Загрузка документа…
КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 4-апрели № 2
Күмүштак айыл аймагына караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия курамын бекитүү жөнүндө
Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерин жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерин ижарага берүү үчүн аукцион өткөрүү боюнча жер комиссиясынын бекитип берүү жөнүндөгү Күмүштак айыл өкмөт башчысы З.Надырбаевдин 2025-жылдын 28-мартындагы №02-2/610 чыгыш сандуу кайрылуусун карап чыгып, талкуулап Күмүштак айылдык кенешинин депутаттарынын VI сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссия төмөндөгү курамда бекитилсин:
· З.Надырбаев - Күмүштак айыл өкмөтүнүн башчысы;
· М.Эсенаманов - Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты;
· Ш.Сопубеков - Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты;
· Б.Супатаев - Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты;
· Б.Абдрахманов - Күмүштак айылдык кеңешинин депутаты;
· X. Шаршеналиев - Боо-Терек айылынын тургуну;
· Бакай-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлү;
· А.Тойчубеков- Күмүштак айыл өкмөтүнүн киреше боюнча адиси.
· Дж.Аблаев – Күмүштак айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси;
2. Айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине аукцион өткөрүү боюнча комиссиянын катчысы болуп, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы дайындалсын.
3. Айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарба маселери боюнча жетектөөчү адиси Ч.Шейшенбеков айыл өкмөтүнө караштуу айыл чарба багытындагы жерлерине жана айыл чарба мамлекеттик фондусунун (АЧЖМФ) жерлерине аукцион өткөрүү боюнча аукциончу болуп дайындалсын.
4. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер, айыл чарбасы, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б. Акматов |