Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 605 токтомуна )
Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-декабрындагы № 799, 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 1-июлу № 454, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан ыйгарым укук берилген жактын улуттук экономиканын субъекттерине кепилчилик берүү жол-жобосун жөнгө салат.
2. Кепилчилик кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча улуттук экономиканын субъекттеринин (мындан ары – субъекттер) милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдүү комитети менен макулдашуу боюнча Министрлер Кабинетинин чечими боюнча Кыргыз Республикасынын резиденти болуп саналган юридикалык жактарга берилет.
Кепилчилик тиешелүү документтер менен ырасталган инвестордун долбоорду каржылоого катышуусу долбоордун жалпы наркынын 30 (отуз) пайызынан кем эмесин түзгөн учурларды кошпогондо, инвестициялык макулдашуулар боюнча субъекттердин милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу үчүн берилиши мүмкүн эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кепилчиликтин максаты - Кыргыз Республикасынын экономикалык, улуттук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле экономиканын тармактарынын туруктуулугун жана өнүгүүсүн колдоо.
4. Кепилчилик кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча милдеттенмелерди толугу менен же күрөөлүк камсыздоо менен жабылбаган бөлүгүн камсыз кылуу үчүн берилет.
Ошол эле учурда субъекттин күрөө менен толук камсыз кылынбаган милдеттенмелери боюнча кепилчилик берүүгө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде өлкөнүн экономикалык жана/же улуттук коопсуздугун камсыз кылуу менен байланышкан учурларда гана жол берилет.
Ушул пункттун жоболору ушул Тартиптин 41-пунктунда каралган талаптарды эске алуу менен колдонулат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
41. Кепилчиликтин өлчөмү кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган карыздын негизги суммасын, эсептелген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү камтыган кредит, лизинг, банктык кепилдик же подряд келишими (макулдашуусу) боюнча субъекттин милдеттенмелеринин жалпы суммасынын 80 пайызынан ашпоого тийиш.
Кредит берүүчү менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимде каралган карыздын негизги суммасын, эсептелген пайыздарды жана башка төлөмдөрдү камтыган кредит, лизинг, банктык кепилдик, подряд келишими (макулдашуусу) боюнча милдеттенмелердин жалпы суммасынын 100 пайыз өлчөмүндө төмөнкүлөргө карата кепилчилик берүүгө жол берилет:
– мамлекеттик жана муниципалдык органдарга, ишканаларга жана мекемелерге;
– уставдык капиталындагы катышуу үлүшүнүн 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке таандык болгон субъекттерге;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо боюнча комиссия тарабынан улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмесине киргизилген долбоорлорду ишке ашырууда уюштуруучулук-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан субъекттерге.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кепилчилик кредит берүүчү жана/же контрагент менен субъекттин ортосунда түзүлгөн келишимдин колдонуу мөөнөтүнө берилет жана кепилчилик берүүчүнүн милдеттенмелери аткарылгандан кийин өз аракетин токтотот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул Тартипте төмөнкүдөй аныктамалар колдонулат:
1) улуттук коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин өтө маанилүү кызыкчылыктарын ички жана тышкы коркунучтардан корголушунун кепилденген абалы;
2) бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - бюджеттик жана финансылык чөйрөлөрдө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, координациялык жөнгө салуу жана аткаруу функцияларын аткаруу үчүн Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
3) экономикалык болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети тарабынан экономикалык өнүктүрүү жаатында жана салык чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин борбордук органы;
4) кепилчилик - кепилчилик берүүгө Министрлер Кабинети ыйгарым укук берген жак тарабынан берилүүчү субъекттин финансы-кредиттик, эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылуу механизми;
5) азык-түлүк коопсуздугу - республиканын азык-түлүккө көз карандысыздыгын камсыз кылуучу жана тамак-аш азыктарын керектөөнүн белгиленген минималдуу ченемдерине ылайык калк үчүн азык-түлүктүн физикалык жана экономикалык жеткиликтүүлүгүнө кепилдик берүүчү Кыргыз Республикасынын экономикасынын абалы;
6) экономикалык коопсуздук - бул улуттук экономиканын тышкы жана ички коркунучтардан корголушунун абалы, экономикалык системанын туруктуулугунун узак мөөнөттүү абалы, ошондой эле экономикалык иштин субъекттеринин керектөөлөрүн канааттандыруу жана кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган экономикалык өнүгүү жөндөмдүүлүгү, татыктуу жашоо деңгээлин колдоо жөндөмдүүлүгү;
7) кепилчилик каражаттары - кепилчилик берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу үчүн кепилчилик берүүчүнүн уставдык капиталын көбөйтүүгө багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен түзүлгөн акча каражаттарынын жыйындысы.
Кепилчилик каражаттары кепилчилик берүүчүнүн учурдагы ишин, анын ичинде кийин милдеттүү түрдө чыгымдалган каражаттардын ордун толтуруу менен административдик, уюштуруучулук жана башка операциялык чыгымдарды камсыз кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн;
8) кепилчилик берүүчү - Министрлер Кабинети тарабынан кепилчилик берүүгө ыйгарым укук берилген жак;
9) кредит берүүчү - субъектке кредит, лизинг берүүчү жана белгиленген мөөнөттө берилген акчаны же мүлктү кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу уюм;
10) улуттук экономиканын субъекти - Кыргыз Республикасынын аймагында мыйзамда белгиленген тартипте катталган жана ушул Тартипте белгиленген критерийлерге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк, коммерциялык, финансылык же башка чарбалык ишти жүзөгө ашырган юридикалык жак.
11) тармактык мамлекеттик орган - экономиканын тиешелүү тармагында мамлекеттик саясатты жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы.
12) негизги келишим – кредиттик келишим, финансылык ижара (лизинг) келишими, банктык кепилдик берүү жөнүндө келишим, подряд келишими (макулдашуусу);
13) контрагент – негизги келишимдин тарабы болуп саналган жак, анын пайдасына подряд келишими (макулдашуусу) боюнча субъекттин милдеттенмелерин аткаруу камсыз кылынат. Контрагент деп заказчы субъекттин милдеттенмелеринин аткарылышы камсыз кылынган подрядчы түшүнүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371, 2026-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
61. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган милдеттенмелер боюнча кепилчилик берүүчүнүн каражаттарынын ликвиддүүлүгүнө жыл сайын мониторинг жүргүзөт жана белгиленген тартипте республикалык бюджетте каражаттарды карайт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 26-майындагы № 371 токтомунун редакциясына ылайык)