпогондо, эл алдында ачык үгүт иштерин (митингдерди, чогулуштарды, теле дебаттарын) жүргүзүү аркылуу;
3) басылма, аудиокөрсөтүү жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таркатуу жолу менен;
4) конституциялык Мыйзамда тыюу салынбаган башка формаларда.
Кыргыз Республикасынын, саясий партиянын гимнин аткаруу концерт болуп саналбайт.
11. Үгүт жүргүзүүгө, бардык үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга төмөнкүлөр укуксуз:
– мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылар;
– Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдар;
– жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар;
– шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү;
– байкоочулар;
– эл аралык байкоочулар;
– диний уюмдардын өкүлдөрү;
– кайрымдуулук иштери менен алектенген уюмдардын мүчөлөрү жана уюштуруучулары;
– 18 жашка толо элек адамдар (шайлоо өнөктүгүндө эмблемалар, логотиптер, ураандар, слогандар же талапкердин сүрөтү менен талапкердин, саясий партиянын сүрөттөрүн кошо алганда, анын ичинде таратылган үгүт материалдарындагы мындай адамдардын билдирүүлөрүн колдонуу);
– чет өлкөлүк жарандар жана уюмдар;
– жарандыгы жок адамдар;
– аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлери.
2. Майыптыгы бар шайлоочуларды
үгүттөөнүн өзгөчөлүктөрү
12. Талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, аудиокөрүү жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуктуу.
Талапкерлер, саясий партиялар майыптыгы бар шайлоочулар үчүн окуу үчүн ыңгайлуу болгон чоңойтулган тамгалар менен басылган, сурдокоторууну жана субтитрлерди, ошондой эле Брайль арибин пайдалануу менен, үгүт материалдарынын нускасынын жалпы санынын бир пайызынан кем эмес санда үгүт материалдарын жарыялоого жана таркатууга милдеттүү.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттары жана
интернет-басылмалар аркылуу үгүт
жүргүзүү формасы
13. Шайлоо алдындагы үгүткө Борбордук шайлоо комиссиясында аккредитештирилген жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары катышууга укуктуу.
14. Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жетүүсүнө бирдей шарттар кепилденет.
15. Талапкерлер, саясий партиялар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу өзүнүн үгүт иштеринин формасын жана мүнөзүн белгилеп алууга укуктуу.
16. Талапкерлер, саясий партия үгүт материалдарын жайгаштыруу үчүн акысыз берилген телеберүүнү ишке ашыруучу уюмдардын каналдарында үгүт жүргүзүү үчүн берилген эфир убактысын, басылма продукцияны, аянтчаны төмөнкү максаттарга колдонууга укугу жок:
1) талапкерге каршы добуш берүүгө чакырыктарды таратууга;
2) кайсы бир талапкер (кайсы бир талапкерлер), катталган талапкерди көрсөткөн саясий партия тууралуу маалыматтарды терс комментарийлер менен таратууга;
3) талапкерге, катталган талапкерди көрсөткөн саясий партияга карата шайлоочуларда терс мамилени жаратууга көмөктөшүүчү маалыматтарды таратууга.
17. Талапкерлердин чыгып сүйлөөсүн токтотууга, ошондой эле аны кандайдыр бир комментарийлер менен коштоого тыюу салынат.
18. Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат. Шайлоо өткөрүү мезгилинде чет өлкөлүк теле- жана радио программалар жазылып алынган түрүндө берилет. Талапкер, талапкерлердин тизмесине киргизилген талапкерлердин ар намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген теле- жана радио программаларды жазып алып берүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда ушуга окшогон маалыматтарды таратканы үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчилик тартышат.
19. Эгерде көрсөтүлгөн адамдар ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмаларынын уюштуруучулары жана бир эле учурда талапкерлер же болбосо конституциялык Мыйзамга ылайык алардын өкүлдөрү болуп саналса, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакцияларынын журналисттерине, башка чыгармачыл кызматкерлерине, ошондой эле кызмат адамдарына маалыматтык теле- жана радио программаларын алып барууга, ошол жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары аркылуу шайлоону чагылдырууга катышууга тыюу салынат. Ушул эреже ушул Жободо каралган тартипте мамлекеттик жана жергиликтүү телерадио уюмдарынын мамлекеттик жана жергиликтүү каналдарында көрсөтүлгөн адамдар акысыз обо убактысын пайдаланганда үгүттөп чыгып сүйлөөлөрүнө тиешелүү болбойт.
20. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары, ээлери) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге, саясий партияларга шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүдө тең мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга милдеттүү.
