Сравнение редакций…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык
топтоо каражаттарын төлөө эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү төлөмдөрдүн түрлөрү
3-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө үчүн камсыздандырылган адамдардын кайрылуу тартиби
4-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
5-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 2, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
6-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
7-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
8-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
9-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 9-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
10-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
11-глава. Арыздарды кароо, пенсиялык топтоолорду (пенсиянын топтоо бөлүгүн) эсептөө жана төлөө тартиби
12-глава. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардын жана келишимдердин ченемдерин колдонуу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Пенсиянын топтоо бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар алуучуларга дайындалат жана төлөнөт, анын ичинде:
1) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуучу пенсионерлерге;
2) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга укугу бар жана аны дайындоо үчүн кайрылган адамдарга;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен же кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;
4) каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;
5) “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан пенсионерлерге;
6) коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу боюнча ислам принциптеринин алкагында ипотекалык кредит же ипотекалык каржылоо алып жаткан же алган, ошондой эле “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары – “МИК” ААК) тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайга ижара келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
7) “МИК” ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкан адамдарга беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада;
8) үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
9) ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулардын тизмегине (мындан ары – Оорулардын тизмеги) ылайык оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине;
10) белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган адамдарга.
2-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен
төлөнүүчү төлөмдөрдүн түрлөрү
2. Камсыздандырылган адамдын пайдасына түзүлгөн пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөмдөрдүн төмөнкүдөй түрлөрү төлөнөт:
– бир жолку төлөм;
– мөөнөттүү (белгилүү бир мезгил ичинде);
– белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган адамдарга эмгекке жарамдуу курактагы калк үчүн жашоо минимумунан (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган ар айлык өлчөмдө үч айдан ашпаган мөөнөттө бир жолку төлөм;
– ушул Эрежелердин 8, 9-тиркемелерине ылайык ушул Эрежелердин 1-пунктунун 8-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдарга көп жолку төлөм.
3. Бир жолку төлөм камсыздандырылган адамдардын төмөнкү категорияларына төлөнөт:
– майыптыгы кайра күбөлөндүрүү мөөнөтүн көрсөтпөстөн (мөөнөтсүз) белгиленген I, II топтогу майыптыгы боюнча пенсия алган, ошондой эле пенсиянын ушундай түрүнө укугу бар жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аны дайындоо үчүн кайрылган адамдарга;
– тандоо боюнча – курагы жана майыптыгы боюнча пенсияга укугу бар (ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн адамдардан тышкары) жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аны дайындоо үчүн кайрылган адамдарга;
– Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен же кетип жаткан, кетүү фактын же ниетин ырастаган документтерди берген Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;
– каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;
– 2012-жылдын 1-январынан тартып пенсиянын топтоо бөлүгүнө катышпаган адамдарга: 1964-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн эркектерге жана 1969-жылдын 1-январынан мурда төрөлгөн аялдарга. Алуучулардын бул категориясына пенсиялык топтоо каражаттарын бир жолку төлөө үчүн топтоолор суммасы боюнча чектөөлөр жайылтылбайт;
– ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6, 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга бир жолу;
– жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болсо, ушул Эрежелердин 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн Оорулардын тизмегине ылайык оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине бир жолу.
4. Бир жолку төлөмдүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
БТ = Т + К,
мында:
БТ – бир жолку төлөмдүн өлчөмү;
Т – бир жолку пенсиялык төлөм ага дайындалган күнгө карата камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фондго төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы;
К – инвестициялоодон алынган кирешенин суммасы.
Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчалары боюнча бир жолку төлөмдүн өлчөмү арыз ээсинин өзү тарабынан аныкталат, бирок беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоо каражаттарынын (пенсиянын топтоо бөлүгү) суммасынан ашпаган өлчөмдө.
Эсеп мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максаттары үчүн жекече эсепке алуу системасындагы камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнүн маалыматтары боюнча жүргүзүлөт.
