Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-августундагы № 482 токтомуна)
Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 447 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо сатуу же жеке колдонуу үчүн ташып келинген, колдонулган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо тартибин аныктайт, Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун (мындан ары - ИМТ) иштөө тартибин регламенттейт, ошондой эле бул тутумдун катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин бекитет.
2. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык роумингди пайдаланган, телекоммуникациялык кызматтардын колдонуучуларына жайылтылбайт (чет өлкөлүк телекоммуникация операторунун SIM-картасы аркылуу Кыргыз Республикасынын телекоммуникация операторлорунун тармактарында кызматтарды алуу).
2-глава. Негизги түшүнүктөр
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) эл аралык уникалдуу идентификациялык коддун аутенттүүлүгү - колдонулган түзүлүштүн аныктыгын ырастоо;
2) эл аралык идентификациялык коддордун маалымат базасы - ак, кара жана боз тизмелерден турган ИМТда катталган бардык эл аралык идентификациялык коддордун жыйындысы;
3) "Мобилдик түзүлүштөрдү каттоо" мамлекеттик кызматынын веб-порталы - эл аралык идентификациялык коддор боюнча ИМТда мобилдик түзүлүштөрдү каттоо боюнча кызматты көрсөтүүгө өтүнмө берүү үчүн, ошондой эле каттоонун статусун текшерүү үчүн арналган расмий интернет-сайт;
4) Мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоонун мамлекеттик санариптик технологиялык тутуму - Кыргыз Республикасынын телекоммуникация тармактарында мыйзамсыз, жасалма же тыюу салынган телекоммуникация жабдууларын колдонууну контролдоону, аныктоону жана бөгөт коюуну камсыздоо максатында мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификациялык коддору тууралуу санариптик маалыматтарды каттоо, идентификациялоо, эсепке алуу, сактоо жана иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн арналган борборлоштурулган санариптик технологиялык тутум;
5) импорттоочу - бажы жана салык мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Республикасындагы Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) аймагына мобилдик түзүлүштөрдү ташып келүүчү жеке жана/же юридикалык жак;
6) мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо - конкреттүү мобилдик түзүлүштү анын уникалдуу мүнөздөмөлөрү боюнча аныктоо жана таануу процесси;
7) клондолгон IMEI-код - идентификациялык коддордун эл аралык маалымат базасында (GSMA) катталган башка түзүлүштүн IMEI-коду менен толук дал келген жана бул кодду расмий өндүрүүчү ыйгарбаган түзүлүштө колдонулуучу мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификациялык коду (IMEI);
8) эл аралык идентификациялык код - глобалдык телекоммуникациялык тармактарда түзүлүштү даана таануу жана эсепке алуу үчүн арналган идентификациялоонун эл аралык стандарттарына (IMEI, ТАС, MAC кошо алганда, бирок чектелбестен) ылайык өндүрүүчү мобилдик түзүлүшкө ыйгарган уникалдуу санариптик код;
9) мобилдик түзүлүш - белгиленген тартипте эл аралык идентификациялык код ыйгарылган, телекоммуникация тармагына туташтырылган санариптик түзүлүш;
10) жактырылбаган эл аралык идентификациялык код - GSM ассоциациясынын (GSMA) эл аралык маалымат базасында катталбаган же кабыл алынбаган жана белгиленген эл аралык идентификациялоо стандарттарына шайкеш келбеген мобилдик түзүлүштүн эл аралык идентификациялык коду (IMEI). Мындай коддорго өзгөртүлгөн, жасалма, кол менен жасалган, колго жасалган, модификацияланган же кайра жаңыртылган (прошивкаланган) түзүлүштөргө ыйгарылган IMEI-коддору, ошондой эле GSMA тутумунда расмий сертификаттоодон жана аныктыгын контролдоодон өтпөй калган нөлдүк же анык эмес маанидеги коддор кирет;
11) идентификациялоо оператору - ИМТнын туруктуу иштешин жана өнүгүүсүн камсыздоочу, эл аралык идентификациялык коддор боюнча мобилдик түзүлүштөрдү идентификациялоо жана борборлоштурулган каттоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик катышуу үлүшү бар юридикалык жак, мамлекеттик ишкана (мекеме) же уюм;
12) тармактык окуя - телекоммуникация операторлорунун SIM-картасын колдонуу аркылуу телекоммуникация кызматтарын колдонууга байланышкан ар кандай иш-аракет;
13) ИМТ субъекттери - ички иштер органдары, ыйгарым укуктуу салык органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, телекоммуникация операторлору жана Кыргыз Республикасынын идентификациялоо оператору;
14) телекоммуникация түйүндөрү - өз компетенциясынын алкагында туташтыруу, багыттоо жана ИМТ субъекттери тарабынан киргизилүүчү маалыматтарды берүү функцияларын аткарган телекоммуникация тармагындагы физикалык же логикалык чекиттер;
15) SIM-карта - абоненттин жеке идентификациялык модулу, ал телекоммуникация операторунун тармагына кирүү мүмкүндүгүн, ошондой эле бөлүнүп берилген колдонуучу номерин санкциясыз пайдалануудан коргоону камсыз кылат;
16) GSMA (Global System for Mobile Communication Association) - мобилдик түзүлүштөрдүн өндүрүүчүлөрүн жана моделдерин идентификациялоо үчүн арналган эл аралык идентификациялык коддордун (IMEI) реестрлерин түзүүнү жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырган эл аралык уюм;
17) IMEI (International Mobile Equipment Identity) - ар бир мобилдик түзүлүшкө ыйгарылган уникалдуу 15 орундуу идентификациялык номер, анын негизи GSMA Эл аралык ассоциациясы аныктаган түзүлүштүн тибинин коду (ТАС) болуп саналат;
18) ТАС (Type Allocation Code) - IMEI түзүлүшүнүн номеринин бир бөлүгү болуп саналган 8 орундуу номер. ТАС мобилдик түзүлүштүн маркасын жана моделин идентификациялоо үчүн, ошондой эле анын кайсы өндүрүүчүгө таандык экенин аныктоо үчүн колдонулат;
19) EIR (Equipment Identity Register) - абоненттердин мобилдик түзүлүштөрүн каттоо статустары жөнүндө маалымат бар маалымат базасын билдирген абоненттик жабдууларды идентификациялоо регистри;
20) MSISDN (Mobile Station Integrated Services Digital Network) - мобилдик тармактык (колдонуучу) номери;
21) IMSI (International Mobile Subscriber Identity) - колдонуучунун жеке номеринин эл аралык идентификатору;
22) USSD (Unstructured Supplementary Service Data) - мобилдик түзүлүш менен телекоммуникация операторунун ортосундагы кыска тексттик билдирүүлөрдү алмашуу протоколу;
23) MSC (Mobile switching centre) - телекоммуникацияларды туташтыруу борбору GSM/UMTS, MSC тармагынын негизги бөлүгү болуп саналат, ал үн чалууларын туташтырат;
24) SGSN (Serving GPRS Support Node) - GPRS колдонуучуларын тейлөө түйүнү - GSM жана UMTS мобилдик тармактарында пакеттик маалыматтарды иштеп чыгууну камсыздоочу GPRS (General Packet Radio Service) инфраструктурасындагы негизги компонент;
25) ММЕ (Mobility Management Entity) - LTE стандарты тармактарында мобилдүүлүктү башкаруу түйүнү.