Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 2-сентябрындагы № 596 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 29-августу № 539
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин
268 жана 297-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу
боюнча чаралар жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 268-беренесинин 2-бөлүгүн, 297-беренесинин 1-бөлүгүнүн 13-пунктун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүгө дем берүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо кошумча нарк салыгын (мындан ары – КНС) төлөөдөн бошотулган дары каражаттарынын тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын аймагына жеткирүүдө жана импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган медициналык буюмдардын тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулган дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүдө колдонулуучу баштапкы материалдардын тизмеги 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте 2026-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды ташып келүү боюнча маалыматтарды берүү боюнча электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 811 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекетик расмий гезитинин 2025-жылдын 2-сентябрындагы № 66 (3722) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
2-тиркеме