21. Ушул жобонун 20-пунктунун колдонулушуна туура келбеген жалпыга маалымдоо каражаттары, интернет-басылмалар, талапкерлерге, саясий партияларга обо убактысын, басма аянттарын келишимдик негизде берүүгө укуктуу.
Эфир убактысын берүүнүн, мезгилдүү басма сөздө же интернет-басылмаларда жарыялоо үчүн акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болууга тийиш.
22. Шайлоо өнөктүгүнүн мезгилинде талапкерлердин аты-жөнүн же сүрөттөрүн пайдалануу менен коммерциялык жана шайлоо менен байланышпаган башка ишмердүүлүк жарнагын, ошондой эле талапкерлердин, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялардын аталышын, эмблемаларын жана башка символикаларын пайдаланган жарнакты төлөө тиешелүү шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен гана жүргүзүлөт. Добуш берүү күнү жана добуш берүү күнүнөн мурунку күнү мындай жарнакка, анын ичинде шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен төлөнгөн жарнакка жол берилбейт.
23. Шайлоо өткөрүүдө обо убактысына жана басма сөз аянтына же интернет-басылмаларда жарыялоо укугуна акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылмалардын ээси тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына аккредитациялоо максатында шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийин 20 календардык күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.
Берилген маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жалпыга маалымдоо үчүн шайлоолорду дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыяланган күндөн тартып 25 күндөн кеч эмес жарыяланат.
24. Катталган талапкерлери көрсөтүлгөн саясий партияларга эфирдик убакыт, басылма орундарын берген же интернет-басылмаларда укук берген телерадио уюмдар, интернет-басылмалар жана мезгилдүү басма сөз редакциялары (менчигинин түрүнө карабастан) ушул жободо белгиленген эсеп жүргүзүүнүн түрүнө жана тартибине ылайык алардын көлөмү жана баасы тууралуу өзүнчө эсеп жүргүзүүгө милдеттүү. Мындай эсептин маалыматтары шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн ар бир 10 күнүндө жана добуш берүү күнүнөн кийин 10 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
Борбордук шайлоо комиссиясынан суроо-талап келип түшкөн учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын редакциясы суроо-талап берилген күндөн тартып үч күндүн ичинде ага жазуу жүзүндө маалымат берүүгө, ал эми зарыл болгон учурда суралган материалдардын көчүрмөсүн берүүгө милдеттүү.
§ 1. Теле көрсөтүү жана радио боюнча
шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү
25. Уюштуруучулары (тең уюштуруучулары) мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же аларга ведомстволук баш ийүүдөгү мекемелер жана ишканалар болуп саналган, толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланган жалпыга маалымдоо каражаттары, же интернет-басылмалар, ошондой эле салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдө башка жалпыга маалымдоо каражаттарына салыштырганда жеңилдиктери бар жана шайлоо өткөрүлүп жаткан аймакта телерадио берүүнү жүзөгө ашыруучу жалпыга маалымдоо каражаттары талапкерлерге бул телерадио уюмдарынын каналдарынан акысыз обо убактысын берүүгө милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы теле- жана радио программалар аудиториянын көпчүлүгүн чогултуучу - саат 20дан саат 24кө чейинкиге мезгилге туура келиши керек.
26. Президентти шайлоодо үгүт жүргүзүү үчүн мамлекеттик телерадио уюму бөлүп берген акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумушчу күндөрү бир сааттан кем болбоого тийиш. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер үчүн акысыз обо убактысынын жалпы көлөмү жумушчу күндөрү мамлекеттик жана региондук телерадио уюмдарынын каналдарында отуз мүнөттөн кем болбоого тийиш. Көрсөтүлгөн акысыз обо убактысы катталган жана берүүгө келген талапкерлердин ортосунда бирдей негизде бөлүштүрүлөт.
27. Ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн телерадио уюмдары, шайлоонун деңгээлине жараша, талапкердин, саясий партиялардын үгүт жүргүзүүсү үчүн акы төлөнүүчү обо убактысынын сактамын калтырууга милдеттүү. Көрсөтүлгөн обо убактысы келишимдин негизинде тиешелүү талапкерлердин, саясий партиянын талабы боюнча акыга берилүүсү тийиш. Сактоого калтырылган акы төлөнүүчү обо убактысынын жалпы көлөмү акысыз обо убактысынын жалпы көлөмүнөн кем болбошу, ошондой эле акы төлөөнүн өлчөмү бардык талапкерлер, саясий партиялар үчүн бирдей болушу керек. Мында ар бир талапкер, саясий партия катталган обо убактысынын жалпы көлөмүнөн ал көлөмдү талапкердин, саясий партиялардын жалпы санына бөлүштүрүүдөн алынган үлүш чегиндеги убакытты алууга укуктуу.
