Загрузка документа…
КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 23-апрель № 4/41
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобосуна ылайык, Күнтуу айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Г.Тойчубекованын мааалыматын угуп, айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берүү төлөмдөрүнүн чени үрөн чарба, асыл тукум мал чарбаларына, кооперативдерге түрүнө жараша баштапкы бааны бекитип берүү жөнүндө талкуулап, Күнтуу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Күнтуу айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижарага берүү төлөмдөрүнүн чени үрөн чарба, асыл тукум мал чарбаларына, кооперативдерге ижарага берүү төлөмү төмөнкүдөй бекитилсин:
- Сугат айдоо жерлери – 12210 (он эки миң эки жүз он) сом, бир гектар үчүн;
- Кайрак айдоо жерлери – 900 (тогуз жүз) сом, бир гектар үчүн;
- Көп жылдык отуругузуулар – 9870 (тогуз миң сегиз жүз жетимиш) сом;
- Чабынды – 280 (эки жүз сексен) сом
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Күнтуу айыл өкмөтүнүн башчысы Э.О. Сартпаевге жүктөлсүн;
3. Ушул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмө калтырам.
Айылдык кенештин төрагасы | Ж.Ж. Султанбеков |