5. Мөөнөттүү пенсиялык төлөм ушул Эрежелердин 3-пунктунун үчүнчү абзацында көрсөтүлгөн адамдарга тандоо боюнча жүргүзүлөт.
6. Мөөнөттүү пенсиялык төлөмдүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
МПТ = (ПТ * К) / 12,
мында:
МПТ – ар айлык мөөнөттүү пенсиялык төлөмдүн өлчөмү;
ПТ – мөөнөттүү пенсиялык төлөм ага дайындала турган күнгө карата камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоо каражаттарынын суммасы;
К – акыркы беш жылда эркектердин жана аялдардын орточо жашоо узактыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин анык демографиялык маалыматтары боюнча пенсияга чыгуу курагына жараша жыл сайын белгиленүүчү актуардык коэффициент;
“К” актуардык коэффициенти жыл сайын эсептелет. Ал Мамлекеттик социалдык камсыздандырууну башкаруу боюнча байкоочу кеңеш тарабынан каралат жана бекитилет.
7. Пенсиялык топтоо каражаттарын инвестициялоодон алынган инвестициялык киреше пенсиянын топтоо бөлүгү алуучуларга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте төлөнүүгө тийиш. Инвестициялык кирешенин өлчөмү камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебиндеги пенсиянын топтоо бөлүгүндө чагылдырылууга тийиш.
3-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарын
(пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө үчүн
камсыздандырылган адамдардын
кайрылуу тартиби
8. Арыз камсыздандырылган адамдын жеке өзү тарабынан жашаган жери же турган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун (мындан ары – Социалдык фонд) региондук органына же Социалдык фонддун электрондук порталындагы “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” аркылуу же болбосо Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берилет.
Камсыздандырылган адам Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары болгон учурда арыз камсыздандырылган адам тарабынан Социалдык фонддун региондук органына почта байланышынын кызмат көрсөтүүлөрү аркылуу жиберилет же Социалдык фонддун электрондук порталындагы “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” аркылуу же болбосо Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу берилет.
Арыз почта аркылуу жиберилген учурда документтердин түп нускалары жиберилбейт. Арыз ээсинин ким экендигин аныктоо, ошондой эле документтердин көчүрмөлөрүнүн тууралыгын күбөлөндүрүү жана камсыздандырылган адамдын арыздагы колунун аныктыгын текшерүү Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Арыз почта аркылуу жиберилгендиги жөнөтүү фактын жана датасын ырастоого мүмкүндүк берген ыкма менен жүзөгө ашырылууга тийиш. Документтерди жиберүү жөнөтүүчүнүн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Арызга алуучулардын категорияларын аныктоо үчүн ушул Эрежелердин талаптарына ылайык документтер тиркелүүгө тийиш.
Ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан суралган пенсиянын топтоо бөлүгүн дайындоо жана төлөө үчүн зарыл болгон жеткиликтүү санариптик документтер, эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкасы белгиленбесе, акысыз негизде берилет.
Мында, эгерде документтер ведомстволор аралык электрондук маалымат алмашуунун алкагында мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан алынышы мүмкүн болсо, арыз ээлеринен документтер талап кылынбайт.
9. Арыз берип жатканда камсыздандырылган адам ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ көрсөтөт. Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ болуп төмөнкүлөр саналат:
– Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – Кыргыз Республикасынын улуттук паспорттору;
– чет өлкөлүк жарандар үчүн – чет өлкөлүк жарандын паспорту же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык чет өлкөлүк жарандын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары таанылган башка документ;
– качкын расмий статусу бар жарандар үчүн – качкын күбөлүгү;
– кайрылман расмий статусу бар жарандар үчүн – кайрылман күбөлүгү.
16 жашка чыга элек адамдардын курагын, инсандыгын жана жарандыгын ырастаган документ болуп алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүк эсептелет.
4-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун
1-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган
адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн
кайрылуу тартиби
10. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1-пунктчасында саналган алуучулардын катарына кирген адамдар Социалдык фонддун региондук органына төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:
– ушул Эрежелердин 8-пунктуна ылайык ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелеринде көрсөтүлгөн белгиленген форма боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө арыз;
– алуучунун ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү жана салыштыруу үчүн документтин түп нускасы.
5-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун
2, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган
адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн
кайрылуу тартиби
11. Пенсияга чыгууга укуктуу жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындоо үчүн кайрылган адамдарга пенсиянын топтоо бөлүгү пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Эрежелерге ылайык пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн дайындоо менен бир мезгилде төлөнөт.
Ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелерине ылайык белгиленген форма боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө арыз Социалдык фонддун региондук органына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 23-июлундагы № 411 токтому менен бекитилген пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү, ошондой эле расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпул төлөө үчүн зарыл болгон документтердин тизмесине ылайык пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтер менен кошо берилет.
“Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан пенсионерлер жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору болгондо жана жалпы белгиленген пенсиялык куракка жеткенде Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 8-пунктуна ылайык ушул Эрежелердин 1, 2-тиркемелеринде белгиленген форма боюнча пенсиянын топтоо бөлүгүн төлөө жөнүндө арыз берет. Арызга төмөнкү документтердин түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет:
– арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
– “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындалгандыгы фактын ырастаган маалымкаттар.
6-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун
3-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган
адамдардын пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу үчүн
кайрылуу тартиби
12. Алуучунун пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуусу Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 8-пунктуна ылайык ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген форма боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө жөнүндө арыз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
13. Арызга төмөнкү документтердин түп нускалары же белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү тиркелет:
1) арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткендиги жөнүндө белгиси бар каттоо эсебинен чыгарылгандыгы жөнүндө даректик маалымкат.
7-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун
4-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган
адамдардын пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу үчүн
кайрылуу тартиби
14. Каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлору (керээзи боюнча да, мыйзам боюнча да) анын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу (алуудан баш тартуу) үчүн кайрылуусу каза болгон камсыздандырылган адамдын жашаган жери боюнча Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген форма боюнча арыз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
15. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
– мураскордун ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ (түп нускасы жана көчүрмөсү);
– мураска укугу жөнүндө күбөлүк (түп нускасы жана көчүрмөсү) же нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн мураска калган мүлктү бөлүү жөнүндө макулдашуу (түп нускасы жана көчүрмөсү);
– пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн Социалдык фондго белгиленген тартипте кайрылуу укугу менен мураскордун өкүлүнө нотариуста күбөлөндүрүп берилген ишеним кат, ошондой эле өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин түп нускасы жана көчүрмөсү;
– камсыздандырылган адамдын – мурас калтыруучунун өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана көчүрмөсү).
8-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун
6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган
адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн
кайрылуу тартиби
16. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдар Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 8-пунктуна ылайык ушул Эреженин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча арыз берүүгө тийиш:
1) ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адам төмөнкүлөрдү берет:
– арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
– никеси тууралуу күбөлүк (жубайы пенсиялык топтоолорду алган учурда);
– коммерциялык банктардан, башка финансы-кредиттик мекемелерден, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриясынан кредиттин берилишин жактыруу же ипотекалык келишим боюнча карызынын бар экендиги же болбосо ипотекалык кредит берүү келишими боюнча милдеттенмелердин жарым-жартылай же толук аткарылышы жөнүндө ырастоо;
– “МИК” ААКтан ипотекалык кредитти жактыруу, ипотекалык келишим боюнча карызынын бар экендиги же коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик мекемелер менен ипотекалык кредиттөө келишими боюнча милдеттенмелердин жарым-жартылай же толук аткарылышы жөнүндө ырастоо (эгерде ипотекалык кредиттөө “МИК” ААКтын каражаттарынын эсебинен өнөктөш банктар аркылуу берилген болсо);
2) ушул Эрежелердин 1-пунктунун 7-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адам төмөнкүлөрдү берет:
– арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
– ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык “МИК” ААК тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышуу, кийин сатып алуу менен ижаралоо келишими боюнча турак жайды алууну жактыруу жөнүндө, ошондой эле кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча милдеттенмелерди толук же жарым-жартылай төлөө жөнүндө “МИК” ААКтан кепилдик кат;
– ушул Эрежелердин 7-тиркемесине ылайык Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышуу жөнүндө Бишкек же Ош шаарларынын мэрияларынан кепилдик кат.