28. Талапкерлерге, саясий партияларга берилген акы төлөнүүчү оболук убакыттын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
29. Талапкерлерге, саясий партияларга менчигинин түрүнө карабастан обо убактысын берген телерадио уюмдары обо убактысын ошондой эле шартта (баанын, обого чыгуу убактысынын, убакыт көлөмүнүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга берүүгө милдеттүү.
30. Шайлоо алдындагы үгүткө арналган теле жана радио берүүлөрдүн тартиби, көлөмү жана убактысы телерадио уюмдарынын жетекчилиги менен макулдашуу боюнча шайлоо комиссиялары тарабынан белгиленет жана талапкерлердин, саясий партиялардын ортосунда теңчилик принцибин сактоо менен бөлүштүрүлөт.
31. Борбордук шайлоо комиссиясы чүчүкулак өткөрүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен катталышкан талапкерлерге чүчүкулак өткөрүү күнү, убактысы жана орду жөнүндө билдирет жана акысыз эфир убактысын жана басма аянтты алуу үчүн чүчүкулакка катышууга алардан келип түшкөн табыштамаларды каттайт.
Катталган талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт материалдарын, биргелешкен үгүт иш-чараларын мамлекеттик телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз негизде эфирге чыгуу күнүн жана убактысын аныктаган чүчүкулакты тийиштүү телерадио уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен тийиштүү шайлоо комиссиясы өткөрөт. Көп мандаттуу округдар боюнча катталган талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт материалдарын, биргелешкен үгүт иш-чараларын мамлекеттик жана регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында акысыз негизде эфирге чыгуу күнүн жана убактысын аныктаган чүчүкулакты тиешелүү округдук шайлооо комиссиялары жүргүзүүгө укуктуу. Чүчүкулак талапкерлерди каттоо аяктагандан кийин, бирок добуш берүү күнүнө чейин 35 күндөн кечиктирбестен жүргүзүлөт. Чүчүкулактын натыйжалары протокол менен таризделет. Чүчүкулактын натыйжасында аныкталган эфирдик убакытты бөлүштүрүү графиги шайлоо комиссиясынын чечими менен бекитилет жана тийиштүү түрдө мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда жарыяланат.
§ 2. Дебаттарды уюштуруу
жана өткөрүү тартиби
32. Бөлүнгөн акысыз эфирдик убакыттын жалпы көлөмүнүн жарымынан көбү дебаттарды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү үчүн талапкерлерге гана берилет. Акысыз эфирдик убакыттын ушул үлүшүн пайдаланууга бардык талапкерлерге бирдей негизде жол берилет.
Дебаттарды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү жалпы улуттук деңгээлде жүргүзүлөт.
Ошондой эле дебаттарды же башка ушуга окшош иш-чараларды биргелешип өткөрүү ушул Жобонун 20-пунктуна жараша аймактык телерадио уюмдарында жүргүзүлүшү мүмкүн.
33. Эгерде телерадиокомпаниялардын орун-жайлары бардык талапкерлерди бир учурда батыра албаса бардык талапкерлер үчүн бир учурда же талапкерлердин топтору менен өзүнчө өткөрүлүшү мүмкүн. Дебаттардын катышуучу топторунун курамы чүчүкулак тартуу аркылуу аныкталат.
Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына, ошондой эле регионалдык телерадио уюмдарынын каналдарында берилген телерадио уюмдарынын каналдарында жүргүзүлүүчү дебаттарда жана башка ушуга окшогон иш-чараларга катталган талапкерлер жеке өздөрү гана катыша алышат.
Катталган талапкердин же саясий партиянын өкүлдөрүнүн жана колдоочу топторунун мындай иш-чараларга катышуусуна жол берилбейт.
Биргелешкен үгүт иш-чараларына катышуудан баш тартканда же келбей калганда акысыз эфир убактысы башка убакта берилбейт.
34. Бардык талапкерлерге дебаттарды өткөрүүнүн жүрүшүндө чыгып сүйлөө үчүн бирдей убакыт берилет. Оппоненттерге суроо берүү үчүн жумшалган убакыт да жалпы эсепте эске алынат.
Берилген убакытты пайдаланууну программаны көрүүдө байкаса болот (ар бир телерадио уюмдар таймер коюп, талапкердин убактысын көрсөтүп турат). Убакытты эсепке алуу үчүн жоопкерчилик тийиштүү телерадио компанияларга жүктөлөт.
Эгерде талапкер тийиштүү раундга бөлүнгөн убакыттын лимитинен ашып кетсе, убакыттын ошол саны талапкер үчүн бөлүнгөн убакыттын жалпы санынан алынып салынат.
