Загрузка документа…
Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы”
атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу боюнча кеңешти түзүү жана анын ишин уюштуруу
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 227 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип “Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык кабыл алынды жана Өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы “Тамчы” атайын финансылык инвестициялык аймагын (мындан ары – “Тамчы” АФИА) башкаруу боюнча кеңешти (мындан ары – Кеңеш) түзүүнүн негиздерин, курамын, компетенциясын, ыйгарым укуктарын, ошондой эле анын ишин уюштурууну аныктайт.
2. Кеңеш Кыргыз Республикасынын жана инвестордун кызыкчылыктарынын тең салмактуулугун камсыз кылган, “Тамчы” АФИАнын ишин стратегиялык башкаруучу жана контролдоочу туруктуу иштеген жогорку коллегиалдуу орган болуп саналат.
3. Кеңеш өз ишин ачык-айкындуулук, жоопкерчилик жана корпоративдик башкаруунун эң мыкты эл аралык стандарттарын сактоо принциптеринде жүзөгө ашырат.
4. Бул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар, эгерде бул Тартипте башкача каралбаса, алар Мыйзамда кандай мааниде пайдаланылса, ошол мааниде колдонулат.
2-глава. Кеңештин максаты жана милдеттери
5. Кеңешти түзүүнүн максаты “Тамчы” АФИАны түз чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, финансылык секторду өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын атаандаштыкка жөндөмдүү жана ишенимдүү юрисдикция катары статусун чыңдоого өбөлгө түзүүчү алдынкы эл аралык финансылык-инвестициялык борбор катары өнүктүрүү үчүн анын ишин стратегиялык жетектөөнү, координациялоону жана контролдоону камсыз кылуу болуп саналат.
6. Кеңештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) “Тамчы” АФИАны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын жана көрө билүүсүн аныктоо, бекитүү жана алардын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү;
2) “Тамчы” АФИАнын ишинин финансылык рынокторду жөнгө салуу, ошондой эле акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү жаатындагы эл аралык стандарттарга (FATF, IOSCO, Базель комитетинин стандарттарын кошо алганда) шайкеш келүүсүн камсыз кылуу;
3) банктык, камсыздандыруу, фонддук ишти, финансылык технологияларды, блокчейн жана виртуалдык активдерди кошо алганда, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү жана диверсификациялоо үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;
4) “Тамчы” АФИАнын туруктуу ишин камсыз кылуу, анын ичинде зарыл болгон инфраструктураны, кадрдык потенциалды жана билим берүү программаларын өнүктүрүү (DIFC Academy сыяктуу мыкты эл аралык практикалардын, ошондой эле башка алдынкы эл аралык практикалардын мисалында);