Сравнение редакций…
САМАРКАНДЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Самаркандек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2025-жылдын 27-августу № 67
Макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 2- январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнундөгү” ”№3 Жарлыгы, Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкердикти мамлекеттик колдоо жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер мыйзамынын 11-беренесине ылайык “Кыргызмамжердолбоорлоо” мамлекеттик ишканасынын Баткен жерге жайгаштыруу экспедициясынын аныктамасына ылайык жана Самаркандек айыл өкмөтүнүн жер адиси Ж.Карабаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап чыгып, Самаркандек айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Самаркандек айыл өкмөтүнүн Кулан массивинен Жаңы-Бак айылынын тургуну Өскөнбай уулу Акрамдин арызы боюнча №1817 контурунда жайгашкан 2,0 га жер тилкеси “айыл чарба багытындагы жерлер категориясынын” таштуу жайыт жерлер түрүнөн мал сойуучу цех жана мал сарайлар куруу үчүн “өнөр жай, транспорт, энергетика, байланыш, коргонуу жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылуусун камсыз кылуу жагы Самаркандек айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн башкы адиси Ж. Карабаевге тапшырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана Самаркандек айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кабыл алынган ушул токтом samarkandek.gov.kg сайтында жарыялансын.