Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 29-августу № 55
Кадамжай шаарына Өзбек Республикасынан кошулган Кара-Жантак айылынын турак жайга берилүүчү жер аянттарынын өлчөмүн аныктап берүү жөнүндө
Кадамжай шаардык мэриясынын 2025-жылдын 25-июлундагы 01-05-1783 номери менен чыгышталган кайрылуусун жана шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесине ылайык Кадамжай шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Өзбек Республикасынан кошулган Кара-Жантак айылынын тургундарына турак жайга берилүүчү жер аянттарынын өлчөмү 0,08 га болуп белгиленип, мыйзам чегинде берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Кадамжай шаарынын мэри А.Мурзажановко тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курулуш, транспорт жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Кеңештин жооптуу катчысы ушул токтомду каттап, кеңештин сайтына жарыялап жана мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберсин.
Тѳрага: | К.Дастиров |