35. Дебаттар, эреже катары, төмөндөгү компоненттерден турат:
1) талапкердин, саясий партиянын программасын көрсөтүү;
2) суроолорго жооп берүү;
(Дебаттарда берилүүчү талапкерлер үчүн суроолорду Борбордук шайлоо комиссиясы мөөр басылып чапталган конверттерде жөнөтөт, алар кошумча түрдө сейф-пакетте жайгаштырылат жана түз эфирде дебаттардын жүрүшүндө ачылат. Талапкерлер конверттерди суроолору менен тандабай туруп алышат.
Борбордук шайлоо комиссиясы ар бир катышуучуга суроолордун санын бирдей таркатууну эске алуу менен суроолорду бирдей санда даярдайт);
3) спикерлердин бири бирине суроолору (суроолордун саны дебатка катышып жаткандардын (талапкерлердин) санына жараша аныкталат;
4) шайлоочуларга кайрылуу (калган убакыт аны тең бөлүштүрүү менен берилет).
36. Дебаттын катышуучулары ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарда эфирдик убакытты пайдаланууга укугу жок.
37. Шайлоо алдындагы дебаттардын катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
– дебаттын ар бир компонентине бөлүнгөн убакыттын көлөмүнүн регламентин сактоого;
– чыгып сүйлөөнүн лимитинен ашып кетүүгө жол бербөөгө;
– дебаттын тийиштүү тартибин бузбоого;
– дебатты этикалык норманын алкагында жүргүзүүгө.
38. Дебатты өткөрүүнүн тартибин сактоону дебатты алып баруучу камсыз кылат.
§ 3. Басма сөз жалпыга маалымдоо каражаттары
жана интернет-басылмалар аркылуу шайлоо
алдында үгүт жүргүзүү
39. Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан расмий билдирүүлөрдү жана материалдарды, ченемдик жана башка актыларды жарыялоо үчүн гана уюштурулган басылмаларды кошпогондо, ушул жобонун 20-пунктуна ылайык колдонулушуна туш келген мезгилдүү басылма жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалар талапкерлер, саясий партиялар тарабынан берилүүчү материалдар үчүн тең шарттарда А4 өлчөмүндө бир беттен кем эмес басылма аянтын бөлүп берүүгө тийиш. Адистештирилген (балдар, техникалык, илимий жана башка) басма сөз басылмалары үчүн шайлоо өнөктүгүнө кандай гана түрдө болбосун толук катышпаган шартта, кандай гана формада болбосун үгүт материалдарын жарыялоодон баш тартууга жол берилет.
40. Талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берген мезгилдүү басылмалар же интернет-басылмалар менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле шарттарда (баанын, көлөмдүн бирдейлиги жана башка шарттар) башка талапкерлерге, саясий партияларга басма аянттарын берүүгө милдеттүү. Мында басма аянтынын баасы шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 ай үчүн алынган баадан ашышы мүмкүн эмес.
41. Мурда шайлоо комиссияларынын имараттарынан жана орун-жайларынан тышкары жерлерде жайгаштырылган үгүт басылма материалдары (баракчалар, плакаттар, билборддор жана башка материалдар) добуш берген күнү мурдагы орундарында тура берет.
4. Басылма, укма-көрмө жана башка үгүт
материалдарын чыгаруу жана таратуу
42. Талапкерлер, саясий партиялар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте басылма, укма-көрмө жана башка үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга укуктуу. Үгүт материалдарын Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары даярдоого тыюу салынат. Басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү Борбордук шайлоо комиссиясына берилүүгө тийиш.
Көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерлердин басылма жана башка үгүт материалдарынын нускалары жана алардын көчүрмөлөрү тиешелүү округдук шайлооо комиссиясына берилиши мүмкүн.
Үгүт мезгилинде шайлоочулардын арасында акысыз таратууга уруксат берилген төмөнкү үгүт материалдарын жана товарларды кошпогондо, акысыз таратууга тыюу салынат:
1. Үгүт басма материалдары (гезиттер, баракчалар, плакаттар, буклеттер, календарлар, открыткалар, талапкердин визиттик карточкалары, текстиль шопперлери (экобаштыктар).
2. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар белгилер.
3. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар футболкалар, жилеттер.
4. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар баш кийимдер.
5. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар жоолуктар.
6. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар желекчелер.
7. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар аба шарлары.
8. Талапкердин сүрөтү жана/же талапкердин аты-жөнү же саясий партиянын символикасы бар калемдер, карандаштар, кружкалар, блокноттор