Редакцияот 13.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2025-жылдын 13-августу № 199

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

1-берене.

"Ысык-Көл" экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 12, 530-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

22-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү бөлүктөр менен толукталсын:

"Рекреация объекттерин эксплуатациялоочу менчик ээлери же ижарачылар, чарбачылык жана башка иштердин субъекттери адистештирилген техниканы колдонуу менен пляждык зоналарды катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону жүргүзүүгө милдеттүү.

Пляждык зоналарды катуу тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоонун аткарылышын жана аларды адистештирилген техниканы колдонуу менен ташып чыгарууну контролдоо айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.".

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 213-4-берене менен толукталсын:

"213-4-берене. Ысык-Көл көлүнүн пляждык зоналарын адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоону өз убагынан кечиктирип, сапатсыз жүргүзгөндүгү үчүн жоопкерчилик

1. Пляждык зоналарды адистештирилген техниканы колдонуу менен катуу турмуш-тиричилик калдыктарынан тереңдетип тазалоо жүргүзүүнүн талаптарын бузуу -

жеке жана юридикалык жактарга эскертүү берүүгө алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган ошол эле аракет эскертүү берилгенден кийин бир жылдын ичинде кайталанып жасалса, -

жеке жактарга 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";

2) 457-беренеде "213-3, 213-1, 213-2" деген цифралар "213-1, 213-2, 213-3, 213-4" деген цифраларга алмаштырылсын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 15-августундагы № 61 (3717) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 25-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кеңеши тарабынан кабыл алынган