Редакцияот 26.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2025-жылдын 26-августу № 528

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесинин маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 19-июнундагы № 184 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1.  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.

2.  Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесинин чектүү штаттык саны 2-тиркемеге ылайык.

3.  Төмөнкүлөр белгиленсин:

1)  кызматтык маяналарды эсептөө үчүн негиз болуп эсептелген 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка;

2)  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу «Е-Дипломат» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;

3)  эмгектин татаалдыгы, сапаты, натыйжасы, кесиптик демилге көтөргөндүгү жана ченемделбеген иш режими үчүн кызматтык маянага 50 пайыз өлчөмүндө үстөк акы.

4.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө» токтомуна

5.  төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.

6.  Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде: