Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2025-жылдын 29-августу № 539

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин

268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу

боюнча чаралар жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүн, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүгө дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

1) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын (мындан ары – КНС) төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;

2) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган медициналык буюмдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;

3) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө колдонулуучу баштапкы материалдардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте 2025-жылдын 31-сентябрына чейинки мөөнөттө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүү боюнча маалыматтарды берүү боюнча электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 66 (3722) саны менен жарыяланды

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы   

 

 

 

А.А. Касымалиев

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотулган медициналык буюмдардын

тизмеги

№

ТЭИ ТН

Медициналык буюмдун түрүнүн аталышы

1      

9018 90 100 0

Артериялык басымды өлчөө үчүн аппарат

2      

9027 50 000 0

9018 39 000 0

Глюкометрлер жана сарпталуучу материалдар

3      

4014 10 000 0

Контрацептивалар (жатын ичине салынуучу каражаттар, презервативдер, вагиналык диафрагмалар, имплантациялык контрацептивалар, кын ичине салынуучу контрацептивалар)

4      

9019 20 900 0

Кычкылтек концентратору

5      

3926, 9018 ичинен

Ымыркай балдар үчүн медициналык буюмдар

6      

9018, 9019 ичинен

Медициналык буюмдар: катетер, жгут, аба өткөргүч, шпатель, зонд, стилет, коннектор, скальпель, лезвие, скарификатор, заара чогулткуч, бет кап, баштык, ийнелер, кычкылтек баштыгы, Амбу баштыгы ж.б.

7      

9018 90 000 0

9018 49 900 0

Медициналык инструменттер

8      

9018 39 000 0

Инвазивдик кийлигишүүлөр үчүн топтомдор (топтомдор, катетерлер, канюлалар, дренаждар, түтүкчөлөр ж.б.)

9      

9018 90 500

Канды, эритиндини ж.б. куюу үчүн топтомдор

10   

3822, 7017, ичинен

In vitro диагностикасы үчүн топтомдор (клиникалык, биохимиялык, иммунологиялык бактериялык, молекулярдык-генетикалык, экспресс тест-системалар, реактивдер ж.б.), лабораториялык идиштер жана лабораториялык буюмдар

11   

3006, 9018 32 ичинен

Ийнеси бар жана ийнеси жок хирургиялык жиптер

12   

3005 10 000 0

3005 90 100 0

3005 90 310 0

Таңуучу материал (кебез, бинттер, марля, салфеткалар, гипс бинттери, гипс, лейкопластырлары ж.б.)

13   

4015 12 000

4015 12 000 1

Кароо үчүн жана хирургиялык кол каптар

14   

3926 90 970 1

9018 90 300 0

Гемодиализ жана перитонеалдык диализ үчүн сарпталуучу материалдар

15   

9018 90 200 0

Эндоскопиялык кийлигишүүлөр үчүн сарпталуучу материалдар жана аппараттар

16   

3822 90 000 0

Азыктануу чөйрөлөрү, антибиотиктерге сезгичтикти аныктоо үчүн дисктер

17   

3701 10 000 0,

3702 10 000 0

Инструменттик кийлигишүүлөрдү жүргүзүү үчүн сарпталуучу материалдар (рентген пленкалары, термопленкалар ж.б.)

18   

9018, 3926 ичинен

Энтералдык тамактануу үчүн системасы

19   

9019 20 000 0

Дем алуу жолдоруна дары каражаттарын жеткирүү системасы (небулфйзерлер, ингаляторлор ж.б.)

20   

9021 90 900 1

9021 90 900 9

Кан тамыр протездери, стенттер, окклюдерлер, интродьюсерлер, кава-фильтр, оксигенаторлор, убактылуу/туруктуу, жүрөк клапандарынын протездери ж.б.

21   

8702 10 191 0

Иммобилизациялоо жана ташуу үчүн каражаттар

22   

300610 ичинен

Гемостатикалык каражат

23   

9025 19 200 0

Электрондук термометр

24   

901850 ичинен

Офтальмологиялык тонометр

25   

9018 39 000 0

9018 90 840 9

Интубациялык, трахеостомиялык, эндотрахеалдык түтүктөр ж.б.

26   

9018 ичинен

Көздү, ЛОР-органдарын ж.б. текшерүү үчүн түзүлүштөр

27   

9018 90 840 0

Фонендоскоп, стетоскоп

28   

9018 31 ичинен

Жалпы багыттагы шприцтер, ангиографиялык шприц, инсулиндик шприц, туберкулиндик шприц, манометрлүү шприцтер, шприц-колба, Жанэ шприци ж.б.)

29   

9004 10 100 0

9004 90 900 0

Медициналык максаттар үчүн бардык түрдөгү коргоочу калканчтар жана көз айнектер

30   

9021 50 000 0

Электрокардиостимуляторлор

31   

9018 90 300 0

Жасалма бөйрөк аппараты