ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму
2023-жылдын 21-февралы № 18/1
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын)
2023-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XVIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларынын отурумдарынын протоколдорунун негизинде күн тартибине киргизилген маселени угуп жана талкуулап Өзгөн шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) 2023-жылга карата иш-планы депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна өз мөөнөтүндө жана сапаттуу даярдоо туруктуу комиссияларга милдеттендирилсин.
3. Иш-планда бекитилген маселелерди сессиянын отурумуна даярдоодо Өзгөн шаардык кеңешинин туруктуу комиссияларына көмөк көрсөтүү жагы Өзгөн шаардык кеңешинин аппарат кызматкерлерине тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы А.Хасановго тапшырылсын.
Төрага | А. Хасанов |