3) ушул Эрежелердин 1-пунктунун 8-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адам, төмөнкүлөрдү берет:
– арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
– үлүштүк курулушка катышуу жөнүндө келишимдин көчүрмөсү;
– кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө;
– ушул Эрежелердин 8-тиркемесине ылайык курулуш субъекттеринен (куруучулардан) камсыздандырылган адамдын үлүштүк курулушка катышкандыгы же курулуш субъекттеринен (куруучулардан) курулган объекттерде бөлүп төлөө келишими боюнча төлөөлөрдү төлөгөндүгү жөнүндө кепилдик кат;
– ушул Эрежелердин 9-тиркемесине ылайык курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынан курулуш объекттери боюнча объекттин Курулуп жаткан объекттердин реестринде бар экендиги жөнүндө маалымат.
9-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун
9-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган
адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн
кайрылуу тартиби
17. Камсыздандырылган адамдар (ишеним берилген адамдар) пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) алуу үчүн кайрылуусу Социалдык фонддун региондук органына ушул Эрежелердин 8-пунктуна ылайык ушул Эрежелердин 1-тиркемесинде белгиленген форма боюнча арыз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат:
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
– арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
– арыз башка адам тарабынан берилген учурда, пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) алуу үчүн Социалдык фондго кайрылуу укугу менен өкүлгө нотариуста күбөлөндүрүп берилген ишеним кат, ошондой эле өкүлдүн ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтин көчүрмөсү жана салыштыруу үчүн түп нускасы;
– Оорулардын тизмегине ылайык оорунун аталышын көрсөтүп, машинкада жазма текст менен толтурулган, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органына караштуу саламаттык сактоо уюмунун мөөрү жана жетекчисинин колтамгасы менен күбөлөндүрүлгөн, ушул Эрежелердин 6-тиркемесине ылайык форма боюнча пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген оор оорулары бар экендигин ырастаган маалымкат.
10-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун
10-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган
адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн
кайрылуу тартиби
18. Камсыздандырылган адамдар пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) алуу үчүн Социалдык фонддун региондук органына кайрылуусу ушул Эрежелердин 8-пунктуна ылайык ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде белгиленген форма боюнча арыз берүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
– арыз ээсинин ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ;
– калкка көмөктөшүү жана жумуштуулук чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жумушсуз расмий статусу тууралуу маалымкат.
11-глава. Арыздарды кароо, пенсиялык топтоолорду
(пенсиянын топтоо бөлүгүн) эсептөө жана
төлөө тартиби
19. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө үчүн кайрылуу күнү деп төмөнкүлөр эсептелет:
– Социалдык фонддун региондук органы тарабынан бардык зарыл документтер менен арыз кабыл алынган күн;
– электрондук документ түрүндө арыз берилген дата;
– почта аркылуу жөнөтүлгөн учурда – Социалдык фонддун региондук органы почта бөлүмүнүн тийиштүү эсепке алуу формаларында жазылган арыз жана бардык зарыл документтер тиркелген катты алган дата.
20. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө арыз ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1, 3, 4, 5, 9, 10-пунктчаларында көрсөтүлгөн алуучулар үчүн тиркелген документтери менен кошо Социалдык фонддун региондук органы тарабынан арыз кабыл алынган күндөн тартып же жетишпеген документтерди тапшырган күндөн тартып 15 календардык күн ичинде каралат.
