Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 токтомуна) Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби 1-глава. Жалпы жоболор 1. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары – Министрлер Кабинети) тарабынан ыйгарым укук берилген жактын улуттук экономиканын субъекттерине кепилдик берүү жол-жобосун жөнгө салат. 2. Кепилдик Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитети менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын резиденттери – юридикалык жактарга улуттук экономиканын субъекттеринин (мындан ары – субъекттер) кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында берилет. Кепилдик тиешелүү документтер менен ырасталган инвестордун долбоорду каржылоого катышуусу долбоордун жалпы наркынын 30 (отуз) пайызынан кем эмесин түзгөн учурларды кошпогондо, инвестициялык макулдашуулар боюнча субъекттердин милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн берилиши мүмкүн эмес. 3. Кепилдиктин максаты – Кыргыз Республикасынын экономикалык, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле экономиканын тармактарынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн колдоо. 4. Кепилдик кредит, лизинг же банктык кепилдик боюнча күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган милдеттенмелерди толугу менен же анын бир бөлүгүн камсыз кылуу үчүн берилет. 5. Эгерде Министрлер Кабинетинин чечими менен башкача белгиленбесе, кепилдик кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө берилет. 6. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат: 1) улуттук коопсуздук – инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын ички жана тышкы коркунучтардан корголушунун кепилденген абалы; 2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, координациялык жөнгө салуу жана аткаруу функцияларын аткаруу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы; 3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүктүрүү жаатында жана салык чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы; 4) кепилдик – кепилдик берүүгө Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жак тарабынан берилүүчү улуттук экономиканын субъекттеринин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу механизми; 5) азык-түлүк коопсуздугу – республиканын азык-түлүккө көз карандысыздыгын камсыз кылуучу жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берүүчү Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы; 6) экономикалык коопсуздук – бул улуттук экономиканын тышкы жана ички коркунучтардан корголушунун абалы, экономикалык системанын туруктуулугунун узак мөөнөттүү абалы, ошондой эле экономикалык иштин субъекттеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган экономикалык өнүгүү жөндөмдүүлүгү, татыктуу жашоо деңгээлин колдоо жөндөмдүүлүгү; 7) кепилдик каражаттары – кепилдик берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн кепилдик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн акча каражаттарынын жыйындысы. Кепилдик каражаттары кепилдик берүүчүнүн учурдагы ишин, анын ичинде кийин милдеттүү түрдө чыгымдалган каражаттардын ордун толтуруу менен административдик, уюштуруучулук жана башка операциялык чыгымдарды камсыз кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн; |