Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын “15” апрелиндеги № 27 буйругуна тиркеме |
Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү максаттарын кошо алганда, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун алуу, анын ичинде электрондук документ түрүндө, тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) ылайык мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү максаттарын кошкондо, анын жеке, анын ичинде электрондук документ формасындагы маалыматтарын топтоого жана текшерүүгө жеке маалыматтар субъекттин макулдугун алуу формасына жана жол-жобосуна карата талаптарды белгилейт.
2. Ушул Тартип жеке маалыматтарды трансчегаралык берүүнү кошкондо, жеке маалыматтарды чогултуу, сактоо, иштеп чыгуу, пайдалануу, берүүнү ишке ашыруучу жеке маалыматтар массивинин кармоочусу (ээси) тарабынан колдонулат.
3. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр Кыргыз Республикасынын “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө”, “Электрондук кол тамга жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө” мыйзамдарында аныкталган маанилерде колдонулат.
2. Макулдук алуу жол-жобосу
4. Субъекттин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу жол-жобосун баштоонун алдында жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) тарабынан аныкталган максаттарда жеке маалыматтар субъектинин анын жеке маалыматтарын иштеп чыгууга макулдугу алынышы керек.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук алуу үчүн расмий веб-сайтта, тиркемеде же башка санариптик чечимде макулдук формалары жайгаштырылат. Бул формалар маалыматтарды чогултуу кандай санариптик чечим аркылуу жүргүзүлгөнүнө жараша кагаз жүзүндө же электрондук түрдө берилиши мүмкүн.
5. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтар субъектисине өзүнүн жеке маалыматтарын берер алдында аны чогултулуучу маалыматтардын тизмеси, аларды чогултуу жана колдонуу негиздери жана максаттары, үчүнчү тарапка жеке маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү менен тааныштырууга, ошондой эле жеке маалыматтарды башкача пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө маалымдоого тийиш.
6. Жеке маалыматтар субъектиси өзүнүн жеке маалыматтарын кимдир-бирөөгө берүү маселесин өзү чечет жана Мыйзамдын 15-беренесинде каралган учурларды кошпогондо, аларды эркин, аң-сезимдүү түрдө жыйноого жана иштетүүгө, аларды алуу фактысын ырастоого мүмкүндүк берүүчү формада берүүгө макулдугун берет.
7. Жеке маалыматтар субъект тарабынан жеке өзү же ишенимдүү адамы аркылуу берилет.
8. Маалыматтар жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык алардын корголушун жана купуялуулугун камсыз кылуучу шарттарда сакталат.
9. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) иштетилип жаткан маалыматтардын купуялуулугун жана уруксатсыз кирүүдөн, өзгөртүүдөн, ачыкка чыгаруудан же жок кылуудан коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
10. Жеке маалыматтар массивин кармоочу (ээси) жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун (жана сактоонун) баардык мөөнөтүнүн ичинде жеке маалыматтар субъектисинин өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө жана анын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу менен байланышкан жол-жоболорду аткарууга макулдугун далилдөөгө мүмкүндүк берген маалыматты сактоого милдеттүү, атап айтканда:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык электрондук кол тамга менен кол коюлган электрондук документтерди алмашуу аркылуу маалыматтык өз ара аракеттенүүдө – жеке маалыматтар субъектисинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) электрондук кол тамга менен кол коюлган жана ушул Тартипте каралган жеке маалыматтарын иштетүүгө электрондук документ формасындагы жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун камтыган электрондук документ;
2) жеке маалыматтар субъектисинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) логинин жана сыр сөзүн колдонуу менен жеке маалыматтар массивин кармоочунун (ээсинин) маалыматтык системасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн алуу жолу менен электрондук форматта маалыматтык өз ара аракеттенүүдө – аталган логинди жана сыр сөздү колдонуу менен маалыматтык системаны колдонуу фактысы жөнүндө маалыматтар, аталган логинди жана сыр сөздү колдонуу менен маалыматтык системадагы жеке маалыматтар субъектинин же анын ишенимдүү адамынын иш-аракеттеринин протоколу;
3) электрондук документтерди же маалыматтык системаларды колдонбостон субъектинин жеке маалыматтарын иштеп чыгуу менен байланышкан жол-жоболорду жүзөгө ашырууда – жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жеке маалыматтар субъектисинин макулдугун берген фактысын тастыктаган, жеке маалыматтарын (жеке маалыматтар субъектинин же анын ишенимдүү адамынын (өкүлүнүн) берген жактын өз кол тамгасы менен күбөлөндүргөн кагаз түрүндөгү документ.