Пенсияга укугу бар жана “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия дайындоо үчүн кайрылган адамдын арызы (ушул Эрежелердин 1-пунктунун 2-пунктчасы) пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги менен бирге “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген мөөнөттө каралат.
Бул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдын арызы, ага тиркелген документтери менен Социалдык фонд тарабынан Социалдык фонддун региондук органы арызды кабыл алган күндөн тартып 14 жумуш күндүн ичинде каралат.
21. Камсыздандырылган адамдын арызын кабыл алганда Социалдык фонддун региондук органы:
– арыздын туура толтурулганын текшерет:
– арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документтен арыздын бланкына киргизилген маалыматтардын тууралыгын текшерет;
– документтердин көчүрмөлөрүн түп нускалары менен салыштырат;
– арыздын катталган катар номерин жана кабыл алынган датасын көрсөтүп, пенсиялык топтоо каражаттарынын төлөнүшүн каттаган атайын журналга арызды каттайт;
– арызды кабыл алуу жөнүндө айрыма талонду арыз ээсине берет;
– камсыздандырылган адамга арызды жана жетишпеген документтердин (зарылчылыкка жараша) тизмеги жөнүндө билдирүүнү кайтарат.
22. Камсыздандырылган адам Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары туруктуу жашоого кетип жатышы күмөн туудурса (ушул Эрежелердин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн алуучулардын категориялары үчүн) Социалдык фонддун региондук органы алуучуга кат жүзүндө кабарлоо менен калкты каттоо тармагындагы ыйгарым укуктуу органга (арыз берүүчү туруктуу жашаган өлкөдөгү) же Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментине суроо-талап жөнөтөт.
Мында пенсиялык топтоолорду төлөө жөнүндө арызды аткаруу мөөнөтү тийиштүү ведомстводон жооп алганга чейин токтотулат.
23. Каза болгон камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттары мураскорлоруна “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин негизинде төлөнөт.
24. Камсыздандырылган адам пенсиялык төлөм дайындалганга чейин каза болсо жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган каражаттар анын мураскорлоруна төлөнөт.
25. Камсыздандырылган адам мөөнөттүү пенсиялык төлөм дайындалгандан кийин каза болсо, каза болгон камсыздандырылган адамга төлөнбөй калган жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоо каражаттарынын калдыктары мураскорлоруна төлөнүшү керек.
26. Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча Социалдык фонддун региондук органы тарабынан ушул Эрежелердин 3-тиркемесинде белгиленген форма боюнча эки нускада таризделген пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү же төлөөдөн баш тартуу чечими кабыл алынат.
27. Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылса, Социалдык фонддун региондук органы тийиштүү чечим чыгарылгандан кийин беш жумуш күндөн кечиктирбестен баш тартуунун себебин көрсөтүү менен алуучуга жазуу жүзүндө билдирет, ага чечимдин көчүрмөсүн берет жана арыз менен кошо берилген документтерди кайтарат.
28. Пенсиялык топтоолордун суммасы (пенсиянын топтоо бөлүгү) арыз ээсинин жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эске алынган маалыматтардын негизинде жекече эсепке алуу системасы аркылуу борборлоштурулуп эсептелет.
Социалдык фонддун региондук органы пенсиялык топтоо суммаларынын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) эсеби менен камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнөн көчүрмө берүү жөнүндө Социалдык фонддун жекече эсепке алуу башкармалыгына суроо-талап жиберет. Суроо-талапта камсыздандырылган адам жөнүндө маалыматтар камтылышы керек: идентификациялык жеке номери (ИЖН), фамилиясы, аты, атасынын аты, төлөмдүн түрү (ушул Эрежелердин 2-пунктуна ылайык). Пенсиянын топтоо бөлүгү мөөнөттүү төлөнгөн учурда суроо-талап төлөмдүн мезгили (айлардын саны) жөнүндө маалыматтарды камтышы керек.
