Редакцияот 13.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2024-жылдын 13-февралындагы № 25

“Тарифти бекитүү жөнүндө”

«Восток Запад Транзит» ЖЧКсынын мүдүрү Б.Б. Асаналиев күйүүчү-майлоочу майлардын жана автотранспорттун тетиктеринин кымбатташына байланыштуу Новое айылы – Дачалар – Бишкек №312 маршруту боюнча жол кире акысын көтөрүү тууралуу сессиянын отурумунда арызын карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 19-июлдагы «Автомобилдык транспорту» Мыйзамынын 11-беренесине ылайык Кызыл-Туу айылдык Кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Новое айылы - Дачалар - Бишкек №312 маршрутунун жол кире акысы төмөнкү жаңы тариф менен  бекитилсин:

- Новое  а.  –  Бишкек ш.  – 50 сом

- Кызыл-Туу а. – Бишкек ш. – 45 сом

- Кара-Сакал а. –  Бишкек ш. – 45 сом

- Маловодное а. – Бишкек ш. – 45 сом

-  Новое а. –  Маловодное (бугор) – 30 сом

- Кызыл-Туу а. - Маловодное (бугор)  – 25 сом

- Кара-Сакал а. –  Маловодное (бугор)  – 25 сом

- Маловодное а. – Маловодное (бугор) – 20 сом

- айыл аралык каттам – 15 сом

- Окуучулар үчүн жол кире – 10 сом

-  Жүк ташуу (багаж)  – 40 сом

2. Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Ту айылдык кеңешинин 18.02.2022-жылдагы №17 “Тарифти бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

 

Айылдык кенештин төрагасы

 

М.Б. Суюналиев