Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Шайлоо жана референдум өткөрүү
боюнча борбордук комиссиясынын
2025-жылдын 28-июлундагы
№ 41 токтомуна тиркеме
Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын
жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 9-сентябрындагы № 96 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Президентти шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана башкаруу тартиби
3. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана башкаруу тартиби
4. Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана башкаруу тартиби
5. Шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын түзүү жана башкаруу тартиби
6. Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын аныктоо боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби
7. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары шайлоо участокторун түзүү
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө", Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - Борбордук шайлоо комиссиясы) ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Бул Жобо тиешелүү аймактардагы шайлоочулардын санына жараша шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартибин аныктайт.
2. Президентти шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек араларын түзүү жана
башкаруу тартиби
3. Президентти шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагы бирдиктүү республикалык шайлоо округу болуп саналат.
4. Президентти шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар бирдиктүү шайлоо округуна катталган болуп эсептелет.
3. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо округдарынын схемаларын жана чек
араларын түзүү жана башкаруу тартиби
5. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты шайланат.
6. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү шайлоо күнү дайындалгандан кийин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, калкты каттоо жана документтештирүү, жер ресурстарын башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан берилүүчү маалыматтардын негизинде түзүлүүчү шайлоо округдарында жүзөгө ашырылат.
7. Шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 календардык күндөн кечиктирбестен, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзөт жана бекитет.
Шайлоо округдарынын схемасында шайлоо округдарынын чек аралары, ар бир шайлоо округуна кирген калктуу конуштардын (көчөлөрдүн, үйлөрдүн) тизмеги, ар бир шайлоо округунун аталышы, номери жана борбору, ар бир шайлоо округундагы шайлоочулардын саны көрсөтүлүүгө тийиш.
8. Шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар сакталууга тийиш:
- шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу теңдиги шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
9. Ушул главанын 7 жана 8-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарды сактоодо, эреже катары, республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
10. Шайлоо округдарынын тизмелери алардын чек араларын жана округдук, аймактык шайлоо комиссияларынын даректерин, анын ичинде алардын графикалык сүрөттөлүшүн көрсөтүү менен, шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтында жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш.
11. Шайлоо комиссияларынын жайгашкан жерлерин өзгөртүү округдук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
12. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн шайлоочулар Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округдарына катталат.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы көп мандаттуу шайлоо округуна каттоо тартиби Кыргыз Республикасынын тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аныкталат.