Пенсиялык топтоолордун (пенсиянын топтоо бөлүгүнүн) суммасы эсептелген көчүрмө Социалдык фонддун жекече эсепке алуу башкармалыгы тарабынан түзүлөт жана көчүрмөнү даярдаган адистин колу жана мөөр менен күбөлөндүрүлүшү керек.
29. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) бир жолку төлөө, ушул Эрежелердин 30, 31-пункттарына ылайык төлөнгөн ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдарга бир жолку төлөөнү кошпогондо, Социалдык фонддун региондук органы тарабынан аларды алуучунун банктагы эсебине которуу аркылуу жүргүзүлөт.
Мөөнөттүү (белгилүү бир мезгилдин ичинде) пенсиялык төлөмдөр Социалдык фонддун региондук органы тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын алуучунун банктагы эсебине которуу же почта бөлүмү аркылуу ведомость боюнча же пенсия төлөө тапшырмасы боюнча которуу жолу менен төлөнөт.
Белгиленген тартипте расмий жумушсуз деп таанылган адамдарга Социалдык фонддун региондук органы тарабынан алуучунун банк эсебине пенсиялык топтоо каражаттарды которуу аркылуу төлөнөт.
Социалдык фонддун региондук органына калкка көмөктөшүү жана жумуштуулук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан расмий жумушсуз статусу тууралуу маалымкаттын ай сайын берилиши пенсиялык топтоо каражаттарын төлөөнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
Төлөм тийиштүү чечим кабыл алынган айдан кийинки айдан кечиктирилбестен жүргүзүлөт.
30. Бул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдардын арызы Социалдык фонддун региондук органы тарабынан пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн арызды алган күнү электрондук түрдө Социалдык фонддун жекече эсепке алуу башкармалыгына жиберилет.
31. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу “Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд” мекемеси камсыздандырылган адамдын, ошондой эле анын жубайынын пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө чечимди алгандан кийин пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) ырастоодо көрсөтүлгөн банк эсебине которот.
32. 6, 7-пункттарда каралган адамдар үчүн ипотекалык кредит берүүнү жокко чыгарууга же камсыздандырылган адамдын, ошондой эле жубайынын пенсиялык топтолгон суммаларын ырастоодо көрсөтүлгөн банктык эсепке которгондон кийин карыздын калдыгынын суммасынан пенсиялык топтоо каражаттарынын ашып кетүүсүнө алып келген мындай төлөмдөрдү берүүгө же алууга тоскоолдук кылган күтүлбөгөн жагдайлар (камсыздандырылган адамдын өлүмү, оорусу, ипотекалык кредиттен баш тартуусу, “МИК” ААК тарабынан каржылануучу кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөө же “МИК” ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан каржылануучу үлүштүк курулуш боюнча төлөмдөрдү төлөө, ошондой эле кыймылсыз мүлктү башка адамдарга сатуу, ипотекалык кредитти берүүгө лицензияны токтото туруу жана башка жагдайлар) болгон учурда пенсиялык топтоо каражаттары (пенсиянын топтоо бөлүгү) бул камсыздандырылган адамдын, ошондой эле жубайынын жеке камсыздандыруу эсебине которуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу “Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд” мекемесине кайтарылууга тийиш.
33. Курулуш субъекттеринде (куруучуда) күтүлбөгөн кырдаалдар келип чыккан учурда (камсыздандырылган адамдын өлүмү, оорусу, үлүштүк курулушка катышуудан баш тартуусу же пенсиялык топтоо каражаттарынын төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашып кетүүсү же башка күтүлбөгөн жагдайлар) курулуш субъекттери (куруучулар) камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоо каражаттарын бул камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу “Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд” мекемесине кайтарат.
34. Документтердин топтому менен арыз, арыз ээсинин жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүнөн көчүрмө, төлөө же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим, төлөм тапшырмасы же почталык которуунун айрыма талону Социалдык фонддун региондук органында пенсиялык иштердей эле тартипте көктөлөт жана сакталат.
35. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө реестр ушул Эрежелердин 4-тиркемесине ылайык милдеттүү тартипте ай сайын 10уна чейин Социалдык фонддун региондук органы тарабынан камсыздандырылган адамдын жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоо каражаттарын алуу тууралуу маалыматтарды чагылдыруу үчүн жекече эсепке алуу башкармасына жиберилет. Реестрлердин көчүрмөлөрү Социалдык фонддун региондук органында көктөлөт жана сакталат.
36. Социалдык фонддун жекече эсепке алуу башкармалыгы жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндөгү пенсиялык топтоо каражаттарынын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөнгөн суммасын жана төлөнгөн датасын пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө жөнүндө реестрди алган күндөн баштап бир айдын аралыгында киргизет. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө иштетилген реестр жекече эсепке алуу башкармалыгында көктөлөт жана сакталат.
37. Социалдык фонддун жекече эсепке алуу башкармалыгы пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө боюнча ар айлык чыгымдарды салыштыруу үчүн жеке камсыздандыруу эсептеринде чагылдырылган, өткөн айга төлөнгөн пенсиялык топтоонун суммалары жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна караштуу “Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонд” мекемесине берет.
38. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөөгө ай сайын керектелген суммалардын эсеби жана аларды каржылоо жалпы пенсияны төлөө үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
39. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөөдөн баш тартууга төмөнкүлөр негиз болот:
– жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоо каражаттарынын жоктугу;
– алуучулардын тийиштүү категориялары үчүн ушул Эрежелерде каралган документтердин жоктугу;
– пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө жөнүндө арыз менен кайрылган адам ушул Эрежелердин 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын категориясына кирбейт;
– камсыздандырылган адамдын Кыргыз Республикасынын чегинен сыртка туруктуу жашоого көчүп кетүү факты ырасталбаса.
12-глава. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп
саналган эл аралык макулдашуулардын жана
келишимдердин ченемдерин колдонуу
40. ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө киргенге чейин түзүлгөн камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары көчүп кеткен учурда бир жолу төлөнөт.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эмгекчилерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө макулдашуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишим күчүнө киргенден кийин түзүлгөн камсыздандырылган адамдын пенсиялык топтоолору Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары көчүп кеткен учурда камсыздандыруу учуру келгенде “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төлөнөт.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык топтоо каражаттарын төлөө 1-тиркемеси |
Форма | _____________________________ (Кыргыз Республикасынын _____________________________ Социалдык фондунун _____________________________ региондук органынын аталышы) | |||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) бир жолу төлөө жөнүндө арыз
Мен, фамилиясы:
Аты:
Атасынын аты:
Туулган датасы:
Телефон номери: _____________________________________________ Ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ: _______________________ (документтин аталышы) Сериясы
Номери
Берилди
(ким тарабынан берилди) Кыргыз Республикасынын жекече эсепке алуу системасындагы идентификациялык жеке номери (мындан ары – ИЖН):
мага пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) (керектүү вариантын белгилеңиз)
суммада төмөнкүлөргө байланыштуу төлөп берүүнү өтүнөм: c Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кетип жатканыма жана жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолор болгондугуна; c жаш курагы боюнча пенсия дайындалгандыгына; c I, II топтогу майыптыгы боюнча пенсия дайындалгандыгына (мөөнөтсүз); c майыптыгы боюнча пенсия дайындалгандыгына; c алгачкы төгүмгө же ипотекалык кредитти төлөөгө төлөмдөрдү каржылоого; c турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөөгө төлөмдөрдү каржылоого; c “МИК” ААК линиясы боюнча үлүштүк курулушка төлөмдөрдү каржылоого; c Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын үлүштүк курулушуна төлөмдөрдү каржылоого; c курулган объекттерде куруучулардан бөлүп төлөө менен төлөмдөрдү же үлүштүк курулушка төлөмдөрдү каржылоого(*); c пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) мөөнөтүнөн мурда алууга укук берген Оор оорулардын тизмегине ылайык оорунун болушуна (5-тиркеме); c камсыздандырылган адам каза болгондугуна (мураскорлорго): Каза болгон камсыздандырылган адамдын ИЖНи
Фамилиясы
Аты
Атасынын аты
(*) Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду курулуш субъекттеринде (курулушчуларда) күтүлбөгөн жагдайлар келип чыккан учурда пенсиялык топтоолорду (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө үчүн камсыздандырылган адамдын алдында жоопкерчилик тартпайт. c Мен жеке маалыматтарды иштеп чыгууга жана өткөрүп берүүгө макулмун.
Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төмөнкү реквизиттер боюнча банк эсебине которуу менен бир жолу төлөп берүүнү өтүнөм: ________________________________________ ____________________________________________________________ (банктын аталышы, банк эсебинин номери, ____________________________________________________________ өздүк эсебинин номери, банктын реквизиттери) Алуучу: _________________________________________________ _________________________ (колу) Арыз түзүлгөн дата 20___-ж. “___” _______________________________ Арызды кабыл алды: 20___-ж. “___” _______________________________ ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (кызматкердин фамилиясы, аты-жөнү, кызмат орду, колу) М. О. Катталды (журналда): 20___-жылдын “____” _____________ № _________ ____________________________________________________________ Пенсиялык топтоо каражаттарын төлөп берүү жөнүндө арыздын айрыма талону
Алуучу: _____________________________________________ ____________________________________________________________ (аты-жөнү) Арыз Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун_________ ___________________________________________ башкармалыгында (региондук органдын аталышы) катталды: 20___-жылдын “___” _________________ № ____________ .
Арызды кабыл алды: ______________________________ ____________________________________________________________ (кызматкердин аты-жөнү, кызмат орду, колу) М. О. | ||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-сентябрындагы № 578 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду тарабынан
Мамлекеттик топтолуучу пенсиялык фонддун пенсиялык
топтоо каражаттарын төлөө эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-апрелиндеги № 244 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү төлөмдөрдүн түрлөрү
3-глава. Пенсиялык топтоо каражаттарын (пенсиянын топтоо бөлүгүн) төлөө үчүн камсыздандырылган адамдардын кайрылуу тартиби
4-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
5-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 1, 2, 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиясынын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
6-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 3-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
7-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиянын топтоо бөлүгүн алуу үчүн кайрылуу тартиби
8-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 6–8-пунктчаларында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
9-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 9-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
10-глава. Ушул Эрежелердин 1-пунктунун 10-пунктчасында көрсөтүлгөн камсыздандырылган адамдардын пенсиялык топтоо каражаттарын алуу үчүн кайрылуу тартиби
11-глава. Арыздарды кароо, пенсиялык топтоолорду (пенсиянын топтоо бөлүгүн) эсептөө жана төлөө тартиби
12-глава. Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык макулдашуулардын жана келишимдердин ченемдерин колдонуу
1-глава. Жалпы жоболор
1. Пенсиянын топтоо бөлүгү жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолору бар алуучуларга дайындалат жана төлөнөт, анын ичинде:
1) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсия алуучу пенсионерлерге;
2) “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга укугу бар жана аны дайындоо үчүн кайрылган адамдарга;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоого кеткен же кетип жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга;
4) каза болгон камсыздандырылган адамдын мураскорлоруна;
5) “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсияга чыккан пенсионерлерге;
6) төмөнкү адамдарга, алардын жубайларына:
– коммерциялык банктар, башка финансы-кредиттик уюмдар аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– коммерциялык банктар аркылуу мурабаха келишими боюнча бөлүп төлөө менен турак жай сатып алуу боюнча ислам принциптеринин алкагында ипотекалык каржылоо алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары аркылуу ипотекалык кредит алып жаткан же алган, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
– “Мамлекеттик ипотекалык компания” ачык акционердик коому (мындан ары – “МИК” ААК) тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн, беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;
7) “МИК” ААК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкан адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн суммасынын калдыгынан ашпаган суммада;
8) үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына беш жүз эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада;