Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2025-жылдын 30-декабры № 386 Жарлыгына ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 24-июну ПЖ № 191

 

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасын бюрократиядан арылтуунун алкагында бошотулган финансылык каражаттарды бөлүштүрүү боюнча чаралар жөнүндө

 

Мамлекеттик органдардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, эмгегине дем берүү жана республикалык бюджеттин каражаттарын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат системасын бюрократиядан арылтуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруунун натыйжасында мамлекеттик органдардын штаттык саны кыскартылган учурда бошотулган финансылык каражаттар, эмгек мыйзамдарына ылайык кыскартылган кызматкерлерге жеңилдиктерге жана компенсацияларга, ошондой эле кошумча чыгашаларга (операциялык чыгашаларга жана финансылык эмес активдер менен операциялар боюнча чыгашаларга) багытталган финансылык каражаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын өнүктүрүү жана дем берүү фондунда топтолот деп;

2) бошотулган финансылык каражаттар төмөнкүлөргө пайдаланылат деп:

- кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча сыйлоо төлөмдөрүн, ошондой эле материалдык жактан сыйлоонун башка чараларын жүзөгө ашырууга;

- мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүү зарылдыгы бөлгөн учурда ушул көбөйтүүдөн келип чыгуучу кошумча чыгашаларды жабуу үчүн зарыл болгон акча каражаттары биринчи кезекте ушул пункттун 1-пунктчасына ылайык мурда бошотулган финансылык каражаттардын эсебинен жабылат.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров