Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын жарандарынын
альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-мартындагы № 191 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдү аныктайт:
1) Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары – жарандар) альтернативдик кызмат өтөөсүнүн, ошондой эле альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоонун, которуунун жана запаска бошотуунун тартибин;
2) альтернативдик кызмат өтөп жаткан жарандардын укуктарын жана милдеттерин.
2. Альтернативдик кызмат – Кыргыз Республикасынын жарандарына алардын диний ишенимдерин, ден соолугунун абалын, үй-бүлөлүк абалын же коомдук пайдалуу жумуштарды аткарууга болгон каалоосун эске алуу менен мөөнөттүү аскердик кызматтын ордуна сунушталуучу кызматтын түрү.
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана аймактык ички иштер органдарынын жетекчилери жарандардын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн маселелери боюнча Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык аскер комиссариаттары менен өз ара аракеттенет.
4. Жарандарды альтернативдик кызматка чакырууну жетектөөнү, алардын альтернативдик кызмат өтөөсүн жана акчалай төгүмдөрдү төлөөсүнүн жүрүшүн контролдоону жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен өз ара аракеттенип, коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (аскер комиссариаттары аркылуу) жүргүзөт.
5. Аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары (мындан ары – аскер комиссарлары) альтернативдик кызматка чакырылган жарандарды каттоо үчүн, ошондой эле алардын кызмат өтөөнүн белгиленген тартибин сактоосун контролдоо үчүн жооптуу болушат. Каттоо тартибин бузгандыгы, контролдоо боюнча милдеттерди аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы, каттоо маалыматтарын бурмалагандыгы же жоготкондугу үчүн аскер комиссарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылат.
6. Аскер комиссарларына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) альтернативдик кызматтын кызматчыларын каттоо, альтернативдик кызмат өтөө мезгилинде аскердик-каттоо жана башка каттоо документтерин жүргүзүү;
2) жарандардын альтернативдик кызмат өтөөсүн, алардын акчалай төгүмдөрдү төлөөсүн контролдоо;
3) альтернативдик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөн жарандарды өз убагында запаска бошотууну контролдоо;
4) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине райондогу (шаардагы) альтернативдик кызматтын абалы жөнүндө мезгил-мезгили менен маалымдап туруу.
2-глава. Альтернативдик кызмат өтөөнүн тартиби
§ 1. Альтернативдик кызматка кабыл алуу